Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

2015-жыл балдардын укуктары көп бузулганы, жеткинчектерге зордук-зомбулук күчөгөнү менен эсте калды.

Укук коргоочулар үй-бүлөдө кордук көргөн аялдар азайбай, өспүрүм куракта эркине каршы турмушка узаткан учурлар көбөйгөнүн жана жабык жайларда кыйноо фактылары токтобой жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

Кордолгон балдар

2015-жылдын 11-январында Бишкектеги балдар ооруканасына туугандарынан запкы жеп, зордукталып түшкөн эки жашар наристенин үрөй учурган окуясы коомчулукту ойготуп, эч кимди кайдыгер калтырган жок. Мындан улам кыргыз бийлиги балдарга карата зомбулукту токтотууга билек түрө киришкенин жарыялаган. Эки жашар Ибрагим борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалып жана зордукталып түшкөн. Ал бир нече ай ооруканада эс-учун билбей жаткан.

Бул окуядан кийин ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн комплекстүү программанын иши жигердүү болушу керектигин белгилеген.

Жоомарт Оторбаев

Жоомарт Оторбаев

- Биздин милдетибиз - ушул өңдүү окуяларды токтотуу. Балдарга карата зомбулукту токтотуудагы кыйынчылык - наристелерди өз жакындары кордоп жатканын айтсак болот. Себеби, мындай учурда факт дайыма эле ачыкка чыга бербейт. Азыр биз ушул көйгөйдү талкуулап, эмне кылуу керектигин аныктап алалы. Ушундай абалда балдар ооруканага түшүп калган болсо, дарыгерлер дароо милицияга кайрылгыла. Ал эми милиция эң мыкты тергөөчүнү ушул тармакка жөнөткүлө. Социалдык кызматкерлер, силерде бардык үй-бүлөнүн дайын-дареги бар. Тез арада үйлөрдү кыдырып, зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзгүлө. Мектептерде маалыматтар берилсин.

Оторбаев балдарга ырайымсыз мамиле кылгандарга жазаны күчөтүп, катаал мыйзамдарды киргизүү керектигин кошумчалаган. Жадагалса жыйындардын биринде зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн чоң сүрөтүн борбордук аятка илүү демилгесин да көтөргөн.

Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдөгү мечиттерде жума намазда зомбулукка каршы кутпа окулсун деп буйрук чыгарганы маалым.

Өз баласын өлтүргөн ата-энелер

Мындан көп өтпөй, февраль айында коомчулуктун үшүн алган дагы бир окуя катталган. 33 жаштагы келин үч жашар уулун жана төрт жаштагы кызын бычактап өлтүргөнү коомчулукту дагы бир ирет сестентти. Тогуз ай толготуп төрөгөн балдарын өлтүрдү деген келин Бишкектеги №44 мектепте англис тилинен сабак берери, буга чейин бир топ мектептерде иштегени маалым болгон.

Тилекке каршы, бейкүнөө, алсыз балдардын жакындары тарабынан жан бериши, сабалышы 2015-жылы бир нече ирет кайталанды. Апрелде эки жаштагы баласын таяктаган келин камалган. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагына ылайык, бала оор жарааттан улам каза тапкан. Бети-башы көгөрүп, кабыргасы сынган, ички органдары жабыркаган. Мындан көп өтпөй балдар ооруканасына денеси көгала болуп шишиген дагы бир наристе түшүп, айыптуу делген атасы камалган.

Бачабаздарга аёосуз жаза керекпи?

Балдарды кордогон окуялардын удаа-удаа кайталануусунан кийин бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, активисттер наристеге зомбулук көрсөткөндөр жазаланышын көзөмөлгө алуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Алардын бири юрист Атыр Абдрахматова балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

- Биз, активисттер чогулуп, иш баштадык. Коомчулуктун аң-сезимин оңдоо, балдарга болгон зомбулуктун артында жаман тенденция, караңгы келечек күтүп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Ал эми өкмөттүн ишинен пайда жок, мыйзам, программа бар, бирок жыйынтык жок. Акыркы окуяга ким жооп берди? Тиешелүү кызматтар эмнеге унчукпай отурат?

"Энелер педофилияга каршы" акциясы. 20-январь, 2015-жыл

​Күнөөлүүлөрдү камоо менен бул көрүнүш токтоп калган жок. Декабрдын башында Базар-Коргондо жети жаштагы Тахмина Кенжебаева таежесинин ур-токмогунан набыт болду. Ата-энелерди сестенткен дагы бир окуя Бишкекте 10-декабрда катталды. Милициянын маалыматына караганда, 1-класстын окуучусу сабакка барам деп чыккан боюнча мектепке жеткен эмес. Аны жолдон үй-бүлөнүн көптөн берки таанышы тосуп алып, уктатуучу дары берип койгон. Милиция окуя болгондун эртеси баланын жансыз денесин тапкан. Сузак районунда 36 жаштагы киши 1,5 жашар өгөй кызын кыйнап өлтүргөн окуя коомчулуктун үрөйүн учурду. Мындан улам балдардын коопсуздугу, ата-эненин жоопкерчилиги деген маселе күн тартибине чыкты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери балдарга каршы жасалган 755 кылмыш иши катталып, 570и сотко ɵткөн. Ал эми Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо уюмдарынын ассоциациясынын маалыматына караганда, 2015-жылда катталган кылмыштардын 25% сексуалдык мүнөздө болгон. Ушундан улам өкмөттүн программасын талкуулоо учурунда “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Балдарга карата кылмыштарга жазаны күчөтүп, кылмышкерлерге мунапыс берилбеши керектигин сунуштады.

Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында бачабаздарды бычып салууну колдой турганын билдирген.

- Мен бачабаздар менен террорчуларга өлүм жазасын киргизмекмин. Бирок буга биздин Конституция жана эл аралык милдеттенмелерибиз тыюу салат. Мындай кылмышкерлер менен жапайы ыкмада күрөшүү керек. Анткени алар адамдар эмес. Жакында эле атасы баласын зордуктап салганы, жакындары аны коргоого аракет кылганы тууралуу маалыматты уктум. Мен алардын ордунда болгондо кылмышкерди ташбараңга алмакмын. Кээ бир уюмдар адам укугу бузулуп атат деп айтып жатышат. А баланын укугун ким коргойт?

Өзүнө кол салган өспүрүмдөр

Жакындарынан запкы көргөн окуялардан сырткары 2015-жылда өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйган учурлары да кездешпей койгон жок. Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарды. Адистердин айтымында, соңку кездери зомбулук жана жашы жете электерди зордуктаган фактылардын көбөйүшү да балдардын эртелей жашоо менен кош айтышуусуна алып келүүдө. Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова коом балдарды коргоого даяр эмес деген пикирде:

- Тилекке каршы, Кыргызстанда балдардын коопсуздугун коргоо системасы толук кандуу иштебейт. Өлкөдө улам-улам балдар жоголуп турат. Айрымдары бат эле табылат, кээ бирлери жылдап, айлап табылбай калат. Себеби, бизде жоголгондорду издөө милициянын гана милдети деген түшүнүк бар. Чынында эле факт жүзүндө бул иш менен күч түзүмдөрү эле иштеп келет. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай учурда жарандык коом да чоң роль ойнойт. Милиция менен тыгыз иштешет. Мисалы, АКШда жоголгон балдарды издөө борборлору бар. Кай бирлеринин дайыны чыкпай калса, ошолорго чалышат. Ал жерде иштегендер заматта аракет көрүп, баланын сүрөтүн аялдамаларга, дүкөндөргө, бекеттерге чапташат. Радио, телевидениеде бат-баттан жарыя чыгып турат. Андай кезде кылмыш жасаган киши колго түшүп калбоонун амалын издеп, баланы кайсы бир жерге калтырып кетет. Ошентип, жеткинчек үйүнө кайтат. Ал жакта жоголгон балдар көп учурда 100 пайыз аман-соо табылат. Биз эки жыл мурун ушундай борбор ачуу максатында өкмөткө кайрылганбыз, бирок биздин сунушубузду колдошкон жок.

Үй-бүлөдөгү зомбулук азайган жок

Эл аралык Human Rights Watch уюму ноябрь айында Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун абалы, аялдардын укугу боюнча атайын баяндамасын жарыялады. Сурамжылоого катышкан кыргызстандык аялдардын басымдуу бөлүгү зомбулукка кабыларын, күйөөсүнөн коркуп тартип коргоо органдарына же дарыгерлерге кайрыла албасын айтышкан. Көптөрү физикалык, психологиялык зомбулуктан улам ооруканага жатып чыкканын жашырган эмес.

Баяндамада Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту токтотуу, кыздарды ала качууга каршы чаралар көрүлгөнү менен абал өзгөрбөгөнү, мындай көрүнүштөр уланып жатканы белгиленген. Ошондой эле бийликти бул маселеге көңүл бурууга чакырган.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылдын 9 айында 2179 аял, 67 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка учураган. Кордук көргөн эки миңден ашуун аялдын жарымынан көбү иштебейт жана 90у пенсия курагында. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалып, 24,9% психикалык кысымга алынат. Бир бөлүгү зордукталган. Бул жаатта акыркы сегиз ай ичинде 166 кылмыш иши козголгон. "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүү зарылдыгын белгилейт.

- Бул маселенин тамыры ар кандай. Зордук-зомбулукка ичкич, баңги, кумарпоз же мигранттын жубайлары кабылып жатат. Мунун алдын алуу керек. Мамлекетте болуп жаткан нерсенин баары ар бир адамдын жүрөгү, ар бир үй-бүлө аркылуу өтөт. Ошондуктан кыйын кырдаалда кеп-кеңеш берчү мамлекеттик борборлор болушу керек.

Жабык жайларда кыйноолор уланууда

Укук коргоочулар жабык жайларда жана милицияга алгачкы түшкөн сааттарда кыйноого кабылган учурлар азайбай жатканын белгилеп келишүүдө. Маселен, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысынын милдетин аткаруучу Нурдин Сулаймановдун ырасташынча, узаган жылда кыйноо фактылары көп катталды. Былтыр бир жыл ичинде 60 факты катталса, быйыл жети айда эле 50 факты катталган.

Иллюстрация

Иллюстрация

Укук коргоочулар кыйноолор ИИМде, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында, психиатриялык ооруканаларда көп катталарын айтып келишет.

Ал эми прокуратура жарым жылда 13 милиция кызматкерине карата кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органдын жарандардын укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кетиреңов кыйноо фактыларынын басымдуу бөлүгү милиция бөлүмдөрүндө катталарын “Азаттыкка” билдирди.

- Жалпысынан кыйноолорго байланыштуу 28 материал табылды. Анын ичинен 10 факт боюнча 13 милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жарандарга карата катаал мамилелердин дээрлик бардыгы милиция бөлүмчөлөрүндө катталган.

Байкоочулардын баамында, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөргө күнөөнү моюнга алдыртуу үчүн көп учурда башына баштык кийгизип, электрошокер, дубинка менен сабашат, аябай тепкилешет. Психологиялык басым менен кыйноонун далилдөөгө оор болгон катаал ыкмаларын колдонушат.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун пикиринде, зомбулук фактылары азайбаса да, зөөкүр милицияларды жазага тартуу жагында жылыш бар.

- Былтыр бизге 70 арыз түшсө, быйыл кыйноо боюнча кайрылгандардын саны 130га жетти. Кыйноо фактылары азайып жатат деп айтууга болбойт. Бирок кыйноолорго каршы Башкы прокуратурада атайын бөлүм ачылганы чоң жылыш. Анткени кыйноолорго каршы кылмыш иши козголуп жатканына үч эле жыл болду. Болбосо 10 жылда бир да кылмыш иши козголгон эмес.

Милиция өзүнө айтылган дооматтарды четке кагып келет.

Эрте турмушка берүү көрүнүшү көбөйдү

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жаңы иликтөөсүнө караганда, акыркы кезде жашы жете элек куракта никеге турган кыздардын саны өсүүдө. Кыргызстанда өспүрүм куракта, 14-17 жашта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет. Коалициянын өкүлү Гүлбарчын Жумабаеванын айтуусунда, балакатка жете электе турмуш курган көрүнүштөр көбүнесе айыл жеринде кездешет. Көп учурда ата-эненин макулдугу менен болгондуктан кыздар өз укуктарын коргоо үчүн атайын органдарга кайрылбайт, укугу бузулуп жатканын деле билбейт.

Өз эркине каршы күчтөп никеге тургузуу көрүнүшү да азайбай келет. (Зомбулукка каршы акциядан алынган сүрөт. 2013-жыл)

Өз эркине каршы күчтөп никеге тургузуу көрүнүшү да азайбай келет. (Зомбулукка каршы акциядан алынган сүрөт. 2013-жыл)

- Бул барып-барып чоң социалдык көйгөйгө айланары айдан-ачык болуп турат. Өкүнүчтүүсү - жаш курактагы никенин көбү ажырашуу менен аяктаганы. Мисалы, Ош облусуна караштуу Ноокат районунда бүгүнкү күндө жүрүп жаткан сот иштеринин 70 пайыздан ашууну ажырашуу, алимент, балдарга жөлөк пул алуу боюнча экен. Мындай талап менен чыккандардын көбү жаш үй-бүлөлөр. Айыл өкмөтү "нике күбөлүгүбүз жок эле, аталыгын аныктап бер, алимент алып бер" деп бизге келишет дейт. Айылда 9-класста окуган кызга үйлөнүп, аны эки баласы менен кетирип жиберип кайра эле 9-класстын кызын алып алгандар бар экен.

Кыргызстандын мыйзамдарында кызды жашы жете элек куракта, тагыраагы 18 жашка чейин мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. Мындай шартта нике күбөлүгүн алып расмий катталбай эле, мыйзамды кыйгап өтүп диний жөрөлгөлөрдү жасап, молдого нике кыйдырып алып жашаган “амалдуулар” да жок эмес. Мындан улам укук коргоочулар ата-эненин, нике кыйган молдонун, тартип коргоо органдарынын жоопкерчилигин көтөрүү зарылдыгын белгилешүүдө. Экинчиден, мындай көрүнүштү көрүп-билип туруп көз жумган ошол эле мектептин мугалимдери, кошуна-колоң жана жалпы коомчулуктун кайдыгерлиги кедергисин тийгизүүдө.

Декабрдын башында кыргыз бийлиги Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Мира Риттманнды Кыргызстанга киргизбей койду. Тышкы иштер министрлиги Риттманн миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Кыргызстанга киргизилбегенин билдирди.

- Мира Риттманнды персона нон-грата деп айтууга болбойт. Ал саясатчы же дипломаттарга берилет. Human Rights Watch уюмунун өкүлү миграциялык мыйзамды бузган үчүн киргизилген жок.

Ал ортодо укук коргоочулар адам укугун коргоо жаатындагы адамдарга кысым башталганын билдирип, бул көрүнүш эл аралык аренада Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүрүп жатканын билдирип чыгышкан.

Айтмакчы быйыл акыйкатчыны, өлкөнүн башкы укук коргоочусун тандоо бир катар талаштар менен коштолду. Парламент биринчи ирет акыйкатчыны тандай албай, экинчи жолу сынак жарыялаган. 30-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчылыгына Кубат Оторбаевди шайлады. Жаңы акыйкатчы бул кызматты элдик иш деп атап, хандан да, бектен да кайра тартпай адам укугун коргоого сөз берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG