Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Кыргызстанда бөбөктөрдүн 20% гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бала бакчаларда окуу-методикалык китептер жетишпейт. Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү системасы начар болгондуктан жеткинчектер мектепке тамга тааныбай келерин адистер белгилешүүдө.

Сизди учурдагы мектепке чейинки билим берүү системасынын абалы канааттандырабы? Балаңызды мектепке кантип жана кандай жолдор менен даярдайсыз? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Билим берүү академиясынын жетектөөчү адиси, мектепке чейинки билим берүү боюнча адис Күлсүн Сейдекулова, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айгүл Камалова жана Бишкектеги №162 “Азем” балдар бакчасынын жетекчиси Нурамия Касымова катышты.





“Азаттык”: Кыргызстанда бөбөктөрдүн 20% гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү системасы начар болгондуктан жеткинчектер мектепке тамга тааныбай келерин адистер белгилешүүдө. Айгүл айым, сиз ушундай пикирлерге кошуласызбы?

Айгүл Камалова: Бул пикир туура эмес деп айтсам жаңылышпайм. Анткени Бишкекте мектепке чейинки билим берүү мекемелери 11 миң балага ылайыкталса, азыр 29 миң бала балдар бакчасына барат.

Билим берүү башкармалыгында мындай маалыматтар ай сайын жаңыланып турат. Бала бакчага барган балдардын бардыгынын билим сапаты мамлекеттин талаптарына жооп берет. Окутуулар жаш өзгөчөлүгүнө карата да ылайыкташтырылган.

Айгүл Камалова

Айгүл Камалова

“Азаттык”: Бишкектин борборлорунда жашагандардын балдары мектепке кандай болсо да бала бакчалардан даярдалат. Ал эми жаңы конуштардагы жеткинчектердин мектепке даярдыгы кандай, аны ким карайт?

Айгүл Камалова: Албетте жаңы конуштарда бала бакчалардын аз болгонуна байланыштуу мектепке даярдоо боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн. Социалдык жактан адаптациялоо жана башка боюнча 240 сааттык сабак өтүлөт. Бала бакчага барбаган балдарды мектептин алдында атайын класстар ачылып, ошондо окутулат.

“Азаттык”: Гүлсүн айым, жеткинчектердин мектепке даяр болбой, тамга тааныбай барышы тиешелүү китептердин жоктугу менен байланыштуу эмеспи? Анткени балдарга ылайыктуу окуу-методикалык китептер дээрлик жокко эсе деп айтылат.

Күлсүн Сейдекулова: Жогоруда айтылган ойлорго бир жагынан кошулууга аргасызмын. Себеби биздин программалар илимий жактан да, практикалык жактан да балдардын жаш курагын эске алып иштелип чыккан.

Бирок мектепке чейинки мекемелерге бул мектеп эмес дегендей мамиле жасалып, программабыз чыкса да, ага кошумча дидактикалык-методикалык колдонмолор жок. Иштелип чыккандары бар, бирок алар массалык түрдө чыкпайт. Атайын долбоорлор колдогон пилоттук облус, райондорго жеткирилип, жалпы эне-аталар, бала бакча кызматкерлери ал китептерди ала албай калып жатышат. Мындай маселе жок эмес.

“Азаттык”: Мектепке чейинки билим берүү мекемелери, бала бакчалар кандай китептерге муктаж?

Күлсүн Сейдекулова

Күлсүн Сейдекулова

Күлсүн Сейдекулова: Бизде балдарды ар тараптан өстүрүү боюнча тармак-тармагы менен программалар иштелип чыккан. Ошонун багыттары боюнча методикалык колдонмолорду пайдаланса, үй-бүлө шартында ата-энелерге да жеңил болмок. Бирок китептердин аз чыгышы бир топ аксатып коюуда. Китептер иштелип чыккан жок деп айта албайбыз. Китептердин жетпей жатышынын себеби - бул маселени өкмөт каржылабай жатат.

“Азаттык”: Нурамия айым, “Балажан” эстетикалык тарбия берүү борборунун жетекчиси мектепке чейин билим берүүдө көптөгөн маселелер бар деп жыйындардын биринде айткан экен. Алардын эң орчундууларынын бири эле окуу-методикалык куралдардын жок экени белгиленген. Сиздер кандай тарбия берип, кантип мектепке даярдап жатасыздар?

Нурамия Касымова: Ар бир тарбиячынын өзунүн методикасы болушу керек. Бирок азыр бала бакчаларга мектепке чейинки балдардын психологиясын, методикасын билбеген тарбиячылар келет. Ошондуктан ушундай маселелер чыгып атат. Ошентсе да бизде орус тилинде китептер көп, ошондон кыргызча которуп иштесе мүмкүнчүлүк бар. Буга өздөрүнүн да аракети керек.

“Азаттык”: Айрым бала бакча же мектепке чейин билим берүү мекемелеринин кызматкерлери методикаларды өздөрү иштеп чыгышат экен. Ал иштеп чыккан методикалар балдарга туура келеби, жарайбы? Ушундай да маселе бар да?

Нурамия Касымова

Нурамия Касымова

Нурамия Касымова: Жок, бул методикалар жарабайт. Көп жеке борборлорду ушул багытта караш керек. Албетте алар да балдарды мектепке даярдоодо жардам берип жатат. Бирок биз сүрүштүрүп көрсөк төрт жаштагыга деле, беш, алты жаштагы балага деле ошол эле программалар берилет. Бул туура эмес, ар бир баланын өзүнө ылайык бурчу болуш керек. Физиологиясы башка.

Азыр биз төрт жаштагы эмес, алты жаштагы баланы мектепке даярдоону талашып жатабыз. Эмнеге бала жазганды билип анан мектепке барыш керек? Мектепке баргандан кийин гана жазганды үйрөнүш керек. Бала бакчада ар тараптан акыл-сезимин өстүрүш керек. Тамганы билиш керек, бирок жазууну мектептен үйрөнөт.

Мектепке бергенде бир мүнөттө 60 сөз окуш керек дегендей талап коюшат. Бул туура эмес. Мисалы, ошол окуган нерсесин кайра кайталап, түшүнгөнүн айтып бер десе айта албайт. Ошондуктан жети жашка келгенде баарын окуп, билгенге жөндөмдүү болот.

Биз бала бакчада балдарды оюндар менен аң-сезимин өстүрөбүз. Ал эми мектептеги программаларды карасам жарым жылга чейин сабактарында оюн болуш керек экен. Андай жок да.
XS
SM
MD
LG