Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ак-Булуң айылында жайгашкан “Мээрим булагы” жеке менчик балдар үйүнүн тегерегинде 2013-жылы чыр чыккан.

Анда 12 жаштагы Михаил жана 10 жаштагы бир тууган Денисенколордун Орусиядан билим алуусу боюнча маселени кароо керектиги тууралуу Башкы прокуратурага арыз түшкөн эле.

Ата-энеси дайынсыз жоголгон делген үч бир тууган 2010-жылы Түп районундагы “Мээрим булагы” менчик балдар үйүнө алынып келген. Анда Михаил жети, Настя беш, Маша болсо бир жарым жашта болгон. Бир туугандар үч жылдан соң, былтыр Орусиянын Ярославль облусунун Переславль -Залесский шаарындагы кадеттик-гимназияга өткөнүн “Мээрим булагы” менчик балдар үйүнүн башчысы Гүлнара Дегенбаева билдирди:

- 2013-жылы камкорчу катары Түп райондук акимчилигиндеги балдар комиссиясына кайрылгам. Жакшы окуган балдарым бар, аларга чет жерден билим алууга мүмкүнчүлүк бергиле дегем. Алардын уруксаты менен Орусияга алып барганда балдар тесттен өтүп кетти. Ошол жактан балдардын документтерин чогултуп, бардык тиешелүү органдарга өткөрүп бергем.

"Мээрим булагы" балдар үйүнүн тарбиялануучулары.

"Мээрим булагы" балдар үйүнүн тарбиялануучулары.

Балдар бир жылга жакын Орусияда окуп, быйыл жайкы каникулда Кыргызстанга келишкен. Каникул бүтүп, кайра окуусун улантуу үчүн Ярославлга жөнөөр алдында балдардын тегерегинде талаш маселе чыкты.

Буга Жогорку Кеңеш депутаттары Ирина Карамушкина жана Айнуру Алтыбаеванын "кыргызстандык балдардын Орусияда укуктары бузулуп жатат" деген Башкы прокуратурага жолдогон каты себеп болгон.

- Балдар бир жыл окуган соң, май айында каникулга келгенде укук коргоо уюмунда иштеген Макарова аттуу айым балдар үчүн кооптуу деген кат менен депутат Карамушкина, Алтыбаевага, Башкы прокуратурага да кайрылыптыр. Ошондон тарта Ирина Карамушкина Башкы прокуратурага жазып, мени ошол жакка чакыртып түшүнүк алышты. Анан бул балдар Кыргызстандан чыгарылбасын деп айтышты. Конвенцияда балдардын билим алууга укугу бар деп турбайбы, бул кылганыңар эмне десем, эч ким жооп бере албайт,- деди Дегенбаева.

Башкы прокуратурага кайрылган “Акцент” укук коргоо уюмунун өкүлү Анна Макарова болсо телефон аркылуу сүйлөшүүдөн баш тартты. Ал укук коргоо органдарына кайрылганынын себебин колуна түшкөн документтердин ичиндеги маалымат боюнча бир топ суроолор пайда болгону менен байланыштырды.

Ал эми бир туугандар Михаил менен Настья Денисенколор менен баарлашканда Орусияда аларга эч кысым болбогонун жана кадеттик мектеп жакканын айтышууда.

Аталган балдар үйүнө байланыштуу чыр-чатактар буга чейин да чыгып келген.

Түп районунун акиминин орун басары Руслан Түпеев буларды билдирди:

- Мага “Мээрим булагы балдар үйүнөн ушул балдар Орусияга барып келишти деген маалымат түшкөн. Мен бардыгын карап чыгып, биздеги социалдык блоктун балдарынан эмне документтери бар экен деп сурадым, тескемеден тышкары эч бир документ көрө алган жокмун. Тескемеде балдардын каалоосу боюнча деп туруптур, ал жакта 8-9 жаштагы балдар бар экен, анан кандайча өз каалоосу менен болот. Бул жерде эч бир тийиштүү документтери жок болсо, анан кошумча православдык - классикалык гимназия деген жерди карап, ошол маселеге көңүл салдым. Аким келгенче күтө туралы дедик. Аким келгенден кийин өз чечимин чыгарып, Башкы прокуратурадан да токтотулсун деген чечим чыккан.

Түп райондук акимчилигинде 9-августта “Мээрим булагы” жеке менчик балдар үйүнүн маселесин кароо жыйыны болду. Ага "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Эркин Алымбеков да катышты. Ал аталган балдар үйүн депутаттар жана тийиштүү органдар тарабынан атайын комиссия түзүлүп, текшерүү демилгесин көтөрдү.

- Азыр комиссия түзүп, Карамушкина, Айтматова, баары келсин. Балдарды органдарга сатып жиберген же болбосо чет жакка саткан фактылар аныкталса, анда Дегенбаеваны мыйзам боюнча каматканга аракет кылабыз.

“Мээрим булагы” жеке менчик балдар үйү 1998-жылы түптөлүп, 128 баланы тарбиялаган. Учурда 33 бала тарбияланып жатат.

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG