Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Тажикстанда эткел аялдар көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тажикстандык аялдардын 40%, ал эми кыргыз аялдарынын 14,2% ашыкча салмактан жапа чегишерин жарыялады.

Үч баланын энеси, Кожент шаарынын тургуну Хавасма Назарова эки ай мурда 90 килограмм болчу. Семиздиктин зыяны тууралуу дарыгерлерден угары менен ал салмагын азайтуу аракетин көрүп келет:

- Турмушка жаңы чыккан кезде салмагым 50 килограмм эле болчу. Башка кыздардай эле «кумурска» белдүү элем. Кийин толо берип, минтип 90 килограмм болуп калдым. Чынын айтсам, семиздиктен кыйналат экенсиң. Дем алуум оорлоп, кичине эле жөө бассам энтигип, чарчап калчумун. Азыр бир топ чуркап, ар нерсе менен машыгып атып 70 килограммга арыктадым.

Бул Тажикстандагы бир эле аялдын окуясы. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму соңку эсебинде тажик кыз-келиндеринин 40% ашууну адаттан тыш семирип кеткенин аныктаган. Ашыкча салмактуулар өзгөчө чоң шаарларда, анын ичинде Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүдө көп экени аныкталган. Ошол себептүү адистер тажик аялдарын жашоо образы менен тамактануу режимин толук өзгөртүүгө чакырууда.

ДСС уюмунун аймактык өкүлү Жао Брео мунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Семирип кетүү коркунучу өзгөчө шаарларда басымдуу. Анткени айылда аялдар көп-көп кыймылдап, басышат. Шаардагы кыз-келиндер болсо кеңседе иштейт, ары-бери көп басышпайт, натыйжада аз эле убакытта толуп кетишет. Ошондой эле шаарда тамактануу эрежелерин туура эмес сакташат. Маселен, жашылча-жемиштерди көп жешпейт.

Жао Брео белгилегендей, ашыкча салмак кошуу өзгөчө боюнда бар аялдардын ичинде арбын кездешкен:

-Тажикстанда жүрөк - кан тамыр оорулары, диабет өсүп кеткени да мына ушу семирип кетүүгө байланыштуу. Май басып кетүү өзгөчө кош бойлуу энелерге өтө зыян.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эки жылдык иликтөөсү көрсөткөндөй, Тажикстанда аялдар 30-35 жаштан кийин кескин салмак кошо баштайт. Өлкөнүн Тамактануу процессин иликтөө борборунун башчысы Хотамбек Хайдаров мындай деди:

- Ашыкча салмак кошуу жакыр үй-бүлөлөрдө да, бай жашаган катмарда да бар. Бул финансылык абалга көп байланыштуу эмес. Бул кыймылсыздыктан жана туура эмес тамактануудан улам келип чыгууда. Нан азыктарын, май жана шириндиктерди нормадан көп жегенден улам да адам семирет. Бизде тажик келиндери көбүнчө үйдө отургандыктан да аялдардын арасында семирүү көп болушу мүмкүн.

Европа өлкөлөрүндө ашыкча салмак кошуп алган аялдар 50% чейин жетет. Ушул нукта кетсе жакын арада тажик кыз-келиндеринин жарымы семирип кетишерин дарыгерлер эмитен эле айта баштады. Ошол себептүү алар тажик аялдарын туура тамактанып, ден соолугуна олуттуу кароого чакырууда. Мүчөнү бир калыпта кармоо бул бир эле сулуулук үчүн эмес, оорулардын алдын алуу үчүн да маанилүү жагдай экенин адистер белгилешет.

Ашыкча салмак көйгөйү кыргызстандык аялдар үчүн олуттуу маселе. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдоосу боюнча, Кыргызстанда эркектердин 5%, аялдардын 14,2 % семирип, өнөкөт илдетке чалдыккандар. Семирип кетүү жагынан Кыргызстан КМШдагы 15 өлкөнүн ичинен 10-орунда турат. Ал эми ашыкча салмактуу калктын саны эркектерде 34,5 %, аялдарда 43,9 %.

Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиянын профессору, врач-хирург Акылбек Мусаев буларды айтты:

- Толуктук адамдын саламаттыгына абдан терс таасирин тийгизет. Биринчиден, кан айлануу системасы жабыркайт. Кишиде май канчалык көп болсо, ошонун баарына кан барып, кычкылтек менен камсыз болушу керек. Андан биринчи эле жүрөк менен өпкө кыйналат, уйку без жабыркайт. Келип чыгуу себептери жалпыга маалым болгондой, туура эмес тамактануу, майлуу, ун азыктарын, таттууларды көп жегендик, кыймыл-аракетсиз жашоо образы. Акыркы мезгилде айрыкча кыргыз аялдарынын арасында ашыкча май басып, семирип кеткендерди көп байкап жатам. Бул да болсо аялдардын таттуу, ундан жасалган тамактарга жакындыгынан улам болууда.

Азыркы тапта дүйнөдө эки миллиардга чукул киши ашыкча салмактан жабыркоодо. 2008-жылдагы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчетунда 20 жаштан жогору кишилердин 35% ашыкча салмактуу, 11% семиздик илдетине чалдыккан. Беш жашка чейинки 42 миллион бала ашыкча салмак менен катталган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG