Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Мектепте таяк жеген Айзаданын абалы оор


Мектепте жеген таяктын запкысын тарткан Айзада азыр ооруканада жатат. Бишкек, 11-март, 2014.
Мектепте жеген таяктын запкысын тарткан Айзада азыр ооруканада жатат. Бишкек, 11-март, 2014.

2012-жылы Таластагы Кум-Арык мектеп-интернатында 10 жаштагы Айзаданы мугалим бутуна мык сайылган жыгач менен сабаган окуя катталган эле.

Анда мугалим жумуштан айдалып, окуучу кыз бир сыйра дарылануудан кийин айыгып чыккан болчу. Бирок Айзаданын бутундагы жарааты кийинчерээк кайра күчөп кетти.

Сабак учурунда сыртка чыгып келүүнү сурансам эжей чыгарбай койду. Бутка урганда мен отуруп калдым. Эжей: “Эч кимге айтпа, айтсаң өлтүрөм!”, - деген.
12 жаштагы Айзада Советбек кызы азыр Бишкектеги балдар ортопедиасы бейтапканасында дарыланууда. Дарыгерлер анын оң бутунун шыйрагынан ириң алып, керебеттен турууга чек койгон.

Кыздын апасы Керимбү Чыныбекова күйөөсүнүн көзү өтүп, төрт баласы менен жесир калган. Турмушу кыйындап кеткенде Талас районундагы Кум-Арык мектеп-интернатына эки кызын тапшырган. Кызы Айзаданын бутунан жараат алганын ал алты күндөн кийин байкаган. Ага чейин Айзада жатак мектепте болуп, бул тууралуу эч кимге айтпай жүрө берген:

- 27-февралда таяк жептир. 6-мартта кызым үйгө келгенде араң билдим. Буту шишип, көгала болгонун көрүп эмне болгонун сурасам менден жашырып “жыгылдым” деп айтты. Бирок кичинекей кызым: “Эжем жыгылган жок, Нурзат эжей аны таяк менен чапты” деп айтып койду. Кийин ошол мугалим Нурзат Качкынова өзү үйгө келип: “Ачуум менен уруп коюптурмун” деп, күнөөсүн мойнуна алды. Эми ушул кантип болсун? Мугалимдер бири-бири менен тирешип, күчүн баладан чыгарыптыр.

Ошол эле учурда Айзаданы таяк менен сабады деп айыпталган мугалим Нурзат Качкынова күнөөсүн мойнуна албай келет:

- Мектеп директору менен ошол кыздын апасы Айзаданын денесинин баарын карап, анан көгала табышыптыр. Анан “учунда мыгы бар, узун, жашыл таяк менен бутка урду, эми баса албай жатам” деп айтууга кызды үйрөтүп коюшкан.

Бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши бир канча жолу жабылып, кайра козголуп отурган. Натыйжада Талас райондук соту убактысы өтүп кеткендигине байланыштуу соттук териштирүүнү токтоткон. Бирок мугалим Нурзат Качкынова күнөөлүү деп табылып, жумуштан айдалган.

Аталган мектептин директору Кенжалы Орозалиев учурда мындай иш-аракеттерге жол бербөөгө далалат кылып жатышканын билдирди:

- Балдарга тийбегиле, урбагыла, жакшы тарбия бергиле, алар жетим, майып. Силер тараптан эч кандай кол көтөрүү болбосун! - деп күн сайын какшап жатабыз.

Ооруканада жаткан Айзада эки жыл мурда болгон окуяны биз көпкө отургандан кийин гана айтып берди:

- Ошол күнү сабак болуп аткан, анан мен ажатканага чыгам деп сурансам эжей чыгарбай урган. Бутка урганда мен ыйлап отуруп алгам, эжей: “Эч кимге айтпа, айтсаң өлтүрөм!”, - деген.

Айзада менен маек



Математика сабагын жактырган жана келечекте ырчы болууну самаган Айзада Советбек кызынын ооруканадан качан чыгышы азырынча белгисиз. Анын дарыгери Алмаз Назаралиев жараат эмненин негизинде оорлошуп кеткенин так айта алган жок.
Айзаданын апасы окуянын чоо-жайын айтып берди

Мектепте таяк жеген Айзаданын абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG