Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Бишкек шаарында өткөн кылым соңунда 204 бала бакча бар болсо, азыр алардын саны 80ге да жетпейт.

Адистердин айтымында, 120дан ашык бала бакча мыйзамсыз жолдор менен жеке колдорго өтүп кеткен. Азыр башкалаада бакчага кезек күткөндөрдүн саны төрт миңге жетет.

Эрлан 4 жашта. Азыр телевизордон чет өлкөлүк видеоклипти, тагыраагы жарым жылаңач кыздардын бийин көрүп отурат. Өзү кырдуулар менен бала бакчага барбайт. Анткени муниципалдык бакчаларда орун жок, жеке бакчалардын акчасын ата-энесинин капчыгы көтөрө келбейт. Ата-энеси күндүз кечке жумушта болгондуктан Эрлан телевизорду эрмектеп үйдө жалгыз калат. Мындай көрүнүштү бишкектик жаш үй-бүлөлөрдүн дээрлик бардыгынан кезиктирүүгө болот.

Башкалаада курулуштан көп неме жок. Анан неге бөбөктөргө бакча жетпейт, балдарга ушунча кайдыгер мамиле жасайбызбы? Бишкекте канча бала бакча бар жана канча бала барат? Мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айгүл Камалова:

- Бишкек шаарында азыркы учурда 79 муниципалдык бала бакча бар. Анын ичинен он бири адистештирилген бала бакча. Алар угуусу, сүйлөөсү, таяныч кыймылдары, интеллектиси бузулган балдарга ылайыкташтырылган. 79 бала бакчанын долбоорлук кубаттуулугу 12 миң 670 балага ылайыкташтырылган. Азыркы учурда 26 миң бала таалим-тарбия алып жатышат.

Бала бакчаларга имарат тартыш. Ошондуктан, бакчаларга кезек күтүүлөр, өң тааныш издемей, пара бермей өңдүү жосунсуз иштер өкүм сүрөөрүн айтып таң калтырбасак да болот. Айла кеткенде бир керебетке экиден жаткырышат.

“Келечек” конушунун жашоочусу Самара Юлдашева соода борборлорунун бирин тазалайт. Көпчүлүк ата-энелер сыяктуу эле баласын бала бакчага бере албай келатат.

- Бир эле мен эмес, биздин коңшулардын баары жумушта иштейт. Айрымдары "Дордойдо" араба түртөт, кыскасы күндүз кечке иште болушат. Балдарыбыз жалгыз үйдө калат. Кээде баса албаган балдары плиткага күйүп же башка нерсе болгон учурлар болот. Квартирада жашагандарды бала бакчадагылар карабайт дагы. Садикке барган балдар башкача болуп турат. Тарбиялары башкача болот экен. Таза, тыкан, уялбайт-тартынбайт. Биздин балдар уялып, жер карап сүйлөшөт. Биздин эле тарбия, бирок эшикте чаңда ойношот. Бала бакчага баргандар башкача. Мен садикке үйдөгү кийим менен барсам 6,5 миң сом бересиң дешти. Айына 3,5 миңден экен. Андан кийин жакшы кийинип, жасанып барсам 3 миң сомдон бересиң, шапкеси 6,5 сом дешти.

Дайыны табылбай калган имараттар

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда 1 жаштан 7 жашка чейинки билим берүүчү 750 мекеме бар. 90-жылдары алардын саны 1696ны түзгөн. СССР ыдыраар маалда 204 бала бакча болгон болсо учурда алардын 80и гана калган. 120дан ашуун бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Ар кандай жолдор менен жеке колдорго өткөн бала бакчалардын алды сойкуканага, арты диний секталардын баш кеңсесине айланганын серепчилер айтып жатышат.

Жеке колго өттү делген бала бакчалардын бири “Прадо” аттуу эс алуу борбору болуп калган. Ал “Мадина” базарынын кожоюну, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимовго таандык дешет. Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан бул имарат союз маалында Камволдук-нооту комбинатынын бала бакчасы болгон. Имарат боюнча эл өкүлү тасмага түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, мыйзамдуу менчик ээси экенин билдирди. Бул факт боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, жарытылуу жооп алалган жокпуз.

“Эркин эл” саясый партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков сатылып кеткен имараттар боюнча тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун айтып кейийт. Ал "Прадо" мурда бакча болгонун, азыр депутат Турсунтай Салимовго тиешелүү экенин тастыктаганбыз деди.

- Бул маалымат такталган. Муну биз эле эмес, ушул жердеги тургундар да тастыктап, тактап айтып беришет. Эң өкүнүчтүүсү кичинекей балдар чоңойгон ыйык жер мына азыр ушундай сойкуканага, кафеге, караокеге, дискотекага, кыскасы ыплас жерге айланганы жеке эле бул жердеги тургундарды гана эмес, жалпы эле коомчулукту кыжырлантат.

Бала бакчанын эс алуу борборуна айланышына жергиликтүү жашоочулар да нааразы. Чыгыш-5тин жашоочусу Нургүлжан Мырзабекова:

- Бизге тынчтык жок. Мастар келет, ичет. Депутаттар өздөрү да келишип ичишет, машинелеринен сигнал берип, жаңжал чыгарышат. Мен канча жолу эскертип айттым. Кайра мени шылдыңдашты.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 1995-2012-жылдар аралыгында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалар боюнча 50 кылмыш иши козголуп, 31 объект мамлекетке кайра кайтарылган. Бирок бала бакчалардын саны андан көбөйүп кеткен жок.

Буга чейин парламент трибунасында Шопоков 121, Москва 171 даректеринде жайгашкан мурдагы бала бакчалар Түлеев тарабынан жең ичинен сатылганы айтылганы менен прокуратура дагы деле кылмыш ишин козгой элек.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, спорт жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев төмөнкү оюн ортого салды:

- Эми прокуратура аман эле болсун. 2 жылдын ичинде болгону 17 кылмыш ишин козгоп, бирөөнү да сотко жеткирбептир. Бул эмнени айтып турат? Бул тергөө учурунда эле акырындан жашырып-жаап кожоюндардын колунда калтыруу аракети болуп жатканы ачык эле көрүнүп турат. Өкмөткө доомат койо турган болсок алар сот, салык системасына, фискалдык органдарга беришкен. Бир бала бакча 1-Май райондук Ички иштер бөлүмүнө берилген. Кээ бир азаматтар үй кылып алышкан. Айрым бакчалар квартиранттарга берилип, бизнес борборго айланган. Кээ бир азаматтырыбыз эс алуучу жайларга, бассейндерге айлантып алышкан. Булардын артында чоң күчтөр турат. Тилекке каршы биздин депутаттардын арасында ошол имараттардын ээлеринин колунда калсын дегендер да бар. Ошон үчүн финалдык стадиясына жетип калган токтомду кайра артка, комитетке жөнөтүштү.

Иштебеген берене

Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамынын 47-беренесинде:
«Мамлекеттик билим берүүчү мекемелердин имараттары бир гана мамлекеттик билим берүүчү мекемелерге берилет. Мамлекеттик билим берүүчү мекемелердин мүлктөрү билим берүүдөн башка бир да максатта колдонууга жатпайт» деп даана жазылган.

Тыныстанов 107 дарегинде жайгашкан имарат 90-жылдары Физприбордун жакшынакай эле бала бакчасы болгон. Азыр колдон колго өтүп отуруп Башкы покуратуранын алдындага Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын имаратына айланган.

“Уяча” бала бакчасы акыркы 4 жыл катары менен Бишкектеги эң мыкты бала бакча деген наамды эч кимге бербей келет. Аталган бакчанын башчысы Алла Ким:

- Менимче мектепке чейинки курак адамдын өмүрүндөгү эң маанилүү мезгил. Анткени өспүрүм 6-7 жашка чейин эле өзүнө керектүү бир топ маалыматтарды суу сиңирген кебездей тез кабыл алат да. Керек болсо өмүрүбүздүн калган бөлүгүндө да мынчалык маалымат топтой албасак керек. Эл ичинде бир баланы тарбиялаш үчүн бүтүндөй бир айыл керек деп айтылат. Анын сыңарындай биз да балдарды бүтүндөй жамаатыбыз менен тарбиялайбыз.

Кардарлардын көптүгүнөн "Уячада" бир керебетке экиден жатууга туура келет экен.

Бала бакча, мектепке чейинки билим берүү маселесин Кыргызстандын мурдагы президент Роза Отунбаеванын фонду тынбай көтөрүүдө. Отунбаева балага азыр салынган инвестиция кийин жүз эселеп кайтарымын берет деп далилдейт.

- Кыргызстанда балдарыбыз абдан көп. Мына 7 жашка чейинки 700 баланы айтып жатабыз. Ошол 700 миңдин 10 пайызы гана бала бакчага барып жатат. Президенттин стратегиясында 7 жашка чейинки балдарды сөзсүз мектепке даярдаш керек деп жазылган. Бул да өтө маанилүү нерсе. Азыр балдар үчүн салып жаткан ар бир доллар кийин 7-8 долларды сактайт экен. Муну илимпоздор тастыктаган. Кийин университетте сарптала турган акчаларды үнөмдөйт. Балдарды азыр окутушубуз керек, билимге азыр сугарышыбыз керек. Азыр билим беришибиз керек.

Бишкекте бала бакчага кезек күткөндөр саны 4 миңге жетет. Аларды толугу менен кабыл алуу үчүн 150 орундуу бала бакчадан 25и талап кылынат. Эгер бир керебетке бирден гана бала жата турган болсо Бишкекке дагы 80 бала бакча курулушу керек. Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишкекте 2005-2011-жылдар аралыгында болгону 8 бакча курулган.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG