Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Учак кырсыгы: жабырлануучуларга топтолуп жаткан акча уурдалды


Кара-Суу районундагы Шарк айылында учак кырсыгынын жабырлануучуларына жардам катары топтолуп жаткан 31 миң сом уурдалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, акча топтолгон куту айылдын маданият үйүндө турган. Уурулар маданият үйүнүн чатырынан кирип, акчаны жана компьютерди алып кетишкен. Бул факт боюнча иликтөө иштери башталды.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адам каза болгон. Алардын ичинен төртөө учак экипажынын мүчөлөрү - түрк жарандары болгон. Ошондой эле 23 үй кыйраган.

Кырсыктын жабырлануучуларына жардам берүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында каражаттар чогултулууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата 20 миллион сомдон ашык каражат топтолду.(YI/BkA)

XS
SM
MD
LG