Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

"Апам келсе, кучактамакмын"


"Апаке, кайдасың?"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Жети жаштагы Махабат ата-энесин күтүп жатат.

Милиция жети жашар Махабаттын ата-энесин издеп жатат. Өткөн аптада бул кичинекей кызды энеси кийим салынган баштыгы менен кошо шаар көчөлөрүнүн бирине таштап кеткен.

Махабат азыр шаардагы Кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда жашап жатат. Аны өткөн аптада милиция кызматкери Жаш Гвардия бульварынын Чоң Чүй каналы менен кесилишкен жеринде таап алган. Жол жээгиндеги кафелердин биринде иштегендер жолдо жүргөн кичинекей кызды байкап калып, милицияга кабар беришкен. Кыздын айтымында, энеси анын колуна кийими салынган баштыкты карматып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, кыз кайдан кандайча келип калганы тууралуу так эч нерсе айта албай жатат. Ошол эле учурда “кызым жоголду” деп арыз менен кайрылган да киши боло элек.

- Ата-энесин издеп таппай жатабыз. Кыз дагы өзү так эч нерсе айта албай жатат. Энеси атайы эле өзү таштап кеткендей. Биз ошол кыз табылган тегеректин баарын сураштырдык. Ошол жердеги күркөлөрдү, май куйуучу жайлардын баарына айтып, маалымат бердик. Бирок бүгүнкү күндө милицияга кайрылып, “кызымды жоготтум” деп келген киши жок.

“Апам бат эле келем деген”

1-май күнү көчөдөн табылган Махабат беш күндөн бери шаардагы Кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда күн кечирүүдө. Биз барган учурда ал балдарга кошулуп ойнобой, ыйлап олтурган экен. Тыпылдаган тетик кыз жашын сүртүп коюп, атасынын аты Максат, апасы Мадина экенин, бир тууган Тыныбек деген байкеси бар экенин, үй-бүлөсү Сары-Камыш деген айылда жашаганын божурап айтып берип олтурду.

- Мен Сары-Камыштан апам менен келгем. Мени апам “селкинчектин жанында отуруп тур, таежеңдин үйүнө жүктөрүмдү таштап коюп, сени алып кетем” деп кийимдерим менен таштап кеткен боюнча келген жок. Атам болсо Чоң-Сары-Камышта жумуштары менен жүрөт. Тыныбек байкемди жардам берсин деп ала кеткен. Эки айдан кийин келип, мени Чаектен алып кетем деген да. Апам болсо атам менен ажырашабыз деген.

“Мен сен жок канча күн ыйлап жүрдүм...”

Атасы менен апасынын “ажырашабыз” деген уруштарына күбө боло жүргөн наристе кыз атасына көбүрөөк эркелеп койгону үчүн апасы таарынып таштап кетти деп, өзүнөн айып издеп койгону зээнди кейитет.

- Билбейм, апам мага жини келгени үчүн таштап кеттиби... Атам мени мурда эркелеткен да. Апамды күтүп отуруп караңгы кирип баштаганда “аркасынан ээрчисем болмок экен” деп ойлодум. Апам келип калса “Ошончо күндөн бери сен жок жалгыз жүрдүм, мени издеген жоксуңбу? Мен кечке ыйлап жүрдүм, Чаекке кетем деп ыйладым” деп айтмакмын, анан кучактамакмын. Азыр апам менен атамды сагынып кайгырып жатам.

Реабилитациялык борбордун тарбиячысы Зульфия Фатхилаеванын айтымында, Махабаттын баскан-турганынан, кийим-кечесинен, сүйлөгөн сөзүнөн, акылынан кадимки эле бүтүн үй-бүлөдө чоңойгону көрүнүп турат. Тарбиячы айым тогуз ай толгонуп көтөрүп, жети жашка чейин багып чоңойткон баласын көчөгө жалгыз таштап койгон эненин кадамын түшүнө албай убара.

- Кечке чейин жашырынып ыйлайт. Кечке маал балдарга аралашып ойномуш болот. Анан тынбай эле “качан мамам келет?” деп сурай берет. Эртең менен турганда кайра энесин эстеп ыйлайт. Бала аябай акылдуу, сүрөттү жакшы тартат. Ыйлаганда алаксытып үй-бүлөсү туурасында сурап коем. Үй-бүлөсү жөнүндө айткандан чарчабайт. Берилип айтып берип жатып, кадимкидей бугун чыгарып эс алып калат. Ата-энеси туурасында бир дагы жаман сөз айтпайт, мактап эле турат. Туугандары деле бар экен. Мына эми күтүп отурат. Иштери чыгып калды го деп күнүгө алдап коюп жатам. Канча күндөн бери эмнеге энеси минтип таштап салды деген суроого такыр жооп таба албай койдум. Көчөгө да баланы таштайбы?

Ооруган коомдун кесепети балдарга тиеби?

“Балдарга жардам берүү” борборунун директору, психолог Динара Давлетбаева баланын коопсуздугу ата-эненин колунда жана бул чоң жоопкерчиликти алар сезе билүүсү зарыл деген ойдо. Бирок айрым учурда ошол эле ата-эне өзүнүн интеллектуалдык деңгээлине, тарбиясына, түшүнүгүнө жараша ойго келбеген кадамдарга барып жатканы өкүнүчтүү. Адистин пикиринде, Махабат азыр энесине жаман сөз жуутпай, наристе дүйнөсүндө аны күтүп жатканы менен, психологиялык жактан чоң соккуга кабылганын жана мунун кесепети эртеби-кечпи билинерин унутпоо керек.

- Кыздын энеси кандай окуяга туш болуп, кандайча ушундай коркунучтуу жолго барганы азырынча белгисиз. Балким анын жашаганга жери, баланы бакканга шарты жоктур. Ошондуктан азыр ата-энеге карата кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу кыйын. Бирок баланы көчөдө жалгыз калтыруу деген бул акылга сыйбаган нерсе. Акыркы маалыматтарга караганда эне кызын атайы эле таштагандай. Ал кайсы бир себептерден улам ушундай чечимге келген дагы, баланы таштап салып баса берген. Бул жерде ата-эненин бала алдындагы жоопкерчилиги туурасында сөз болуп жатат. Бала үчүн ата-эне деген бул – коопсуздук. Дагы жакшы кыз аман-эсен табылды. А башка кишилерди колуна түшсө эмне болот эле? Эне баласын кооптуу кырдаалга таштап койду. Ошол эле учурда бала ата-энесин эч убакта жамандыкка кыйбайт. Кичинекей кыз “атам эркелетип койду” деп өзүнөн айып издеп жатат. Ал энеси кайра келсе деле кечирет, кучактайт. Бирок бала деген психологиялык жактан жабыркап калды. Азыр сезилбегени менен, мунун кесепети болбой койбойт.

Махабат азыр жашап жаткан реабилитациялык борбордо 2 жаштан 17 жашка чейинки кароосуз, багар-көрөрү жок 80ден ашык бала жашайт. Тарбиячы Зульфия Фатхилаеванын айтымында, соңку бир ай ичинде борбордо Махабаттай болуп, белгисиз себептерден улам ата-энеси көчөгө калтырып койгон 2 бала катталды.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG