Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Талас: Секелекти кордогон тууганы


Иллюстрация
Иллюстрация

Учурда Жогорку Сотто таластык өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча иш каралууда.

Аталаш тууганынын кызын зордуктады деп айыпталган Эрлан Дөлөнов Бакай-Ата райондук жана Талас облустук сотунун чечими менен шартуу түрдө эки жылга кесилген. Жабыркаган тарап буга нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрылган. Алар кылмышкерди 20 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылууда.

Сексуалдык запкыга кабылган он төрт жаштагы кыздын эжеси Рахима Айкымбаева акыркы үмүт менен Жогорку Сотко кайрылганын билдирди. Жабыркаган тарап жергиликтүү соттордун зордукчул адамга шарттуу түрдө эки жыл гана жаза чектегени менен макул эмес. Бул ирет да катаал жазага тартылбаса, күнөөкөрдү өз алдынча соттоорун айтышууда:

- Сиңдимдин зордукталганын былтыр жайында билдик. Андан сураганыбызда, баарын айтып берди. Айлабыз кетип, жаман болдук. Акыры милицияга кайрылдык. Эми Жогорку Сот кылмышкерди жазага тартат деген ишенимде турабыз. Антпесе, атам менен бир тууганым Эрлан Дөлөновду өзүбүз жазалайбыз деп жатышат. Окуянын мындай өңүткө айланып кетишинен корком.

Ал эми айыпталып жаткан адамдын жакындары анын бейкүнөө экенин билдирип, актоону талап кылып чыгышты. Эрлан Дөлөновдун эжеси Жылдыз Дөлөнова иниси намаз окуган, ыйман жолундагы адам экенин, айылда коңшу турган аталаш туугандары жашы жете элек кызды зордуктады деп каралап жатканын айтууда:

- Зордукталды деп айтылып жаткан кыздын чоң атасы менен менин атам бир тууган. Инимдин үч баласы бар. Келинчеги менен жакшынакай эле жашачу. Намаз окуп, төшөктө жаткан атамды карап жүрдү. Чыр башталгандан кийин атам каза болуп калды. Аталаш сиңдим Рахима бизге жалаа жаап атат. Алар кыз айылда жашай албай калды деген жүйө менен Бишкектен ага жатакана тибиндеги үйдөн бир бөлмөлүү батир алып бергиле дегенинен ойлонуп калганбыз. Бирок иним күнөөсүз экенин айтып, бизди тыйып койду.

Талас облусунун Кыргызстан айылынын тургуну Рахима Айкымбаева Бакай-Ата райондук сотуна былтыр жайында арыз менен кайрылган. Ал иниси менен келини ажырашып кетип, алардын кызы, 14 жаштагы Айгеримди кичинесинен багып жүргөнүн, 2012-жылдан былтыркы жылга чейин өспүрүм кыз жакын тууганы, жашы отуздан ооп калган Эрлан Дөлөновдун сексуалдык кордугуна кабылып келатканын укук коргоо органдарына билдирген.

Териштирүү учурунда айыпкер күнөөсүн моюнуна алган. Райондук сот аны айыптуу деп таап, эки жылга шартуу түрдө соттогон. Кийин Талас облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтыргандыктан, зордукталган өспүрүмдүн туугандары андан жогорку инстанцияга арыз жолдогон. Азыр ишти Жогорку Сот жабык карап жатат. Аталган мекеменин басма сөз кызматы териштирүүдө жергиликтүү соттордун бул иш боюнча мүчүлүштүк кетиргени аныкталса, алардын аракеттерине баа берүү сунушу сот тандоо кеңешине жиберилерин кабарлады.

Укук коргоочулардын баамында, Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон балдар, өспүрүмдөр четтен чыгат. Бирок көпчүлүк учурда алардын тагдырына балта чаап, запкы көрсөткөндөр тиешелүү жазага тартылбай калууда.

Мындай тагдырга кабылгандарга реабилитациялык жардам көрсөткөн Бишкектеги балдарды коргоо борборунун кызматкери Майрам Тилебалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, былтыр мурдагы жылдарга караганда зордукталган секелектердин саны көбөйгөн. Ал күнөөлүүлөрдү катуу жазалап, андан кийин элге кеңири маалымат жеткирилсе, кыз ала качуу өңдүү эле мындай кылмыштар да азаймак деген пикирде:

- Өлкөнүн мыйзамы боюнча балдарды зордуктагандарды катаал жазалоого болот. Анткен менен бул чара кандай колдонулуп жатканы суроо жаратат. Мына, кыз ала качкандар тыйылбадыбы. Ошол сыяктуу эле тиешелүү жазаларды берип, андан кийин алар тууралуу коомчулукка тынымсыз кабар таратыла берсе эле көйгөйгө чекит коюлмак.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, өткөн жылы балдарды зордуктаган 74 учур катталган. Зордукталгандар арасында туугандарынан зомбулук көргөндөр да бар. Ал эми быйыл жыл башынан бери балдардын зордуктоого кабылганы боюнча 28 факты каттоого алынганын Ички иштер министрлиги билдирди. Укук коргоочулар болсо каттоого алынбай, тартип сактоо органдарына кайрылбай, оор тагдырды баштан кечирген балдардын саны мындан бир топ жогору экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG