Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Кыргызстанда эки күндө эки баланын киши колдуу болуусу жеткинчектердин коопсуздугу боюнча маселени кайрадан күн тартибине алып чыкты.

10-декабрда Бишкектин четинде жети жаштагы баланы коңшусу уурдап кетип, анын айынан наристе жарык дүйнө менен коштошту. Андан эки күн мурун Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда да жети жаштагы кыз таежесинин токмогунан каза тапканы аныкталган.

“Азаттык” радиосу “Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованы кепке тартты:

“Азаттык”: Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында 10-декабрда киши колдуу болгон жети жаштагы Даниелдин окуясы коомчулукту селт эттиргендей болду. Андан эки күн мурун эле Базар-Коргондо жети жаштагы Тахмина аттуу кыз таежесинен токмок жеп, каза тапкан. Балдар укугун коргоо жаатында иштеп жүргөн адис катары Кыргызстандагы соңку тенденция тууралуу кандай пикирдесиз?

Турдубекова: Тилекке каршы, Кыргызстанда балдардын коопсуздугун коргоо системасы толук кандуу иштебейт. Өлкөдө улам-улам балдар жоголуп турат. Айрымдары бат эле табылат, кээ бирлери жылдап, айлап табылбай калат. Себеби, бизде жоголгондорду издөө милициянын гана милдети деген түшүнүк бар. Чынында эле факт жүзүндө бул иш менен күч түзүмдөрү эле иштеп келет. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай учурда жарандык коом да чоң роль ойнойт. Милиция менен тыгыз иштешет. Мисалы, АКШда жоголгон балдарды издөө борборлору бар. Кай бирлеринин дайыны чыкпай калса, ошолорго чалышат. Ал жерде иштегендер заматта аракет көрүп, баланын сүрөтүн аялдамаларга, дүкөндөргө, бекеттерге чапташат. Радио, телевидениеде бат-баттан жарыя чыгып турат. Андай кезде кылмыш жасаган киши колго түшүп калбоонун амалын издеп, баланы кайсы бир жерге калтырып кетет. Ошентип, жеткинчек үйүнө кайтат. Ал жакта жоголгон балдар көп учурда 100 пайыз аман-соо табылат. Биз эки жыл мурун ушундай борбор ачуу максатында өкмөткө кайрылганбыз, бирок биздин сунушубузду колдошкон жок.

“Азаттык”: Эмненин негизинде колдобой коюшту?

Турдубекова: Ал кезде Токон Мамытов вице-премьер болчу. Ал киши макулдугун берип, биз да аракет көрө баштаганбыз. Айрым эл аралык уюмдар каржылык жактан колдоого алууга да көнгөн эле. Мамытов мырза кызматтан кеткенден кийин бул иш токтоп калды. Өкмөт колдобой койду.

“Азаттык”: Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери балдарга каршы жасалган 755 кылмыш иши катталып, 570и сотко ɵтүптүр. Бул канчалык реалдуу?

Турдубекова: Жок, реалдуу сан эмес. Анткени, бул каттоого алынган гана кылмыштар. Күч органдарына кайрылбай, кайрылганды билбей жүргөндөр канча? Мисалы, жакында биз 12 жашар кыздын туугандары тарабынан эки жыл бою зордукталып жүргөнүн аныктадык. Ал кыз эки жыл бою коркконунан эч кимге айткан эмес. Башкалар байкаган жок. Себеби, алар кичинекей. Бирөөгө кайрылганды билбейт. Мындай учурлар тилекке каршы көп.

“Азаттык”: Жогоруда сиз айткандай борбор ачууга өкмөт макулдук бербегени менен укук коргоочулар өз аракети менен мыйзамдуу түрдө ачып, иштеткенге мүмкүнчүлүк кандай?

Турдубекова: Биз иштеп жатабыз. ЮНИСЕФтин жана Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Бишкекте, Түптө, Караколдо жана Таласта ушундай борборлорду иштете баштадык. Кадамжайда жергиликтүү депутаттардын жардамы менен ачканга жетиштик. Андай борборлордун ишин улантып кетүү жергиликтүү бийликтердин да милдети. Балдардын келечегин коркунучка калтырбашыбыз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG