Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Ак-Сай өрөөнүнө кошумча тоют жөнөтүлдү


Аксайлык чабан.
Аксайлык чабан.

Калың кардан улам жол каттамында кыйынчылык жаралган Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоолорго кошумча тоют жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 22-январ күнү эки чоң машине жүктөлгөн тоют Ак-Сайга жеткирилди.

Декабрь айында бурганактап жааган кардын кесепетинен Ак-Сай өрөөнүнө унаа каттамы жабылган эле. Мындан улам өрөөндөгү кыштоолордогу мал-жандыктарды тоют менен камсыз кылуу зарылчылыгы жаралган.

Учурда райондогу жол тейлөө кызматы жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG