Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Пентагон: Сирия менен Иракта “ИМдин” 50 миңдей согушкери жок кылынды


Ирактын Мосул шаарындагы аскерлер.
Ирактын Мосул шаарындагы аскерлер.

АКШ башында турган коалициянын Сирия жана Иракта жүргүзгөн операциясында кеминде 50 миңдей согушкер жок кылынды. Бул тууралуу 9-декабрда Пентагондун расмий өкүлү маалымдады.

Америкалык аскерий мекеменин өкүлү жок кылынган жихадчылардын саны коалициянын аракеттери эффективдүү болгонун көрсөткөнүн белгиледи.

Пентагондун маалыматына ылайык, ноябрь айына чейин АКШ Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун болжолдуу уюктарына 16 миңдей аба сокку урган.

Бир ай мурда Пентагон Ирак менен Сириядагы аба соккулардан кеминде 64 карапайым киши мүрт кеткенин моюнга алган.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сирия менен Иракта аба соккуларды 2014-жылдын сентябрь айынан тарта жүргүзө баштаган. Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 2015-жылдын сентябрында баштаган.

XS
SM
MD
LG