Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Прокурорлор бала багуу үчүн эмес, жумуш ордун сактап калуу максатында ушундай ыкманы эң мыкты өздөштүрүп алганын билген адистер айтышат.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева парламентте отчет берүү маалында прокуратурада бала багам деп декреттик эс алууга кеткен эркек кызматкерлердин санына таң калганын билдирди.

Ошол эле учурда ал мыйзам боюнча мындай эс алууга чыгуу укугуна аялдардай эле эркектер дагы толук ээ экенин кошумчалады.

Декретке кеткен эркек прокурорлордун санын билгиси келип, бирок так жооп албай калган Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев декреттик эс алуу укугун эркектер башка максатта колдонгон учурларын көрүп эле жүргөнүн билдирди:

- Мисалы, мен салык кызматында иштеп жүргөндө билгем. Кээ бир кызматкерлер бул жетекчи кызматтан кеткенден кийин кайра келем деп, декретке кетет. Формалдуу түрдө мыйзамдын максаты башкачараак да. Жигиттер мисалы, алты айлык баланы кантип багат эле? Эмчегин береби? Кичине окшобой калат экен көп учурда.

Бул атайын жасалган нерсе. Эмне эркек прокурорлор эле аялдарын аяп, балдарын багып жатыптырбы?

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова чындыгында эле декреттик эс алуунун даамын биринчилерден болуп прокуратура кызматкерлери татканын айтат. Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын учурунда кызматтан жылбыша баштаган айрым прокурорлор жан аргасын ушул мыйзамдан табышкан. Арыз жазып, жумуштан кол жуугуча, эки иштен бир иш дегендей, декретте эс алып, баласын да багып, жумуш ордун дагы сактап калуу бактысын прокурорлорго ушул мыйзам камсыз кылганын Сооронкулова жашырбайт.

Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова

- Атын айтпай эле коеюн, антсем ал мага таарынат. Аны бир прокурор баштаган. Иштен кетет деп жатканда аялы төрөп, дароо декреттик эс алууга чыгып кеткен. Мындай эс алууга кеткен кишини жумуштан эч ким кетире албайт. Анан декретте үч жыл отурду. Үч жылдан кийин саясат алмашты, башка жетекчи келди. Декретке чыккан киши азыр иштеп жүрөт. Бул атайын жасалган нерсе. Эмне эркек прокурорлор эле аялдарын аяп, балдарын багып жатыптырбы? Андай эмес. Юристтер чөйрөсүндө ал кишини аябай тамашалап жүрүштү. Бирок ошондон кийин бул "адат" уланды. "Кызматтан кет" дегенде эле декретке чыга калышат. Аялы төрөп калат же бала багып алат. Анан аялдарын бир жерде иштеди кылып коёт да.

Сооронкулова мыйзамды майда-чүйдөсүнөн бери чаккан прокурорлор бала үчүн эмес, жумуш ордун сактап калуу үчүн ушундай ыкманы эң мыкты өздөштүрүп алганын, азырынча муну башка кызматтагылар аңдап деле биле электигин айтты. Декретке эркектер дагы чыгат деген мыйзамды көпчүлүк биле бербесин шаар тургундарынын сөзүнөн билүүгө болот:

- Декретке эгер келинчеги ооруп ооруканага жатып калса, ошол маалда чыгат деп уккандай болгом. Бирок кыргыздар антип чыкпайт го. Бизде куру намыс деген бар да, - деди Айбек аттуу Бишкектин тургуну.

Социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Гүлмира Окоеванын айтуусунда, бала багууга аталарды тартуу жобосу мурда жок болчу. Бирок үч-төрт жыл мурда гендерлик теңчилик маселесинен улам мыйзамга баланы багуу укугун атага да, баланын чоң ата, чоң апасына да берүү жобосу киргизилген.

Жайлоо, Кыргызстан

Жайлоо, Кыргызстан

- Бала үчүн атанын да, эненин да жоопкерчилиги бирдей болушу керек. Азыркы заманда көбүнчө жумушу жок үйдө отуруп калган эркектер бар. Анан аялы декретте отурса, андай үй-бүлөнүн кирешеси жок калат да. Бул жерде аны үй-бүлө мүчөлөрү сүйлөшүп, өз ара чечет. Мисалы, аялынын айлыгы көп болсо, ал "кел, сен бала менен отур, мен иштейин" дейт да. Үй-бүлөнүн экономикалык абалына жараша болушу керек.

Эмгек кодексинин 307-беренесине ылайык, аялдар 126 күн декреттик эс алууга чыга алат. Бул убакыт үчүн жөлөк пул каралган.

Ал эми андан ары балага үч жашка чейин кам көрүү жобосу 137-берене менен бекитилип, ага ылайык баланы багууга эне гана эмес башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн да укугу киргизилген. Бирок бул эс алуу убактысы үчүн мамлекет акча төлөп бербейт.

Прокурорлор тарабынан ар тараптуу өздөштүрүлгөн бул мыйзам менен азырынча кыргыз коому жакшы тааныша элек. Бирок ар кандай себептерден улам ата-эненин ич ара макулдашуусунун негизинде балага атайын убактысын арнап, кам көрүү маданияты өзгөчө батыш өлкөлөрүндө жакшы өнүккөн. Алсак, Британияда бала багам деген атага мамлекет бала бир жашка чыкканга чейин жөлөк пул чегерет. Ушул тапта бул мамлекетте бала багуунун мөөнөтүн үч жылга созуу талаптары айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG