Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Өлкөдө чечендер 95 миӊден эки миӊи эле калса да, бул жерден кетпей, өнүгүүгө өз салымын кошууда.

Ар кандай маалыматтар боюнча, азыр дүйнөдө чечендердин саны бир жарым миллионго чамалап калды. Анын азганактай гана бөлүгү Кыргызстанды байырлайт. Өз тилинде «нохчий» деп аталган этностун көбү Чүй аймагында отурукташкан.




Дедик хил ха - Кутман күн!

Чечендер отурукташкан конуштардын бири – Лебединовка айылы. Бишкектин түндүк-чыгышындагы бул чоң айылда чечендердин чакан хутору бар. Анда элүүгө жакын чечен үй-бүлө жашайт.

Бул элдин маданияты, салты, тарыхы жана кыргызстандык чечендердин жашоосу менен таанышуу үчүн хутордогу таанымал жана кадырлуу адамдар менен баарлаштык. Алардын бири – 66 жаштагы Хусейн Сулумов.

Кыргызстандагы чечендерден баары жакшы билген Хусейн ата алгач бизди учурашуу салты менен тааныштырды.

- Эгер сен курактуу бала мени менен учурашып жатса, ал мага Ассалому алейкум деп айтпайт. Ал мени кучактайт, мен аны кучактайм. Жаштар улууга колун бербейт, алар кучакташат. Бул чоң сыйдын белгиси. Ал кол бергенден уялат, анткени азырынча ага татыктуу эмес.

Хусейн ата Ассолому алейкум деген сөз кайсы учурда колдонулаарын да түшүндүрдү:

- Куран окуп жатканда, кишилер тамактанып жатканда да биз ассалому алейкум деп айтпайбыз, анткени анда шарт боюнча баары туруш керек болот да. Эгер ассалому алейкум деп тамак үстүнө кирип барсаңыз, тамак ичип жаткандар шашып-бушуп ордунан тура калыш керек, анда тамагына бирдеме тыгылып калса эмне болот? Анда салам айтып кирген киши күнөөлүү болот! Ушул эки учурдан башка убакта Ассалом алейкум деп учураша беришет. Айымдар Ассалому алейкум деп учурашпайт. Алар Дедик хыл ха, Нашукшыл деп учурашат.

Чечендерде да Кыргызстандагы башка көпчүлүк улуттардай эле бай-кедейине жана башка айырмачылыктарга карабай баары теӊ мамиле күтөт экен.

Кавказдан Ала-Тоого... күч менен...

Эми чечен элинин тарых-таржымалына кайрыла кетели. Өздөрүн вайнах деп атаган элдин мекени Орусиянын түштүгүндө – Кавказ тоо этектеринде жайгашкан. Азыркы ырасмий аталышы Чечен Республикасы. 90-жылдары чечендер эгемен болобуз деп чыгып, эки жолку согуштан кийин Орус Федерациясынын курамында калды. Чеченстандын тунгуч президенти Жохар Дудаев 90-жылдардын башында Кыргызстанга келип кеткен.

Эми чечендер Ала-Тоого кантип келип калганына токтололу. 1944-жылы Сталиндин буйругу менен чечендер менен ингуштар өз мекенинен күч менен Орто Азияга көчүрүлгөн.

Ал көчүрүү кандай кыйынчылык, азап, муң менен коштолгонун чечендердин кийинки мууну азыр улуулардан гана угуп калды. Азыр ошондо келген чечендерден бирин-серини гана калды.

Кыргызстандагы чечендердин маданий борборунун башчысы Аднан Жабраилов улуулардан уккан бул күчтөп көчүрүүнү мындайча сүрөттөп берди:

- 1944-жылдын 23-февралында чечендер мал ташыган вагондорго салынып, Казакстанга, Кыргызстанга жана бир аз санда Өзбекстанга жөнөтүлгөн. Кыргызстанга 95 миӊ чечен жана ингуш көчүрүлгөн. Чечендер Кыргызстанга марттын башында келишти. Менин атам ошондо бейишке эле келгендей болдук деп эстейт эле. Анткени Казакстанга келгендердин жарымы сууктан ажал табышкан. А Кыргызстанда ал убакта алмалар гүлдөп жаткан, кыргыздар бир күкүм наны менен бөлүшүп, жардам беришкен. Чечендер Кыргызстандын түндүгүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан. Атүгүл Нарындын Миӊ-Кушуна да жеткендер бар. 1957-жылы Хрущев компартиянын башчысы болгондон кийин, чечендер менен ингуштардын мекенине кайтуусуна уруксат берилип, көбү кайтып кеткен. Азыр Кыргызстанда чечендердин саны эки миӊге жетет. Көбүнчөсү Чүй өрөөнүндө – Чалдыбардан баштап Кеминге чейин отурукташкан. Кыргызча кыргыздардан да жакшы сүйлөгөн чечендер бар.

Айткандай эле кыргызчаны кыргыздардан да мыкты билген чечендердин бири – Делимбек Куцаев. Беловодск жана Кызыл Туу айылдарында Димка Куцаевди тааныбаган киши жок.

- Кыргызчаны кыргыздар менен жүрүп үйрөндүк. Неберем бар. Ал азыр кыргызча да, чеченче да, орусча да бирдей билет. Экиден ашып калды, онго чейин кыргызча, орусча жана чеченче санап берет. Кыргызчаны түшүнөт, жооп берет. Ошентип үйрөндүк кыргызчаны. Чечен тили кыргызчага бир да сөзү менен окшош эмес. Абдан татаал тил биздики. Бул чечен, ингуш тилдерине бир да тил окшош эмес. Кавказдагы элдер түрк тилдүү болуп жатышпайбы. А биздики болсо өзүбүзчө тил.

Кыргызстанда чечен тилинде мектеп жок. Бул бөксөнү ар түркүн маданий иш-чаралар менен толтурушат. Чечендердин шатыра-шатман бийлерине суктанбаган жан жоктур. Делимбек мырза болсо чеченче бир-эки сап төгүп жиберди.

Делимбектин ыры



- Алыс жашагандан сагынып атам. Бул доско арнаган ыр да. Досум, мен дайыма жаныңда болгум келет деген мааниде да.

Сөздүн кыябы келе калган соң чечендердин улуттук тамактарына да кызыга калдык.

- Бизде Жижик галныш деп коёт. Бул биринчи. Анан Чайпылгыш деген бар, Хингылыш деген бар. Булар биздин улуттук тамактарыбыз да. Жижик галнышты которсом, бул – эт менен камыр деген мааниде да. Чайпылгыш – бул быштак менен каттама кылат, май менен. Ал да жакшы болот. А Хингылыш болсо ашкабак менен жасалат. Анын өзүнүн приправасы да болот.

Салттагы айырмачылыктар

Чечендердин салтындагы айрым айырмачылыктарды да билип алдык. Мисалы, үйлөнүү үлпөтүнө эч ким чакырылбайт, баары эле чакыруусуз келе берет. Киши дүйнөдөн өткөндө да туш-туштан жабыла келип колдоп кетишет.

- Биздин үйлөнүү үлпөтүндө эркектер жана аялдар өзүнчө отурат. Эркек кыз менен бийлеп жатканда кыздын колуна тийбейт. Тийдиби - жаңжал болот. Ал эми той болсо үч күн өтөт. Эгер жума күнү башталса, коноктор ишемби жана жекшемби күнү да келе беришет. Келишет – кетишет, келишет – кетишет, – ошентип өтөт той.

Эми кыргызстандык чечендер тууган-туушкан, жээк-жаат сурашып, ата конушуна барып турушабы? Хусейн Сулумовдун айтымында, чечен аксакалдар Кавказга - Чеченстанга бат-баттан каттап турганга аракет кылышат. Карылардын алды киндик кан тамган жерине элестеп калганданбы, арасында кете тургандары бар. Ал эми жаштар Кыргызстанда калып, иштеп-жашагысы келет.

Кыргызстандык чечендер тууралуу баба дыйкан, тың ишкер жана өжөр спортчу деген пикир кеңири орун алган.

Чечендердин маданий борборунун жетекчиси Аднан Жабраилов маселен, жеткинчектер менен майып балдарды спорт менен машыктырат.

- Эгер жаштар башаламандык кылып жатышса – тартипке чакырабыз. Баш ийишбейби – анда түрмөгө отурушсун. Аларды чыгармак турсун, дагы үстүнө үч жыл кошуп койгула деп диаспора атынан айтам. Иштеш керек. Чечендер – эмгекчил калк. Кыргызстанда жашагандан кийин иштеп, адал иш кылыш керек.

Коштошоор алдында мен да Хусейн карыянын сабагына жараша ишаарат жасоого далалат кылдым. Коомай барып кучактадым да, карынын ыраазылык сөзүнө марып артка кайттым.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG