Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Жергиликтүү телеканалдардын техникалык жана мазмундук сапатын жакшыртуу менен Кыргызстанда маалымат коопсуздугун камсыз кылууга болот. Адистер облустук каналдарды каражат жоктугунан губернатор, башка чиновниктердин кызыкчылыгын чагылдыруудан арыла албай жатат деп сындаса, телеканал жетекчилери мындай пикирлерди четке кагууда.

Медиа эксперт Илим Карыпбековдун айтымында, Кыргызстандын түштүгүндө Өзбекстан менен Тажикстандын, түндүгүндө Казакстан, Кытай жана Орусия телеканалдарынын таасири күч. Алардын көрсөтүүлөрү бир топ сапаттуу чыгып жаткандыктан көрүүчүлөрдүн көбү ошол каналдарды көбүрөөк көрөт.

“Кыргыз бийлиги маалымат каражаттардын өнүгүүсүнө көңүл бурбай, ар бири өз киндигин өзү кесип иштөөдө”,-дейт Карыпбеков.

- Эл деле саясий талаш-тартыштан тажап, сапаттуу берүүлөрдү, маалыматты көргүсү келип калды. Азыр ММКлар өз алдынча эле өнүгүп, өздөрү эптеп каражат таап иштеп атат. Ошондуктан да өздөрүнө кызыкдар адамдардын же тиги киши, бул кишинин позициясын көрсөтөм деп аракет кылып атышат. Кыргызстанда кандай маалымат саясаты, маалымат коопсуздугу болушу керектигин ойлогон эч ким жок.

Жергиликтүү телеканал жетекчилери болсо техникалык сапаттын начардыгын моюнга алышууда. Баткен облустук телекомпания директору Алтынай Арстанбекова өздөрүнүн жеке каналы жок болгондуктан аймактагы көп окуялар чагылдырылбай калып жатканын айтат.

"Баткен" каналы коомдук телерадио аркылуу облуста аптасына бир саат гана чыгат экен. Учурда өзүнчө канал алууга аракет кылып жаткан менен жетекчи айым азырынча компания техникалык жагынан да, кадр жагынан да даяр эместигин ачыктады.

Алтынай Арстанбекованын пикиринде, кыргыз тилдүү берүүлөрдүн көбү саясатташып кеткен. Көңүл ачуучу, таалим-тарбиялык маанидеги программалардын аздыгы башка өлкөлөрдүн берүүлөрүн, тасмаларын көрүүгө мажбур кылууда.

- КТРК биздин көп аймактарда тартпайт, ЭлТР да көп айылга жетпейт. Ошондуктан биздин облустук ТВ жетсе жакшы болот эле. Ал үчүн бизге күчтүү техникалык жабдык керек, кадрларды окутуп, даярдап алышыбыз керек.

Идея да, сунуш да жок

"Интернюс-Кыргызстан” уюмунун директору Мария Раснер аймактык маалымат каражаттарынын сапаттык, мазмундук жактан жакшыруусу маалыматтык коопсуздукту камсыз кылат деп эсептейт.

- Бизге берген арыздардан улам, тилекке каршы, жаңы идеяны көргөн жокмун. Ал тургай арыздын өзү да жок. Көрүүчүгө бир эле нерсени кайра-кайра бере бергенде ал тажайт. Азыр пульт деген чоң күч бар, мындай учурда оңой эле башка каналга буруп койот. Эгер биздин каналдар коёндой окшош нерселерди берип, маалымат жыйындарды, Жогорку Кеңештин сессиясын чагылдыра берсе көрүүчү андан кызыктуурак каналга өтүп кетет.

Облуста күнүнө 10 саат чыккан "Жалал-Абад" телеканалынын жетекчиси Куттумедин Базаркулов "берүүлөрдүн сапаты начар" деген эксперттердин сындарына кошула бербейт.

- Мен бул ойго кошулбайм. Мисалы жергиликтүү каналдардын да жергиликтүүдөй кызыгы бар. Ушул күнү облуста эмне болуп атат деген көрсөтүүлөрдү даярдайбыз, автордук берүүлөр чыгат. Жергиликтүү каналдардын көбүнүнүн передатчиктери жок. Маселе ушунда болуп атпайбы.

Кубат Оторбаев
Дээрлик республиканын бардык аймактарына тараган Коомдук телерадио компаниясынын жетекчиси Кубат Оторбаев бул маселелерди өлкөдө жалпы медиа рыноктун өнүкпөй жатышы менен байланыштырыт.

- Медиа рынок деле жалпы экономиканын бир бөлүгү. Алардын абалы жалпы мамлекеттин абалын көрсөтөт. Мисалы миллиарддаган доллар акчалар тегеренип аткан Орусиянын телекомпаниялары менен биздин бюджети тартыш компаниялар кантип атаандаша алат? Ошол эле Казакстан менен Өзбекстанда котормолор үчүн миллиондогон долларлар бөлүнөт. Бизде ага бир да тыйын бөлүнбөйт.
Азыр пульт деген чоң күч бар, мындай учурда оңой эле башка каналга буруп койот.


Мындар ары маалымат каражаттары менен Маданият жана маалымат министрлигинин алдында түзүлгөн департамент иш алып барат. Департаментти түзүү боюнча токтом кабыл алына элек, бирок учурда структурасы иштелип жатканы маалымдалды.

Министрликтин башкы адиси Кадырбек Абдраев департамент аймактык жана жалпы маалымат каражаттардын сапатын жакшыртуу, бюджет маселелерин чечүүгө көмөк болорун белгиледи.

Кыргызстанда ушул кезде эки миңден ашуун маалымат каражаты катталган. Эксперттер 2011-жылы боло турган президенттик шайлоо алдында алардын саны дагы көбөйөт деп болжолдошууда. Катталган ММКлардын ичинен 10% гана активдүү деп эсептелет экен.
XS
SM
MD
LG