Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

"Балдар филармониясы" - жарыкка карай жол


“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду ишке ашырганы турган “Балдар филармониясы” жаңы долбоору жаш муундун жана алардын ата-энелеринин музыкалык билимин калыптандыруу, эстетикалык табитин өнүктүрүү максатын көздөйт.

Экс-президент Роза Отунбаеванын айтымында, “Балдар филармониясы” долбоору жаш муундун классикалык музыкага табитин калыптандыруу максатын көздөйт:

- Классикалык музыка аспаптары, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беребиз. Мисалы, туташ бир концертти ошол инструмент менен тартуулайбыз. Духовой оркестр деген да биздин турмуштан сүрүлүп баратат. Аны азыр аскердик мекемелер гана колдонуп калды окшойт. Мурун ал ар бир мектепте бар эле. Демек ал тууралуу да айтып беребиз.

Фонд өз долбоорлору аркылуу балдарды тарбиялоого ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келатат. Муну жакында чыккан китептерден да байкоого болот.​

Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Жолугушууда көрсөтүлгөн китептер тууралуу фонддун жетекчиси Догдургүл Кендирбаева жаңы чыккан төрт китеп жана алардын таржымалы тууралуу буларды айтты:

- Сооронбай Жусуевдин балдар үчүн жазылган “Тоо жаңырткан чагылган”, Алтын Капалованын “Досторумда конокто” жана Бексултан Жакиевдин текстинин негизинде жалаң сүрөт менен баяндалган “Манас сүрөттөрдө” китеби сунушталат. Сүрөттү Замир Илипов тарткан. “Тоо жаңырткан чагылган” китеби 1970-жылдары жарык көрүп, ошондон бери кайра басылып чыккан эмес экен. Жусуев менен көзү барында макулдашылган. Ал эми “Досторумда конокто” китеби да өтө өзгөчө китеп. Кыргызстанда сексенден ашык улут жашайт. Аталган китепте балдарга негизги улуттардын каада-салты, үрп-адаты жөнүндө түшүнүк берилет.

"Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун китеп маселесине кайрылышына азыркы муундун эле эмес, алардын ата-энелеринин дагы китепке кайдыгер мамилеси себеп болгонун Кендирбаева минтип түшүндүрдү:

- Балдар акыркы мезгилде дүйнөлүк иликтөөдө да, улуттук иликтөөдө да өзүнүн окуганын түшүнө албайт. Тактап айтканда, балдардын окуу жана түшүнүү факторун иликтөөдө алардын 64 пайызы өзүнүн эмне окуганын түшүнө албайт. Анын себебин иликтей келгенде жаш өзгөчөлүгүнө жараша балдар адабиятынын жоктугу экен. Изилдөөдө мазмундуу китептердин жоктугу жана ата-энелердин өз балдарына китеп окуп бербегени айкын болду.

Китеп окутуу салтын кайра калыбына келтирүү жалгыз бир фонддун колунан келиши кыйын экендигин, ошондуктан мындай демилгелер коомчулуктун колдоосуна ээ болгондо гана максатына толук жетерин жыйынга катышкан Улуттук жазуучулар бирлигинин төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов белгиледи:

- Кыргыз коомунун эртеңки жүгүн көтөрө турган жаш муундарды тарбиялоодо китеп маселесинин орду зор. Бул жерде балдар чыгармасын жазуучулар жазып бериш керек, ага музыканттар обон чыгарсын деп отура бербей балдарды туура тарбиялоого жумурай журт баары салым кошушу шарт. Албетте, тикелей ата-энелер менен мугалимдер жамааты иштеш керек. Ар бир улуу муун өкүлү ата-эне катары, коом алдында атуулдук парз катары өзүнүн эле балдарына эмес, жалпы балдарга камкордук кылышы зарыл.

Фонд балдардын табитин тарбиялоонун дагы бир жолун “Жайлоо бала бакчалары” долбоорун ишке ашыруудан көрөт. 2014-жылдан бери мындай бакчаларда үч миңден ашык баланы жайлоо бала бакчаларына тартып, ар тараптуу өнүгүүсүнө кол кабыш кылды. Быйыл жайда андай жайлоо бала бакчаларын жүзгө жеткирүүнү фонд максат кылууда.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG