Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Бүгүн – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдар тарбиясы кандай болуш керек? Кайсы системага негизделиш керек?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев, "Доор эли" коомдук бирикмесинин башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева жана Жапонияда билим алып келген Чынара Эсенгул.

“Азаттык”: Гүлжамал айым, Кыргызстанда ата-энелер баланы тукум улантуучу катары гана кабыл алышабы же коомдун ишин улантуучу инсан катары асырайбы?

Гүлжамал Султаналиева: Статистиканы карасак, балдар көбүрөөк ата-энелеринин зордук-зомбулугуна кабылат экен. Андан кийин тегерегиндеги чөйрөсү, достор, мугалим жана башка кишилерден алат экен.

Бүгүнкү күндө ата-энелердин балдардын алдындагы жоопкерчилиги жылдан жылга азайып баратат. Буга ар кандай себептер бар. Биринчиден, мамлекеттик деңгээлде үй-бүлө саясаты өтө төмөн деңгээлге түшүп кеткендиктен балага да ошого жараша мамиле жасап калдык.

Албетте ата-эне балага идеал болуш керек. Бизде көп учурда балага "жакшы бол, арак ичпе, тамеки чекпе" деп айтат, бирок өзү аларды жасай берет. Ата-эне урушуп жатканда дайыма баланын ички дүйнөсүн тебелеп-тепсеп урушуп, эң аягында адам бол дейбиз. Бирок өзүбүздүн кылган аракетибиз менен үлгү боло албай жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Балага инвестиция салуу керек деген маселеде көптөрү жакшы кийим-кечек алып бериш керек, тамак-аштан өксүк болбош керек же мыкты машине алып берүү деген маселени ойлошу мүмкүн. Мисалы, баланын ден соолугун алалы: дарыгерлер "ооруну өткөрүп жиберип келишет, ата-энелер көңүл бурбай жүрө берет" деп көп айтышат. Чындыгында ошондойбу?

Гүлжамал Султаналиева

Гүлжамал Султаналиева

Камчыбек Узакбаев: Коомдо болуп аткан нерселердин бардыгы балдарга жасаган мамилебизди да өзгөрттү. Бүгүнкү күндө жашоо өзүнчө эле күрөш болуп калды. Балдарды тарбиялоо, аларга көңүл бурууну эмес, материалдык байлыкты биринчи кезекке коюп алдык. Бул өтө кооптондурчу маселе.

Ал тургай мектепте окуу куралдарга эмес, “менин балам тигинин баласынан кем болбосун” деп кийимине көнүл буруп, негизги баалуулуктар унутта калды. Алдын ала кеңеш сураган ата-энелер аз. Чындыгында эле мектеп жашындагы балдардын ден соолугу начар.

“Азаттык”: Кыргызстанда баласын какус-кукус кылып койгон өөн деле учурабайт. Анча-мынча бул дагы керек дешет. Жапонияда кандай, тентектик кылса баласын сабаган учурларды байкадыңызбы?

Чынара Эсенгул

Чынара Эсенгул

Чынара Эсенгул: Жапонияда өзүнчө система бар, алар дайыма пландап, ойлонуштурат. Беш жашка чейин баланы эч урушпайт. Бул жаман, бул жакшы деп айткан менен бала өзүнүн билгенин жасап, эркин өсөт. Беш жаштан 15 жашка чейин мектепте жүргөн убагында мугалимдерден көп нерсе үйрөнөт, билим, тарбия алат. Албетте группадагы, класстагылардан да көп нерсе үйрөнө алат.

Белгилей кетчү жагдай - жапондор индивидуалист эмес, топко, коомго багыт жасаган эл. Тарбия алганга ушул да жакшы көрүнүш. Окуу жайга тапшыруучу куракка жетип калганда алар толук, эркин ойлонгон, ошол эле учурда коомго жоопкерчилиги бар инсан даяр болот деп айтса болот. Кол көтөргөн учурду бир да кезиктирген жокмун.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG