Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Мигрант баласы орус тилин үйрөнүүгө аргасыз


Жийделик айылындагы мектептин окуучулары.

Жийделик айылындагы мектептин окуучулары.

Кара-Суунун Жийделик айылындагы мектепте мигранттардын балдарына орус тилин жана компьютерди үйрөтүү борбору ачылды.

Мында балдар орус тилинде сүйлөшүүнү жана жазууну сабактан сырткары убакта окушмакчы.

Мектеп мугалимдеринин айтымында, бул аргасыздан жасалган иш. Анткени буга чейин Орусиядагы ата-энелеринин жанына кеткен балдар тил жагынан кыйналган учурлар болгон.

6-класстагы Хадижанын ата-энеси эки жылдан бери Орусияда жүрөт. Алар өздөрү да ал жакта тилден кыйналып жатышканбы, айтор кызына “орус тилин жакшы үйрөн” деп телефондон тынбай айтышат экен. Хадижа “орусча сүйлөп алсам эле апамдардын жанына кетем” деген үмүттө:

- Буга чейин мени алып кетмек болушуп, бирок ал жакта орус мектепте окуй албайт деп калтырып коюшкан. Апамды аябай сагындым. Орусча тезирээк билип алсам, Орусияга кетет элем.

Окуу борборунун ачылышы.

Окуу борборунун ачылышы.

Кара-Суунун Жийделик айылындагы Хабибулла Тажиматов атындагы бул мектепте мигранттардын балдары 70тен ашык. Бул окуучулардын жалпы санынын 15% түзөт. Жыл өткөн сайын айылдан чет өлкөгө иштеп кеткен ата-энелердин саны арбып жатат. Алар мурда балдарын туугандарына калтырып кетишкен болсо, жакындан баштап өздөрү менен кошо алып кете башташты. Ошол себептүү бул мектепте мигранттардын балдарын кошумча орус тилине үйрөтүү борбору ачылган:

- Каалайбызбы, каалабайбызбы көп ата-энелер миграцияга кетип жатат. Алар Орусияда иштеп, жайлашып алгандан кийин балдарын алып кетишүүдө. Ал жерге барса, сөзсүз орус тилдүү мектепте окушат. Балдар ага чейин жалаң өзбекче окуп жатышса, баргандан кийин орусча эч нерсе түшүнбөй, же андан жок, же мындан жок калышат. Биз бул борбордо балдарга сабактан сырткары да кошумча тил үйрөтүп, жардам беребиз, - деди мектептин орус тил мугалими Мухаем Жоробаева.

Жийделик айылында негизинен өзбек тектүү тургундар жашайт. Алар мамлекеттик тилди жана расмий тилди эне тилиндей биле беришпейт. Анткени кээ бир класстарга орус тил сабагы аптасына бир жолу гана өтөт.

- Чынында балдар орус тилинен аксашат. Бир эле биздин мектепте эмес, көп эле өзбек тилдүү мектептерде абал ушундай. Өзгөчө мигранттардын балдары жакшы окубайт. Анткени аларды караган ата-энелери жок. Биз азыр бул борбор аркылуу балдардын сүйлөө кебин өнүктүрөлү деп жатабыз. Анан кантип жазуу керек, кантип сүйлөшүү керек ошонун эң негизгилерин гана окутабыз. Тереңдетип окутууга баары бир мүмкүнчүлүк жетишпейт, -деди Мухаем Жоробаева.

Борбордо балдар кошумча Орусиядагы ата-энелери менен интернет аркылуу байланышууга да мүмкүнчүлүк алат. Балдары Орусияга кеткен ата-энелердин бири Розияхан Кимсанова мындай деди:

- Менин балдарым азыр Орусияда. Алар барып ал жакта тилден аябай кыйналышты. Азыр деле толтура азабын тартып жүрүшөт. Анан неберелеримди менин колума таштап кетишкен. Эми алар дагы орусча билбей калбасын деп чочулайм. Ошого азыртан баштап аларды ар жерге окутуп, орус тилин үйрөтүп жатам. Эми ушул борбор аркылуу да жакшыраак билим алса керек.

Бул борбор “Интербилим” эл аралык бейөкмөт уюмунун Оштогу бөлүмү тарабынан ишке ашкан. Анын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева тил борборун ачуу мезгил талабы экенин айтты:

Жийделиктеги мектеп.

Жийделиктеги мектеп.

- Ата-энеси жок балдар башка бирөөнүн колунда жүрсө, карап аткан адам аны окутканга көп кызыкдар болбойт экен. Кошумча курстарга же ийримдерге катыштырбайт. Ошон үчүн мигранттардын балдарын акысыз окутууга жардам бергени жатабыз. Алар бул жерде бир эле орус тилин эмес, компьютерде иштегенди да үйрөнө алышат.

Жийделик айылы Кара-Суунун Нариман айыл округуна карайт. Бул жактан жылына 500дөй киши миграцияга кетерин расмий органдар билдирет. Айыл округунун жетекчи орун басары Исламидин Пратов алардын ата-энелерине жардам бере албаса да, балдарына каралашып турушарын айтышат:

- Биз эми мигранттарга жумуш таап бере албайбыз. Анан жок дегенде алардын балдарына жардам берели деген аракетибиз бар. Мигранттын балдары таята-таенесинин же чоң ата-чоң энесинин үйүндө жүрөт. Кээ бирлери жакын туугандарыныкына таштап кетет. Алардын жалпы тизмесин алып, ал-акыбалын сурап турабыз. Былтыркы жылы ар бир балага 1000 сомдон, тоголок жетимдерге 3000 миң сомдон жардам кылганбыз. Мындан көбүрөөк көмөк кылганга бюджетибиз тартыш.

Адистер соңку жылдары мигранттардын балдары көбөйүп баратканын, бирок алар сабатсыз өсүп жатканын эскертип келишет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG