Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун Кыргызстанга пайдасы жок экенин айтып чыкты.

Беш жылдан ашуун убакыттан бери көтөрүлүп келаткан бул долбоор чындыгында эле Кыргызстанга пайдасы жокпу?

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу идеясы 1995-жылдары эле пайда болгон. Анда жолдун эки багыты сунушталган. Биринчи багыт боюнча темир жол Өзбекстандан Кытайга Эркеч-Там аркылуу өтсө, экинчиси Торугарт аркылуу өтүш керек болгон.

Кыргызстан Торугарт аркылуу өтүүчү багытты тандап алган. Анткени бул долбоор аркылуу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн темир жол менен туташтырып алууну көздөгөн.

Кечээ жакынга чейин эле кыргыз бийлиги бул жолго артыкчылык берип келген. Ал эмес, президенттин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясына да бул долбоор киргизилген.

Бирок 16-декабрдагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун Кыргызстанга пайдасы жоктугун билдирип чыкты:

​- Эми ачыгын айтууга мезгил келди окшойт, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жолу Кыргызстандын бир дагы проблемасын чечпейт. Бул жол Кытайга жана Өзбекстанга керек. Биз башка вариантты сунуштайбыз. Ал биринчи кезекте Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын көздөйт. Анткени биз темир жол Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн туташтыруусун каалайбыз. Ошол эле кезде ал жол Кытай менен Тажикстанды, керек болсо Өзбекстан менен байланыштырат. Мен жолдун бул вариантын Кытай төрагасы, урматтуу Си Цзинпин мырзага бердим. Дагы бир жолу белгилеп кетейин, биз биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгына жараша чечим кабыл алабыз. Анткени биз бул жолду курсак, анда биз Кыргызстанга керек болгон экинчи жолду кура албайбыз.

Экинчи жол - бул Тажикстан - Кыргызстан - Казакстанды туташтырган темир жол. Бул долбоорду кыргыз бийлиги акыркы кезде көтөрүп, аны Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынынын күн тартибине да сунуштаган. Кыргыз тарап эгерде Жамааттык коопсуздук келишими аскерий блок катары натыйжалуу болгусу келсе, анда алардын бирдиктүү темир жолу болуш керектигин жүйөө коюп келет. Бирок бул долбоор акчалуу Казакстан жана Орусия тараптан колдоо тапканы байкала элек.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу Кыргызстандын бир дагы проблемасын чечпейт.
Ал эми Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Кытай акча табууга макул болуп, анын техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн да каражат бөлгөн. Бул долбоор үчүн 2 млрд. доллардан 4 млрд. долларга чейин каражат кетери да алдын ала эсептерде аныкталган. Техникалык-экономикалык негиздеме да быйылкы жылдын соңуна карай даяр болушу керек эле.


Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан транзиттик өлкө болууну кааласа, анда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жолу керек деп эсептейт:

​- Негизинен пайдалуу. Бирок шарттарын караш керек. Жолдун эни кандай болот, каражат кайдан келет, аны ким иштетет? Ушулардын баары каралыш керек. Биз транзиттик мамлекет болобуз деп концепцияда айтылып жүрбөйбү, эгерде ошондой болсо, анда башка сөз. Жок андай эмес, биз өзүбүзчө туюк мамлекет болобуз десе, анда башка сөз...

Аликбек Жекшенкулов президент Алмазбек Атамбаевдин темир жол боюнча позициясынын өзгөрүүсүн түшүнүксүз катары баалады.

"Кемин" подстанциясын куруп жаткан кытайлык жумушчулар. 1-август, 2012.

"Кемин" подстанциясын куруп жаткан кытайлык жумушчулар. 1-август, 2012.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууда Кыргызстан аймагынан өткөн жерлердеги кен байлыктар кытайларга берилет, темир жолдун курулушу менен Кытайдан миграция агымы күчөйт деген бүйүр кызыткан түкшүмөлдөр эл ичинде айтылып келген.

Кытайдын темир жолунун эни тар келип, ал КМШ аймагындагы стандартка төп келбеши да чечилбей келаткан маселелерден болгон. Андан сырткары Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу Кытай - Казакстан темир жолуна, Кытай - Орусия темир жолуна атаандаш болоору, Кытайдын Борбор Азия чөлкөмүнө кирүүсүнө, таасирин күчөтүүсүнө эң мыкты шарт түзөрү да айтылып келген.

Ошондуктан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруунун экономикалык эле эмес, геосаясий жана аскерий да мааниси олуттуу болгондуктан, орус эксперттери тарабынан өгөйлөнүп келаткан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG