Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Жаштарды азгырган компьютердик оюндар


Адистер акыркы учурда компьютер оюнуна берилген мектеп окуучулары гана эмес, студенттер да арбып баратканын айтышууда.
Адистер акыркы учурда компьютер оюнуна берилген мектеп окуучулары гана эмес, студенттер да арбып баратканын айтышууда.

Бишкек шаардык студенттер бейтапканасына быйыл компьютер оюнунун азгырыгынан арылгысы келген 137 студент кайрылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Адистер акыркы учурда компьютер оюнуна берилген өспүрүмдөр эле эмес, акыл токтотуп калган жигиттер да арбып баратканын белгилешет.

Компьютердик ар кандай оюндар менен алек болуу жаштардын ден соолугуна да, моралдык жана материалдык өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизет.

Оюн залдарын котологон жаштар

Бишкек шаарында канча компьютердик клуб бар экени беймаалым. Калаанын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан мындай жайлар күнү-түнү иштейт. Компьютер оюнунун ышкыбоздору үчүн 150 адам ойной алган ири залдар бар. Ошол жүздөн ашык компьютер эч качан бош турбайт. Экранга үңүлө ар кандай оюндарды берилип ойноп жаткандардын көбү жаштар.

Бул жакта күнү-түнү отуруп, оюндан көзү кызарган жаштарды табуу кыйын эмес. Бирок кулакчын тагынып, бериле ойноп жаткан аларды оюндан алагды кылып сүйлөтүү оңойго турбайт. Беш сааттан бери ойноп отуруп, эми гана үйүнө жөнөп бараткан Нуртайды кепке тарттык:

- Бул жакта кызыктуу, ар түрдүү оюндар бар. Мисалы, DotA, World of Tanks деген оюндар азыр абдан көп ойнолот. Мен азыр World of Tanks дегенин ойноп бүттүм. Бул интернет оюндарды бир саат ойногон кызыксыз. беш-алты саат отуруу керек. Себеби, стратегиялык оюндар да. Эми кээде убакытты алат, бирок аябай кызыгам.

Нуртай "көбүнчө группалаштарым, досторум менен интернет оюндарды ойноп убакыт өткөрөбүз" дейт. Себеби көңүл ачуунун мындай түрүнө көп акча кетпейт - бир кишиге саатына 10-15 сомдон. Түнү менен калсаң 100 сом төлөйсүң. Дайыма келген кардарларга арзандатуулар болот.

Мындай жайлардын бирин иштеткен Мирбек эки-үч күндөп ойногондор бар экенин айтты. Учурда интернет оюндары жаштар арасында популярдуу болуп жатат. Топ-тобу менен келген жаштар өз ара мелдешип, түнү менен компьютердик жайлар бош калбайт.

- Компьютер оюндары жалаң эле балдар үчүн деп ойлошот. Чоңдор үчүн да сонун оюндар бар. Азыр дүйнөдө популярдуу болуп жаткан DotA, World of Tanks бизде да көп ойнолот. Аны интернет аркылуу ойношот. Күндүз окуучулар болсо, түн жаштардыкы. Эми бул оюн эки же үч сааттык оюн эмес. Кеминде беш сааттай отурушуң керек.

Оңолгусу келгендердин ой-тилеги

Быйыл Бишкек шаардык студенттер бейтапканасына мындай оюн азгырыгынан арылгысы келген 137 студент кайрылган. Бирок 60 миңден ашык студентти тейлеген бейтапкана үчүн бул сан өтө аз. Кумарга берилген адам өзү психологго кайрылган тажрыйба чанда кездешет эмеспи.

Бейтапкананын кызматкерлери мындай терс көрүнүштөрдөн арылуу керек экендигин түшүндүрүп, жогорку окуу жайларды кыдырышат. Аталган мекеменин жетекчиси Чынар Балтабаева мындай деди:

- Студенттер арасында көп эле болсо керек. Биз дайыма ЖОЖдорду кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бизге студенттер көп кайрылганы жакшы деп ойлойм. Себеби, алар оңолгусу келип жатат, бул жакшы көрүнүш. Бизге кайрылгандардын аты-жөнү айтылбайт. Жалаң эле студенттер эмес, башка жаштар деле кайрыла берсе болот.

Адистер интернет оюндар жаштардын билим алуусуна олуттуу таасирин тийгизет дешет. Биринчиден, өзүнүн өнүгүүсүнө кетчү убакыт оюндар менен өтөт. Интернет оюндары менен алектенгендер жашоосунда түнт болуп, психологиясы да жабыркайт. Кечке чейин компьютерге башы байланып, тамак ичпей, уктабай, ден соолугу да жабыркайт.

Мындай компьютердик жайлар букмекер кеңселери, тотализатор бюролордой кардар көп акчасын сарптабаган оюн-зоок жайларына кирет. Бирок ар бир көчөдө, эл көп жүргөн жайларда жайгашканын эске алганда компьютердик клубдар бир топ кирешелүү экенин байкоого болот.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG