Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Ар бир ата-эне баласын эмгекчил болууга тарбиялагысы келет. Бирок 14 жашка чейин айыл чарбасында иштөөгө да мыйзам тыюу салат. Балдар кайсы учурда иштеш керек?

Бишкектин Ош базарындагы жолду жээктей баратканда бою жапыз, кара-тору бала көзгө дароо урунат. Каз катар тизилип, “нан алгыла” деп өктөм үн салган аялдардын жанында жалгыз бала нанын кантип өткөрөт деген суроо туулбай койбойт.

Өзү 14кө чыкса да, 10 жаштагыдай көрүнгөн, нан жыйылган коляскадан башы чыгып турган Майрамбек эки фирмадан үстөк пайыз менен насыя алган апасынын карызын төлөшкөнгө аргасыз.

- Бул менин бир тууган байкемдин наны, базарга алып келип сатып, ага жардамдашам. Пайдасын апама, акчанын өзүн байкеме берем. Күнүнө 100-150 нан сатам. Ушинтип баштыкка салып берип кардарларды жөнөтө берем. Каалаган күнү келбей койсом деле болот.

Ушул эле базарда Майрамбектин ары жагында апасы телефонго бирдик салып иштейт:

- Айылда жолдошум ичип, кууп, уруш кыла бергендиктен Бишкекке келе бергенбиз. Майрамбектен кичүү эки балам бар, бирөө беш жашта, экинчиси 3 жашта. Мурда эле шаарга келсек компаниядан карыз албай деле жакшы жашамак экенбиз.

Майрамбек беш баланын ортончусу. Баары апасы менен шаарда. Ал аймактардын биринде мектепке барчу, ушул окуу жылдан тарта окубай калды.

Базарларда жайнаган өспүрүмдөрдүн иштеп жүрүшү көнүмүш көрүнүш. Улуттук статистикалык комитеттин 2007-жылдагы эсептөөсүнө караганда, өлкө боюнча 592 миң бала, башкача айтканда, ар бир үчүнчүсү эмгекке тартылган. Бирок алар жумуштун оордугу, иштөө сааты, мыйзамдуулугуна жараша ар кандай иштерди аркалашат.

Ал эми мектепке барбагандардын саны, расмий маалымат боюнча, 40 миңден ашуун. Бейөкмөт уюмдары болсо бул көрсөткүч чындыгында 2-3 эсе көп дешет. Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан тарта иштөөгө уруксаат берилген. Ал күнүнө 4 сааттан ашпаган жеңил жумуш болуш керек. Бул мыйзамга баш ийбеген ата-эне жана жумуш берүүчү жоопко тартылат.

Бирок айыл жеринде 10 жаштагы бала да таң аткандан каш карайганча кетмен чаап, мал кайтарат. Мындай учурда мыйзамдын бузулуусун кайсы көрсөткүчөр аныктайт жана ата-энелерди жазалаш керекпи?

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов негизгиси - балдарды мектептен калтырбаш керек жана ден соолугуна зыян келтирбегендей жумуш болушу абзел дейт:

- Кеп балдарды эмгекчил болууга үйрөтүү, үйүнө көмөктөшүү тууралуу болгон жок. Буга албетте уруксат берилген. Маселе балдарды эксплуатациялоо, ден соолугуна зыян келтирүү, мектепке жөнөтпөй коюу тууралуу болуп жатат. Балдарыбыз тамекиде, шахтада, базарда оор жумуш жасап жатат.

Тамеки демекчи, күн бою тамекиде иштеген өспүрүм эки куту чылым чеккенчелик деңгээлде ууланат деген маалыматты Эл аралык эмгек уюму айылдык ата-энелерди ынандырыш үчүн далилдеп чыккан. Кыргызстанда иштеген балдардын 95 пайызы айыл чарбада эмгектенет. Бул 14 жашка чейинкилерге уруксат берилбеген эмгектин кооптуу түрү. Ал категориянын тизмесин курулуш, шахта, суу алдында же бийик жерде иштөө, түнкүсүн жумушка чыгуу толуктайт. Ошондой эле балдар үчүн тыюу салынган эң жаман иштерге сойкулук, порнография, кулчулук, бирөөгө малай болуу жана тилемчилик кирет.

Кыргызстандагы Эл аралык эмгек уюмунунун балдар эмгегин жоюу программасынын координатору Амина Курбанова Кыргызстанда балдар ата-энесине жардам берүүгө муктаж, аларды кайсы бир чекке чейин иштетүүнү үйрөнүшүбүз керек дейт.

- Макул алар иштесин, ата-энесине жардам берсин, бирок мектепке сөзсүз барып, болушунча аз саат иштеш керек. Анткени биздин иликтөө боюнча, балдар суткасына 15-18 саат жаман шартта эмгектенишет. Бул өсүп жаткан организмге өтө зыян. Биз бир катар медициналык текшерүүлөрдү да жүргүздүк. Көп иштөөнүн зыяны көрүнүп турат.

Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун балдардын укугу боюнча конвенциясын жана Эл аралык эмгек уюмунун балдарга байланышкан эки конвенциясын ратификациялаган. Ага жараша жарандар 16 жаштан тарта иштей алат. Бул документтер Кыргызстандын эмгек кодексиндеги сыяктуу эле 14 жаштагы өспүрүмдүн чөнтөк пул үчүн саналуу саатка жумушка чыгуусуна жол берет. Өткөн жылдан тарта Үй-бүлө кодексине баласын оор жумушка бергендерди ата-энелик укуктан ажыратуу беренеси киргизилди. Бирок ага чейин социалдык кызматтар ата-энеге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Ал эми биздин каарман Майрамбек болсо мектепке убактылуу гана барбай калдым деп жүрөт. "Карыздан кутулаарыбызга аз калды, анан окуп, кийин артист болуп сахнага чыгам" деген кыялы бар.
XS
SM
MD
LG