Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Азербайжанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өттү деп табылды


Азербайжандагы референдум.
Азербайжандагы референдум.

Азербайжанда 26-сентябрдагы жалпы элдик добуш берүү өттү деп табылды. Өлкө БШКсы референдумга шайлоочулардын 25 пайыздан ашыгы келгенин билдирди. Шайлоочулар 5627 шайлоо тилкесинде добуш берип, анын жүрүшүнө 53 миңден ашуун байкоочу көз салды. Өлкөдө референдумга катышуу укугуна 5 миллиондон ашуун адам ээ.

Азербайжан Конституциясы буга чейин 2002 жана 2009-жылдары өзгөртүлгөн. Бул ирет өзгөртүүлөр аркылуу президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылат, президенттикке жана парламент депутаттыгына талапкерлер мурдагыдай 25тен эмес,18 жаштан тарта ат салыша алышат. Өлкөнүн азыркы президенти Илхам Алиев такта 2003-жылы бийликти атасынан өткөрүп алган. Ал үч сапар президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Бул жолку ыйгарым укуктары 2018-жылы бүтмөк.

Байкоочулар бул өзгөрүүлөр Илхам Алиевдин уулу Гейдар үчүн киргизилгенин айтышууда. Өлкө лидеринин уулу 19 жашта.

XS
SM
MD
LG