Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу баланы тарбиялоо, балдарга жасалган мамилеге арналды.

Талкуунун катышуучулары:

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Менди Мамазаирова

Кыргыз билим берүү академиясынын инновациялык билим берүү технологиялары жана программалар секторунун башкы адиси Асылбек Жооданбеков

Бишкек гуманитардык университетинде психология боюнча сабак берген окутуучу Асел Тентигенова

“Азаттык”: Кылымдар бою балдарын татынакай тарбиялап келаткан кыргыз эли эми бир топ сындарга кабылып келатат. “Баласын жакшы тарбиялабайт, балага жетишерлик көңүл бурбайт” деген сөздөр көп эле айтылып атат. Сөздү ушундан баштаганы турам. Кыргыз баланы кантип тарбиялачу эле, кантип ушуга көңүл бурган?

Менди Мамазаирова: Баланы тарбиялоо деген бул – адам баласынын өмүрүндөгү эң негизги нерсе болуп эсептелет. Дүйнөгө баланы алып келүү, бала деген ата-эненин кийинки орун басары болгондон кийин ошол баланы кантип тарбиялоо керек, баланы тарбиялоо адам баласынын жашоо факторунда, фактор кайсы мезгилге келсе ошого жараша өзгөрүп кетет турбайбы.

Менди Мамазаирова
Мен ушул жашка келип, канча чыгармаларымда ата-баланын ортосундагы ажырым болбосо деп тилеп, ушул маселелерди көтөрүп келген кишимин. Ата менен эненин ролу балага бирдей болгон, ата сырткы тон, эне ички тон болуп эненин колу бош болгон, азыркыдай коомдо ата менен кошо чуркаган, кошо жүргөн эмес. Ошондуктан баланы тарбиялоо эненин мойнунда. Ошондо да болгон, азыр да болуп атат. Бирок баары бир атанын жолу, аброю, бедели ар бир мезгилде балада билинип турган. Балдар төрөлүп, бирин-бири багып, ынтымактуу үй-бүлөдө балдар ден соолукта, жакшынакай болуп өсүп келген.

“Азаттык”: Балага тарбияда кыргыздар өзгөчө көңүл бурганбы, же төрөлгөндө эле агасы, иниси, эже-сиңдиси менен чогуу өсө берет деген мааниде карашканбы?

Менди Мамазаирова: Андай жагы да бар. Бирок баланы тарбиялоодо мындай карап отурсаң, кыргыздар абдан катуу көңүл бурган. Себеби эркек бала тушоосу кесилип, таканчыктап баскандан тарта басканга, атка минип, атка жүрүүгө үйрөткөн. Ал эми кыз баланы болсо кенедейинен тазалыкка, үйдө кыз балага тиешелүү бардык нерсени жасаганга үйрөтүп өстүргөн.

Ошону менен бирге кыргыз кыздарын абдан эркин кармаган. “Кыргыздын кыздары жүк бурчунан чыккан эмес” деген сөз ошол мезгилде жүктүн бурчунда отуруп алып сайма сайып, ийик ийриген кезин гана айтса керек. Чындыгында кыргыздын кыздары аттын кулагы менен тең ойногон эр жигиттерден кем калбай өскөн. Ушунун бардыгы тарбиядан. Дээринен да болот.

Ата-энеге карамдуу, коомго пайдалуу

“Азаттык”: Ушул багытта баланы тарбиялоо, алардын укуктарын коргоо жаатында чет элдик көп программалар азыр бизге кирип атат. Асылбек мырза, азыр бала тарбиялоо жагынан Кыргызстан сырттан кеп-кеңештерге муктаж болуп турабызбы, өзүңүз да чет өлкөлөрдө көп жүрүп келдиңиз?



Менди Мамазаирова: Бул нерсе эмнеден бузулган? Эркек менен аялдын тең укуктуулугу дегенден бузулган. Бизде мурда эле кыргыздар кыздар менен эркек балдарга тең укукту берген, ошентип өскөн. Кыргыздар кыздарынын демилгесин баспай эркин өстүргөн. Атасы үйдө болуп, мүмкүнчүлүгү болсо балдарга кошо тарбия берип, сабагын сураганы, бир күнү кандай өткөнүн сураганы эненикине караганда атаныкы таасирдүүрөк болот.

Эгер чындап келечекте биз нормалдуу, толук кандуу, жеткиликтүү коомдун мүчөсүн алабыз десек, мен эркектерге, аталарга кайрылам, балдарды кошо тарбиялашкыла. Коомдо өзүнүн жамаатына кандай мамиле жасаганын да балдарга анча-мынча көрсөтүш керек. Качан гана ата менен эне бирге тарбиялаганда баладан толук өзүбүз каалаган коомдун мүчөсүн алабыз.

Тарбиялайт десе эле кээ бир үй-бүлөдө баланы “эшикке чыкпа, тигини кармаба, тиги жакка барба, бул жакка барба” дешет. Себеби алаксытуучу факторлор көп да. Бирок баланын демилгесин баспай, эркин коюп, ошол эле мезгилде чек менен тарбияланган бала коомдо да ошондой эркин, өз оюн айта ала турган адам болуп чоңойет. Себеби кичинекейинен басынган, таяк жеген, ата-энесинен запкы көргөн бала коомго келгенде ошондой эле ыргылжың, тартынчаак, өз оюн убагында айта албаган, коомго пайдасы жогурак бала болуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Сиз энесиз, аялсыз, өзүңүз жогоруда да белгиледиңиз, эненин ролу чоң экенин. Өзүңүз балдарыңызды тарбиялаган учурда какыс-кокус кылып анча-мынча урушкан учурлар болду беле?

Менди Мамазаирова: Ошондой учурлар деле болду. Азыр келатып, силердин темаңардан улам балдарыма айтып атпаймбы, “элге силерди камчы менен кантип сабаганымды айтайын” десем, “ошондо камчы менен сабасаңыз гана апа”,-дейт. Мен балдарым менен өтө дос болгом, азыркыга чейин досмун. Билимге аябай тарбияладым. Ошондо атасы Жолон Мамытов чоң фон болуп берип турду. Азыр балдарымдын асты 45-46га чыгып калды.

“Азаттык”: Ошонун акы-бети кайттыбы?

Менди Мамазаирова: Кайтты. Мен ушуга ыраазымын.

Жаман сөздүн таасири

“Азаттык”: Асел айым, балага кандай тарбия, кандай сөз жугумдуу болот? Кандай сөз айтса алар тарбиялуу болуп чоңоюшат?
Кыргыздын кыздары аттын кулагы менен тең ойногон эр жигиттерден кем калбай өскөн. Ушунун бардыгы тарбиядан.


Асел Тентигенова: Баланы тарбиялоо жөнүндө сөз кылуудан мурун, улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун сөзү эсиме келди: “адамдын бул жашоого жакшы бир иш кылганы – коомго жакшы тарбияланган балдарды берүү” деген. Ошол сыңарындай, баланын тарбия алуу процессинде үй-бүлөнүн ролу өтө чоң. Ата-эненин, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү таасири астында жакшы жыйынтыкка жетүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө биздин коомдо баланы тарбиялоодо көптөгөн маселелер жаралды. Ал нерсе жашап турган коомдун абалына жараша өзгөрүп турат экен. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө үй-бүлө өзүнүн функциясын аткаралбай атат.

“Азаттык”: Асел айым, бирок азыр баласы тентек кылган учурда “сен адам болбойсуң, башың иштебейт, келесоо” деген сөздөрдү колдонуп келишет. Ушул сөздөр балага кандай таасир берет? Бул азыр сиз белгилеген өзүн алып жүрүүгө таасири тиеби?

Асел Тентигенова: Албетте тиет. Баланы басынтып, албагың-турбагың деп басуу бул баланын өсүү процессинде өтө катуу таасир тийгизүүчү нерсе. Балага эне-ата, же чоңдор тараптан андай кысым кылууга дегеле мүмкүн эмес. Баланын ар бир жасаган ишинде, жетишкендиктеринде мактап туруу керек.

“Азаттык”: Баланы дайыма эле мактай бериш керекпи?

Асылбек Жооданбеков
Менди Мамазаирова: Мен өзүмдүн үй-бүлөмдөн сурабадымбы, мен кандайдыр жүз пайыз максатыма жеттим деп айта албайм. Радио угуучуларга айтаарым, баланы тарбиялоодо бириккен, бүткөн, даана рецепт жок. Себеби мен өзүм көп баланын арасында жалгыз кыз болуп өстүм. Атамдын жомогунун баары мага сиңди, беркилер кабыл алган жок. Ошондой эле менин, жолдошум экөөбүздүн тарбиябыз төрт балабызга бирдей тийди деп айта албайм. Минтсеңер эле балдарыңар жакшы болуп калат деген даяр рецептти берүүгө болбой турганына көзүм жетти.

Асылбек Жооданбеков: Бүгүнкү күндө, Асел айым айткандай, балдарды тарбиялоодо шыктандыруу элементи негизги ролду ойнойт. Сөзсүз түрдө шыктандырыш керек. Аны басынтып, “сенин башың иштебейт, сен начарсың, тигинин баласын карачы” деп баланын көпчүлүк учурда терс сапаттарына басым жасап, анын кемчилигин баса көрсөтпөстөн, айрым учурда көз жумуу менен, аны шыктандыруучу, жетишкендиктерине, жакшы сапаттарына басым жасасак көбүрөк таасир болот.

“Беш жашка чейин балаңды падышадай сыйла, беш жаштан 16 жашка чейин кулуңдай жумша, 16 жаштан кийин дос бол” дейт. Бул балдардын психологиялык, социологиялык, физиологиялык өнүгүүсүнө арналган нерсе. “Беш жашка чейин баланы бапесте, жалтак кылба, 5 жаштан кийин ай-кой, жаман-жакшы дегенге жарап калат, ошол мезгилден 16 жашка чейин өнөр үйрөт, багытта, тарбия бер” деген сөз. 16 жаштан кийин дос болот. Ошондой багыттагы тарбия таассирдүү болот.

Кыргыз элинде бул нерсе бар, көпчүлүк учурда аш-тойлордо болсун, жамандык-жакшылыкта болсун балдарды ээрчитип жүргөн, улуулар баарлашкан, сүйлөшкөн, өнөрүн көрсөткөн, жуга турган балага ошондо жуккан. Мен интеллигентмин деген коомдук мүчөлөр биригип туруп, бүгүн биз педагогикалык, психологиялык, укуктук сабатыбызды ачышыбыз керек. Идеологиялык ата-эне болуп коюу бул жеңил. Акыныбыз Рамис Рыскулов айтып атпайбы, атаң менен апаңдын жыргалынан жаралган дегендей, баланы жаратып коюш жеңил, балага татыктуу ата-эне болуу бүгүнкү күндө актуалдуу маселе.

“Азаттык”: Ушул жерден эсиме келип атат, баланы макташ керек деп сөз болуп атпайбы. Мектептерде мугалимдер сабак окубаса, же теңтектик кылса бурчка тургузуп койчу, анча-мынча колу тийген деле учурлар болчу. Бирок ошол эле кезде балдары ата-энесине арызданып барчу эмес. Ошондо деле балдар тарбиялуу болуп, ата-энесине мээримдүү, күйүмдүү болчу. Азыр эми балдар конвенциясы, балдардын укуктары деген бар, ошолорго таянып ата-энесин “мен сени сотко берем” деген учурлар да бар экен. Бул жагынан алганда жакшыбы, же кандай тарбия беришти мугалимдер деле билбей калды?



“Азаттык”: 8 баланы өстүрүп тарбиялаган Аманбү Орозбаевага “сиз мурда балдарды кантип тарбиялагансыз, анча-мынча уруп, какыс-кокус кылдыңыз беле” деген суроо узаттым эле. Ошону уксак.

Аманбү Орозбаева: Балдар ар түрдүү болот. Кээ бир бала ошондой анча-мынча какыс-кокус кылуу менен тарбияга келет, кээ бир балдар алдап, жакшы айткан менен тарбияга келет. Мен балдарды какыс-кокус кылып урбай, жакшы эле мамиледе болуп, жакшы эле тарбияладым. Атасы да тарбиялап атты. Ал күнү-түнү иштеп, кеч келет эле, кеч курун балдарга тарбиясын мен айтып турдум.
“Беш жашка чейин балаңды падышадай сыйла, беш жаштан 16 жашка чейин кулуңдай жумша, 16 жаштан кийин дос бол”


“Азаттык”: Асел айым, сиз бул ойго кошуласызбы, атанын, эненин ролу кандай болуш керек тарбияда?

Асел Тентигенова: Үй-бүлөдө баланы тарбиялоодо ата-эненин орду эң чоң. Коомго толук-кандуу инсанды жаратууда атанын да, эненин да аткарган иши чоң. Тамактандырып, тургузуп, отургузуп, эненин кылган нерсенин бардыгын ата да кылалат дейт. Ошону менен бирге эле үй-бүлөдө атанын ролу өзгөчө эркек балага аябай таасирин тийгизет. Эркек бала атанын жүрүм-турумун, баскан-турганын өзүнүн жашоосундагы эң негизги курал катары кармайт экен. Бала мээримди атадан да күтөт. Атанын балага тийгизген мээрими, таасири эненикинен айырмаланып турат.

Тарбия – гармония жана искусство

“Азаттык”: Асылбек мырза, сиз четте жүрдүңүз, батышта, ошол эле Америкада балдарын урат бекен, ушундай жагдайды байкадыңызбы?

Асылбек Жооданбеков: Мен 1998-жылдан баштап эки жыл Түркияда, былтыр Америкада алты ай өткөрүп келдим. Өнүккөн Чыгыш өлкөлөрүндө болсун, Батыш өлкөлөрүндө болсун, ошол эле АКШда болсун өнүккөн коомдо баласына кол көтөрүп, кордук көрсөтүү жокко эсе.

Кайсы үй-бүлөлөрдө кордук көрсөтөт? Көпчүлүк учурда ата-энеде психологиялык мандем бар болсо, анан балдарга кордук көрсөткөн үй-бүлөлөрдө өзгөчө жетишпеген үй-бүлөдө көп болгонун иликтөөлөр көрсөтүп атат. Себеби балдар өзүнүн курдаштарына карата бала калыптана баштагандан кийин ата-энеден талап кыла баштайт. Анан ошол баланын талабын орундаталбай, балага толук кандуу ата-эне боло албай туруп, ата-эне өзүнүн акылын, жөндөмдүүлүгүн, мүмкүнчүлүктөрүн өстүрбөстөн балага муштумду колдонуу менен кордук көрсөтүү менен маселени чечем дегендер ошондой үй-бүлөлөрдө болот.

Педагогикалык сабатыбызды арттырышыбыз керек. Ошондо ата болуунун эрежеси, мыйзамдары өзүнчө коомдо иштеш керек. УТРКда болобу, “Азаттыкка” окшогон республикалык масштабдагы радиолордо болобу, ата болуунун искусствосун үйрөтүшүбүз керек. Өнүккөн коомдо балдарды уруп-сабоо жокко эсе деп айтсам болот.

“Азаттык”: Социалдык абалдан көбүнчө тарбия бузулуп атат дешет. Бирок мурда өзгөчө айылдарда кыйналып, жетишпей жашаган да. Согуш мезгилинде деле аябай кыйынчылык менен жашап келишкен. Бирок дал ошол кезде чоңойгон балдар чыгаан балдар болуп чоңойду. Бул эмнеден кабар берет?

Асылбек Жооданбеков: Сурооңузду абдан таамай, жакшы бердиңиз. Ал учурда элде биримдик, жалпы мамлекеттик, элдик максат болгон. Ал учурда ата-эненин, кошуна ортосунда бири-бирин колдоо болгон, укмуштуудай гармония болгон. Албетте материалдык жактан жетишпесе да эртең сөзсүз түрдө жакшы жашайбыз деген үмүт болгон.
Коомго толук-кандуу инсанды жаратууда атанын да, эненин да аткарган иши чоң.


Азыркы күндө коомдо демократиянын, укуктук мамилелердин терс жагы ушул болду, азыр ар ким өз арбайын согуп калды. Тилекке каршы туугандар деле бири-бирине жардам бербей калды, же жардам бере ала турган абалда болбой атат. Ошондон улам абдан терс факторлор көп.

Андан тышкары бардык маалымат ачык болгондуктан улам, ыргалбастан, иргелбестен ушунчалык көп маалымат келип атат, ою бузук, өзүнүн маалыматы, интеллекти төмөн адамдар терс факторлорду соруп алып атат. Ошонун баары тең ата-энеге терс таасирин тийгизип атат, анан ата-энеден коомго, коомдон балага өтүп атат. Сиз айткан согуш мезгилинде, кыргыздын оор жагдайды баштан өткөргөн мезгилде коом таза эле да.



“Азаттык”: Асылбек мырза, сиз жогоруда өзүңүз да белгилеп кеттиңиз, атанын тарбиядагы ролун, эрежелерин билбей атабыз деп. Сиз өзүңүз атасыз, балдарыңызга кандай тарбия бересиз?

Асылбек Жооданбеков: Ата катары эң негизги нерсе, балдарга таасир этүүдө, өрнөк болууда, өзүмдүн ролумду, өзүмдүн ордумду энесинен кем көрбөйм. Эң негизгиси өрнөк. Окуу ишмердүүлүгүндө болобу, бир нерсени жасоо ишмердүүлүгүндө болобу системалык, ушул нерсени абдан талап кылабыз. Жүрүм-турумунда күнүмдүк жашоодо тазалыкка көңүл буруу – бул да күнүмдүк тарбиядан.

Бизди алга сүрөй турган көндүмдөр балдарга да өтөт экен. Эң негизги нерсеси биз ата катарында өзүбүздүн ордубузду сезип, балдар менен достук гармонияда мамиледе болуу. Ата менен эненин ортосундагы гармония. Бул да өтө маанилүү. Ошондуктан бизде турмуштун ар кандай жагдайынан улам ата-эненин ортосунда кажы-кужу көп болот. Бул да сөзсүз түрдө балдарга терс жагын берет. Сөзсүз түрдө баланын кызыкчылыгын эске алсак. Себеби баланын психологиясына доо кетсе, анын өмүрүнө, жашоосуна доо кетет.

“Азаттык”: Мисалы канчалык эркелетсең, жакшы тарбия берем деп аракет кылган сайын кайра ата-энесине мээримсиз, өзүмчүл балдар чоңоюп атат. Ушундай муун келатабы деген пикирдемин.

Менди Мамазаирова: Көчө балдары деген сөз чыгып атат. Көчө балдары кайдан пайда болду? Дагы эле керектүү көзөмөлдүн жоктугу. Асылбек мырза айткандай, 24 саатты кандай пайдаланышты билбегенден, биздин карабай койгондугубуз. Биздин өкмөт, коомчулук катуу киришип, сырттан кирип аткан пайдасыз маалыматтарды жок кылууга аракет кылыш керек. Бул жерде көп маселе жатат.

Асылбек Жооданбеков: Ар бир нерсенин чектен чыгып кетип атабыз. Кыргыздар кызыктай эл экенбиз, дин десе диндин түбүнө түшүп кетебиз, эркелет десе эркелетүүнүн түбүнө түшүп кетебиз. Албетте эркелетип койгон балдардын бардыгынан мыкты балдар чыгат дегенге эч ким кепил боло албайт. Эркелик бул баланы калжак кылат. Ошондуктан балдарды эркелетүү жөнүндө эмес, балдарды өзүн-өзү сыйлоого, адамдар менен мамиле түзүүгө үйрөтүш керек. Адамзаттык баалуулуктарды сиңириш керек. Байлыкка, мүлккө, бардарчылыкка бөлөп койсок эле балдар сонун болуп кетет дегенден алыс болушубуз керек. Бул өзү алдамчылык.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG