Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Кыргызстан радикал топторго баш калкабы?


Кыргызстандын коопсуздук кызматы экстремисттик топторго каршы күрөшкө даярбы?
Кыргызстандын коопсуздук кызматы экстремисттик топторго каршы күрөшкө даярбы?

Казакстан экстремисттик топторго каршы күрөштү күчөтсө, ал агымдардын Кыргызстанга башка калка издеп, кирип келүү коркунучу бар.

Бул тууралуу кыргызстандык талдоочулар белгилешүүдө. Алардын айтымында, бул жагдай Кыргызстандагы ансыз да татаал диний абалды курчутуп, коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн.

Кошунанын саясаты кошунаны чочутат

Кыргызстандагы “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов казак бийлиги Тараз шаарындагы адам өмүрүн алган жардыруудан кийин диний-экстремисттик агымдарды көзөмөлдөөнү күчөтсө, ал жактагы радикал топтордун Кыргызстанга кирип келүү коркунучу бар деп эсептейт:

- Азыр Казакстанда жүргүзүлчү репрессивдик машинадан качып, бул уюмдардын байистүү, аны менен бирге радикал мүчөлөрү, дегеле башка жамааттар да Кыргызстандын аймагынан баш калка издеп келиши мүмкүн. Анткени Кыргызстан Казакстанга кошуна жана жалпы көп окшоштуктары бар. Бул жерде аларга иштегенге жана баш калка кылганга мүмкүнчүлүк болот. Ал радикал топтор Кыргызстандагы байистүү жамааттарга таасир этип, аларды радикалдаштырат деген коркунуч бар.

Тараздагы кол салуудан кийин, 12-ноябрь, 2011-жыл
Тараздагы кол салуудан кийин, 12-ноябрь, 2011-жыл
Ал эми өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Табылды Орозалиев Кыргызстандын өзүндө да азыр диний кырдаал татаал экендигин айтты.

- Биздеги диний кырдаалды казактардыкына караганда жакшы деп айта албайбыз. Диний жагдай бизде да кыйла оор. Себеби 2009-жылдарга караганда Кыргызстанда радикал топтор бир топ баш көтөрүп калды.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан динге көбүрөөк эркиндик берген өлкө катары саналып келет. Бирок талдоочулар мунун арты мамлекетке чоң коркунуч алып келиши мүмкүн экендигин да белгилешүүдө. Президенттик аппараттын анализдөө бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кыргызстанда шектүү делген уюмдардын ишмердиги көзөмөлгө алынбай келатканын айтууда.

- Алар ким менен эмне иш кылып жатат? Кайсы жаштар менен кандай багытта иш жүргүзүп жатат? Муну ойлогон жана караган киши жок. Аларга жаштар гана эмес, улуу муун да кошулууда. Бул уюмдар катарына аялдарды да тартып жатат.

Диний саясат кандай болуш керек?

Кошуна Казакстан өткөн айда диний саясатын катаалдаштырып, “Диний ишмердик жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алган. Анда мамлекеттик мекемелерде диний ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынып, диний уюмдарды каттоо татаалдашкан болчу.
Кадыр Маликов
Кадыр Маликов
Дин иштери боюнча комиссиясынын өкүлү Табылды Орозалиев өлкөнүн коопсуздугу үчүн Кыргызстан да ушул кадамга барууга аргасыз экендигин кошумчалады. Ал эми талдоочу Кадыр Маликов өкмөттүн диний саясаты басым-кысымдарга негизделбеши керек деген ойдо:

- Бизге кошуна өлкөлөр сыяктуу репрессиялык аракеттерди кылбай, бейтарап позицияны карманганыбыз жакшы. Биз азыр Кыргызстанда гана эмес, жалпы чөлкөмдөгү кошуна мамлекеттердеги абалды жана Жакынкы Чыгыштагы өзгөрүүлөрдү эске алып, баарын так жана терең талдап иш жасаганыбыз оң. Ушулардын баарын эске алуу менен Кыргызстандын узак мөөнөттүү диний саясатын иштеп чыгышыбыз зарыл. Анда биринчиден, улуттук кызыкчылыктар, экинчиден, исламдын өлкөдөгү ролу эске алынышы керек.

Окуялардагы окшоштуктар

Тараздагы окуяга чейин эле Казакстанда бир нече жардыруулар орун алган. Октябр айында Атрауда болгон жардырууларды “Халифат жоокерлери” аттуу мурда аты белгисиз уюм өз мойнуна алып, казак бийлигин динди чектөөдөн баш тартууга чакырган болчу.

Талдоочулар булардын идеологиялык максаттары Кыргызстанда аракеттенген диний экстремисттик топтор менен жакындыгын айтышууда.

Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлү Табылды Орозалиев Кыргызстанда жыл башында террорчулук кылды деп табылган “Жайшул-Махди” уюмдун аракеттери менен Казакстанда жасалган окуялардын окшоштугун айтууда.

- Казак тараптын айтышынча, азыр Таразда, мурдарак Ак-Төбөдө болгон окуяларды “Салафиттик жихадисттер” уюштурган экен. Көз салып көрсөк, бизде болуп жаткан окуялар, башка айтканда Арашандагы окуяга катышкан “Жайшул-Махди” уюмунун өкүлдөрү да “Салафиттик жихадисттер” болгон деген пикирлер бар.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, радикал топтор социалдык теңсиздиктен улам да келип чыгат жана ага шыкакчы болгон күчтөр да арбын.

- Таанышы барлар, акчасы барлар үстөмдүк кылып, калгандарынын укугу тебеленип калган кезде дайыма нааразычылык болот. “Бул болбойт, демократия деген ушундай нерсе, эч качан адилеттик болбойт, байыганы байып, жакырланганы жакырлана берет. Халифат куруп жашамайынча ушундай боло берет” дегендерди ээрчип кетишет.

Кыргызстанда расмий террористтик жана экстремисттик деп табылган 8 диний уюм бар. Алардын ичинен Кыргызстанда “Хизб-ут Тахрир” диний партиясынын мүчөлөрү саны арбын экендиги айтылып келатат.

XS
SM
MD
LG