Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Укук коргоочулар балдарга карата зордук-зомбулук азайбай жатканын жарыя айтып коңгуроо кагышууда.

Бишкектеги “Балдарды коргоо” борборуна тогуз айдын ичинде сексуалдык зомбулукка кабылган 24 бала келип түшкөн, алар 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар. Ушул тапта аталган борбордун реабилитациялоо жайында түрдүү зомбулукка туш болгон 12 бала жашап жатат. Алардын бири он беш жаштагы Гүлбурак беш жашынан бери атасынын кордугун көрүп келген.

Гүлбурак “Балдарды коргоо” борборуна өткөн жылы декабрь айында келип түшкөн. Ата-энеси ажырашып кеткенден кийин наристе кыз бир жашынан тарта атасынын колунда калган.

Атасы көчөт кыз беш жашка толгон мезгилде арак ичип келип, алгачкы жолу зордуктаганын, бул жоругун дээрлик он жылга жакын убакыттан бери кайталап жүргөнүн аталган борбордун психологу, социалдык педагог Бактыгүл Суворова айтып берди. Анын айтымында, зөөкүр атанын бул жоругун Бишкекте алар жашаган батирдин ээси байкап калып, милицияга кабарлап, кыз борборго түшкөн:

Алтыга чыкканымда чоң энем кайтыш болуп, атам мени Бишкекке алып келген. Андан кийин мас болгон сайын эле зордуктачу. Улам үйлөнүп, кайра ажырашып, сегиз аял кетирген.

- Биринчи жолу кыз алты жашында зордукталыптыр. Андан кийин арак ичип, мас болгон сайын эле кызын зордуктап жүргөн. Сексуалдык жактан гана эмес, жөнү жок себептер менен кызды уруп-сабап, токмоктоп жүргөн. Бишкекте бир батирде жашап жүргөн учурда ошол батирдин ээсинин кызы байкап калып, ошол жерден бул иш билинет. Кыз болгонун болгондой батирдин ээсине айтып берип, алар милицияга кабарлап, кыз бизге келген. Декабрдан бери атасы карматпай качып жүргөн, бир жума мурда кармалды.

Гүлбурак өзү кенедейинен башынан өткөн жаман күндөрдү эстегиси да келбейт.

- Беш жашымда биринчи жолу зордуктаган. Чоң энеме айтайын десем, катуу сабап, “эч кимге айтпа” деп коркуткан. Коркконуман айта алган эмесмин. Алтыга чыкканымда чоң энем кайтыш болуп, атам мени Бишкекке алып келген. Андан кийин мас болгон сайын эле зордуктачу. Улам үйлөнүп, кайра ажырашып, сегиз аял кетирген. Кээде кетип калган аялдары үчүн да мени сабачу.

Гүлбурак ушул тапта камакта жаткан атасына эч кандай аёо сезими жоктугун, көңүлү калганын айтат:

- Боорум оорубайт. Анткени ушунчалык көңүлүм калган. Буга чейин кантип жашап жүргөнүмдү билбейм. Жөнү жок эле кол көтөрүп, классташтарым менен сүйлөшүп калсам, “алар менен эмнени сүйлөшүп атасың, тиги бала ким, бул бала ким?” деп эле ура берчү.

Жөнү жок эле кол көтөрүп, классташтарым менен сүйлөшүп калсам, “алар менен эмнени сүйлөшүп атасың, тиги бала ким, бул бала ким?” деп эле ура берчү.

Гүлбурак мектепте дээрлик окуган эмес. Атасы менен улам бир жерге көчүп, бир-эки ай окуп, кайра таштап, алтынчы классты гана бүтүргөн. Учурда кыздын документтери да жок. “Балдарды коргоо” борборунун кызматкерлери кыздын апасын таап байланышкан кезде, ал Орусияда иштеп жаткан болуп чыкты. Социалдык педагог Бактыгүл Суворованын айтуусунда, апасы келсе кыз мыйзамдуу өкүлү катары апасынын колуна тапшырылат:

- Апасы менен үч айдан бери сүйлөштүрүп жатабыз. 5-июлда келет деп күтүп отурат. Келсе, апасы менен алгач биз сүйлөшүп, консультация өткөрөбүз. Андан кийин комиссия аркылуу апасына кызды тапшырабыз. Апасы мыйзамдуу өкүлү болгон соң, ал алып кетүүгө укугу бар. Сотко да апасы менен барып турат, эгерде психологдун коштоосу керек болсо, биз барып турабыз. Апасы келгенче кыз бизде болот.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы балдарга карата 1082 зордук-зомбулук катталса, анын ичинде 118и сексуалдык мүнөздө болгон. Укук коргоочулар чыныгы көрсөткүч мындан кыйла көп болушу ыктымалдыгын белгилегет. Алардын айтуусунда, түрдүү зомбулукка кабылган балдар көргөн кордугу тууралуу айтпай, дилине жашырып жүрө беришет.

“Балдарды коргоо” борборунун жетекчиси Мира Тилекееванын айтуусунда, буга түрдүү себептер бар:

- Балдар теңтуштарынан же мугалимдерден кандайдыр бир кордук көрсө, аны айтышат. Бирок ата-энеси же туугандарынан кандайдыр бир кордук көрсө, аны айтышпайт экен. Бул тууралуу биз балдардын өздөрү менен иштешкен учурда билдик. Алар ата-энеси төрөп, багып жатканы үчүн алардын көрсөткөн кордуктарын сыртка чыгарбоо керек деп эсептешет экен.

Балдардын чоочун адамдардан гана эмес, жакын туугандарынан сексуалдык ыдык көргөнү тууралуу маалыматтар акыркы убактарда көбүрөөк ачыкка чыга баштады. Мындай окуялар өзгөчө ата-энеси ажырашкан үй-бүлөлөрдө, же ата-энеси миграцияга кетип, балдар ар кайсы тааныш-туугандарынын колунда калган кезде көп катталып жатканы айтылып келет.

Балдар укугун коргоочулар бул үчүн мугалимдер, медициналык кызматкерлер жана кварталдык комитеттердин башчылары жана башка активдүү жарандар менен иштешүү, аларга балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулукту байкаган учурда кандай аракет кылуунун жолдорун тереңдеп окутуп-үйрөтүү зарылчылыгын белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG