Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Бала асыроонун жаңы жобосу ишке кирди


Ушул убакта 12 чет элдик жаран Кыргызстандан бала багып алуу ниетин билдиришти.

Ушул убакта 12 чет элдик жаран Кыргызстандан бала багып алуу ниетин билдиришти.

Кыргызстандык жетим балдарды асырап алуу боюнча чет элдик жарандардын арыздары сотто карала баштады.

Ушул убакта 12 чет элдик жаран бала багып алуу ниетин билдирсе, алардын басымдуу бөлүгү АКШдан. Социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарды эл аралык асыроого берүү боюнча жаңы жобо бул багыттагы коррупцияны жоёт деген ишеничте. Ошол эле маалда эксперттер бала асыроо ыкмасы эски бойдон калганын айтып жатышат. Эки жыл мурун Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги мыйзамсыз иштер аныкталып, балдарды чет элдик уюмдар аркылуу асыроого берүү токтотулган болчу.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Марина Жапаркулованын айтымында, жалпысынан бала асыроо ишмердүүлүгүнө уруксат сурап чет элдик 17 уюм кайрылган, алардын тогузуна уруксат берилди. Анын жетөө АКШга, бирөө Германияга, бирөө Швецияга таандык уюмдар. Жобого ылайык, бала асыроо менен алектенген уюмдун бул багытта 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы, Гаага конвенциясынын стандарттарына шайкеш келген сертификаты, Кыргызстанда иштеген өкүлчүлүгү болушу керек. Кыргызстанда Социалдык өнүктүрүү, Ички жана Тышкы иштер министрликтери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кароосунан өткөн уюмдар аркылуу 12 чет элдик ата-эне бала багып алуу ниетин билдирген. Эми алардын арыздары сотто карала баштады.

- Азыр сот 10 арызды карай баштады, калган экөө ич ара каралууда. Алардын документтери толукпу же жокпу тактап жатабыз. Бала асыроого берилет же берилбейт деп акыркы чечимди сот чыгарып берет.

Габриэл Шимкус беш жаштагы Азаматты асырап алуу аракетин баштаганына төрт жылдан ашты. Габриэл жолдошу менен мындан төрт жыл мурда Кыргызстанга келип, Токмоктогу балдар үйүнөн Азаматты тапкан. Ошол кезде эле асырап алуу процессин баштап, бирок Кыргызстандагы чуулгандуу окуялардан кийин ал иштер токтоп калган эле. Габриэл менен Фейсбуктан байланышканыбызда учурда Азаматты алып кетүүгө болгон аракетин жандантканын билдирди.

- Биз башында мурун башталган ишти улантабыз го деп ойлогонбуз. Анан бала асыроо боюнча ортомчу жаңы компаниялар тандалгандан кийин бардык ишти кайра башынан баштаарыбызды укканда, албетте, көңүлүбүз чөктү. Америкада ансыз дагы документтерибизди жыл сайын жаңылап турабыз. Биздин колубузда Кыргызстандын министрлигинин бала асыроого уруксат берген мурдагы кагазы бар, эми бардыгын кайра жаңы алат экенбиз. Азаматты өз үйүнө алып келүү үчүн эмне талап кылынса, баарын жасайбыз. Ал биздин уулубуз, андыктан бюрократиялык кагаздар бизге тоскоол боло албайт. Биз уулубузду үй-бүлөбүзгө кошуу үчүн эмне талап кылынса, баарын аткарабыз. Уулубуздун келечеги үчүн бардык эрежелерди сактап аткарабыз.

2012-жылы токтотулган балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердиги быйыл жаңы жобонун негизинде кайрадан жанданды. Бала асыроону токтотууга Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чуулгандуу коррупциялык иштер негиз болгон. Аталган министрлик балдарды эл аралык асыроого берүү боюнча жаңы жобо бул багыттагы коррупцияны жоёт деген ишеничте.

- Коррупцияны жойдук деп мен айта аламын. Анткени ачык-айкын документтер каралып, ачык-айкын чечим чыгарылды. Ошонун өзү коррупциялык элементтердин жоктугун көргөзөт. Ар бир мамлекеттик кызматкер, мамлекеттик органдын башчылары өзүнүн жоопкерчилигин сезип, чечим чыгарышы керек, - дейт Жапаркулова.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева бала асыроодо балдардын эмес асырап алчулардын кызыкчылыктары көбүрөөк корголууда деп белгилейт.

- Чет мамлекет жарандарына балдарды асыроого берүүнүн өзү эле коррупциялык иш деп ойлойм. Бул жерде балдардын кызыкчылыгы эмес, көбүнесе багып алуучу тараптын кызыкчылыгы каралып жатат. Алар келип балдарды тандоо жолу менен алып кетип жатышат. Ошондуктан мен бул маселеге каршымын. Ар бир балага өзүнүн элинде, өзүнүн мамлекетинде өсүүгө биз шарт түзүп беришибиз керек.

Кыргызстанда акыркы төрт жылда асыроого төрт миңдей бала берилген. Алардын дээрлик бардыгын жергиликтүү тургундар багып алса, чет элдик жарандар тогуз баланы багып алган. Учурда асырап алууга бериле турган 152 бала бар. Чет элдиктерге болсо асыроого саламаттыгы начар, майып балдар гана берилээри белгиленген. Бирок мындай маалыматтан шек санагандар да жок эмес. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова асыроого берилчү балдар тууралуу маалыматтар толук ачык болушу керектигин айтат:

- Чет мамлекеттик жаран асырап алууга укуктуу. Бул жерде багуусуз баланын да укугу бар, алардын укугун эч ким буза албайт. Бирок жалаң эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды алып кетет деген шектүү. Анткени дени сак балдарды дагы көргөнбүз. Алар ачыкка чыкпайт. Улуттук асырап алуу жолдорун ачык-айкын кылуу керек. Балдар тууралуу маалыматты, сүрөтү менен жарыялоо зарыл. Ден соолугу тууралуу коркунучтуу, жалган аныктамаларды алып салуу керек.

Буга чейин чет өлкөгө асыроого берилген балдардын тагдыры, алардын абалы тууралуу маалыматтын жетишсиздиги сындалып келген.

"Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала" (Перекресток, орус тилинде)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG