Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Азыр кайсы жаш кызды же уланды караба, тегерегиндегилер менен кымындай иши болбой, чөнтөк телефонун чукулап отурганы отурган. Колунда – телефон, кулагында – кулакчын, ал эми оюнда, жүрөгүндө эмне бар экенин билүү кыйын.

Колуна китеп кармаган жаштарды азыр дээрлик учуратпай калдык. Адамды өзүнө өзүн тааныткан, ак-караны ажыратууга, ар кандай маалыматка сынчыл мамиле жасап, маалыматты иргеп кабылдоого үйрөтүү менен бирге жашоонун, сүйүүнүн, адамдын кадырын аңдаткан жан дүйнө азыгы – көркөм адабияттын артынан сая түшүп окуу, айрыкча, ой жүгүртүүсү калыптанып келаткан жаш муундун арасында азайып баратканы кооптондурат. Албетте, бул илдет кыргыз жаштарына гана мүнөздүү эмес, жалпы технология өнүккөн замандын натыйжасы деңизчи. Бирок өнүккөн өлкөлөр азыркы технологияны билим берүү процессине ыктуу пайдаланып, анын зыянына караганда жемишин көбүрөөк көрүп жатышат. Алар мектептерде пайдаланган электрондук такталар, электрондук китеп-дептерлер мындай турсун, Кыргызстандын жеткинчектеринин арасында жадакалса окуу китептери да жетишсиз.

Ошентип, жаштарыбыз терең билим алуу ордуна көз майын коротуп, мээ чарчатып, керексиз маалыматтарды окуп же интернет баракчасына сүрөтүн жайнатып коюу менен алектенгенине, же бирөөнүн маңызсыз жазган пикирин окуп, алтындай болгон кайрылгыс убактысын бошко кетирип жатканына көздү жуумп эле келатабыз. Себеби, жаңы технологиянын зыяндуу азгырыгына мектеп да, ата-эне да азгырылып, анын кесепетине маани бербей калышкандай.

Ал эми адам көркөм дөөлөттөрдү окуу менен гана инсан катары калыптанары айтпаса да түшүнүктүү го. Жетилип келаткан китеп окубаган муун эртең кандай коомду түзөт? Жазуу маданияты калыптанганга чейин оозеки маданият доорунда адамдар китеп аркылуу эмес, мундан муунга оозеки түрдө улут дөөлөттөрүн калтырып келишкени белгилүү эмеспи. Азыр, жадакалса, улуулар менен жаштар ортосундагы баарлашуу маданияты да жоголуп бараткандай. Шаарды кой, элет жеринен келген студенттер деле тили жарды, катардагы эле сүйлөнүп жүргөн сөздөрдү кээде түшүнүшпөйт. Эмне айыл ичинде сөз баккан, сөз кадырын жаштарга үйрөткөн кутман карыялар калбай калдыбы? Же болбосо, жаштар алардын сөзүн эмес, кол телефонунан башын көтөрө албай, азгырылып, нарктуу кыргыз сөзүнөн баркына жете албай жатышабы? Эгер абал ушул таризде улана берсе, анда улутту улут кылып, адамзатын адамзат кылып сактап келаткан сөз ээлери, нукура таланттуу жазуучулар жаралбай калышы мүмкүн да. Башкасын коюп, Чыңгыз Айтматовду эле алалы. Ал өзүнүн эскерүүлөрүндө дайыма атасынын эжеси Карагыз апасынын жомок, уламыш айтып берип, болочок жазуучунун зээн-шыгын ойготконун айтат. Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин балалык жан дүйнөсүн да акындын чоң энеси менен айтылуу тарбиячысы Арина Родионовнанын кереметтүү жомоктору, уламыштары калыптандырган. Музыканын падышасы Моцарттын генийлигин атасы эрте байкап, ага өз убагында кам көрбөсө, ким билет, биз билген Моцарттын тагдыр кайыгы кайда калак шилтерин. Айтор, улуу инсандарга бала кезде берилген ата менен эненин, үй- бүлөнүн таасири тууралуу дагы узун кеп учугун улай берсе түгөнбөйт.

Үч-төрт тилде сүйлөп билимсиз бойдон калгандар

Чет тилин билүү талабы күч алган азыркы тапта үч-төрт тилди пикир алышуу деңгээлинде гана билип, бирок бир да тилде тыңгылыктуу жаза албагандар, адамдын жан дүйнөсүн түшүнө албагандар да пайда болду. Мында мен эмнеси болсо да, тил үйрөнүшүм керек деп, бардык күчүн, убактысын тил үйрөнүүгө жумшап, бирок көкүрөгү бош бойдон калган билимсиз жаштарыбыз тууралуу айтып жатам. Бир жагынан көп тил билет деп суктанасың, экинчи тараптан, үйрөнгөн тилдери аркылуу билимин тереңдете албаганын, кирди-чыкты маалыматтар менен мээсин толтурганын, ой чабыты кенен жайылбаганын, сөзү уккан кишини ыраазы кылбаганын көрүп, кейийсиң. Көрсө, тилди, алтургай, өз эне тилиңди да улам багып, кастарлап өнүктүрүп турушуң керек тура. Антпесе, тилге чоркок, ойго мокок болуп, көөдөндө турганды тилге чыгара албаган мажирөө болуп каларың бышык. Мунун өзү замандын талабына жараша дагы бир орчундуу маселеге айланды. Анын бирден бир себеби, китепти көп окубагандын, окуганын талдай билбегендиктин, сиңире билбегендиктин натыйжасы.

Балдар окуганга китептер барбы?

Бишкектеги соода түйүндөрүнүн текчелеринде балдар китептеринин жылдан-жылга шыкалгандан шыкалып жатканын көрүп, демек, кыргыз коомунда китепке болгон талап күч алган экен дейсиң. Бирок, кооз сүрөттөрү менен чыккан мындай китептердин көбү Орусиядан келгендиктен, орус тилинде. Орусияда улуу акын-жазуучулар К. Чуковскийдин, С. Маршактын, А. Бартонун ж.б. балдарга арналган чыгармалары ар түрдүү басмаканадан байма-бай басылып жатканын көрүп, суктанасың. Ар бир басмакана жасалгасы, сапаты боюнча атаандашып, китеп соодасын да катыра жүргүзүп жатышат. Алардын катарында балдар энциклопедиясынан тартып жомок, миф жана жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө, суу алдындагы дүйнөгө, космос дүйнөсүнө чейин тааныткан китептерге сан жетпейт. Арийне, бул көз жоосун алган китептерди орус тилин билбеген кыргыз баласы окуй албайт. Ырас, алардын арасында кыргыз тилинде жазылган китептер да бар, бирок өтө аз санда. Албетте, жылдан жылга кыргыз китептеринин жасалгасы, көркөмдөлүшү кыйла оңолуп келатат. Өкүнүчтүүсү, балдар китептеринин арасында таанып-билүүгө багытталган кыргыз тилиндеги китептердин түрү аз. Алсак, Кыргызстандын, дүйнө элдеринин тарыхына, географиясына, жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүнө арналган 6-10 жашка чейинки балдарга ылайыкталгандарын сейрек кездештиресиң. Ал эми өспүрүмдөрдүн маселесин чагылдырган кыргыз тилиндеги китептер дээрлик жокко эсе. Дагы бир кемчилик – балдарга арналган китептердин баяндоо стили да көп канааттандыра бербейт. Айрым китептердин стили татаал, түшүнүү кыйын. Азыр Турар Кожомбердиев, Табылды Муканов, Алик Акималиев, Токтосун Самудиновдун балдарга арналган чыгармаларын күндүз чырак менен издесең да таппайсың. Муну Билим берүү жана илим министрлиги колго алса жакшы болмок.

Ал эми элет жеринде абал мындан да начар. Илгеркидей китеп дүкөндөрү жок. Китеп менен соода кылып, элет жеринде пайда таппайсың. Андыктан элет жериндегилер баласына китеп сатып бериш үчүн борбор калаага өзү келет же бирөө аркылуу алдырат. Мектептин китепканаларына илгеркидей камсыздоо болбогону менен, эски фонд аздыр-көптүр сакталуу. Кеп, ошол китепкананын кандай иштеп жаткандыгында. Себеби, азыркы тапта сегиз саат китепканада отурган китепканачынын ордун бир мугалимге жүктөп берип коюшкан көрүнүштөр арбын.

Тарбиянын татаал сабактары

Бизде абал ушинтип мышык ыйлагыдай болуп турган тапта, дүйнөдө билим культу күч алып, ата-эне баласынын окуусу үчүн оңбогондой каражат жумшап, билимдин наркы күн санап өсүүдө. Албетте, бизде шарт жок дешибиз ыктымал. Өнүккөн өлкөлөрдөй акчабыз болбосо, үй-шартыбыз жооп бербесе деген шылтоолор чекеден табылат. Бирок жүрөктө кымындай эле каалоо болсо, кыбыраган кыр ашат дегендей, аздыр-көптүр иш жасаса болот. Ал үчүн китеп окуу маданиятын калыбына келтирүү керек. Муну ар бир үй-бүлө өзүнөн баштаганы эп. Бир жылда бир балага орто эсеп менен баасы 300 сомдон беш китеп сатып алсаңыз, бар болгону жылына 1500 сом кетет экен. Баланын билиминин түптөлүшүнө кете турган бул сумма ашып кетсе, бир түтүндүн эки-үч күндүк тамак-ашынын пулу. Бул эки-үч күндүк тамак-ашка кеткен пулга келген билим күкүмдөй гана маалыматты камтышы ыктымал. Бирок ал кийинки алына турган билимге тепкич. Себеби, бала кезде уккан-көргөн, окуган нерсе өмүр бою эсте сакталып калат, кийинки турмушуна өз таасирин тийгизет.

Айрым ата-энелер “балам окуганын түшүнбөйт” дегенин угуп калабыз. Анын бир катар себеби болушу мүмкүн. Ал бала менен эч ким китеп окуп көргөн эмес, атургай, баарлашпаган да болушу мүмкүн. Балада баарлашуу үлгүсү болбосо да, ой жүгүртүүсү өспөй калат. Же болбосо, кызыктуу китеп колуна тийип, андан ары китеп дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетүү бактысынан куру калган.

Балаңыздын тагдырын каалаган нукка бургуңуз келсе, ал менен чогуу китеп окуңуз. Билгендериңизди кызыктуу кылып айтып бериңиз. Интернеттен, китептен окуган окуяны эске түшүрүп алып, аны кайра өз сөзүңүз менен айтып бергениңиз деле чоң нерсе. Тарбияны тажатма акыл айтып эмес, баарлашып, сырдашып жатып берген оң.

А мындай карасаң, китеп окууга күнүнө башталгыч класстагы балаңызга 15 мүнөт, өспүрүм уул-кызыңызга жарым сааттын тегерегинде гана убакыт бөлсөңүз жетиштүү болот. Эгер ата менен эне “китеп сатып бердим, окубайсыңбы” деген сөздөн ары кете албаса, анда эч кандай жыйынтык болбойт. Анын ордуна “кандай китеп экен, сага жактыбы, эмне тууралуу жазылыптыр” деп кызыгып, ошол темада сүйлөшсөңүз, балаңыздын билимин гана өстүрбөй, анын инсан катары калыптанышына да, ак-караны таануусуна да, дүйнө таанымына да, сөз байлыгынын өсүшүнө да, жүрүм-турумуна да өтө чоң таасир тийгизесиз. Ошондой эле дүкөндөрдөн китепти балаңыз менен чогуу издеп, чогуу сатып алсаңыз, баланын китепке болгон кызыгуусу андан бетер күчөйт.

Анда сизге ийгилик каалайбыз, урматтуу ата-эне, балаңыз менен китеп дүкөнүнө азыр эле жөнөңүз. Жолдо кызыктуу баян курууну да унутпаңыз!

Гүлзада Станалиева, адабиятчы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG