Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Жалал-Абад: мигрант балдары каттоого алынууда


Миграттын баласы. Бишкек шаары.
Миграттын баласы. Бишкек шаары.

Жалал-Абад шаарында ата-энеси башка жакка кетип, туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдарды шаар бийлиги каттоого алууда.

Бул багытта атайын штаб түзүлүп, азыр жер-жерлерде үйлөрдү кыдырган рейд жүрүүдө. Акыркы эсептөөлөр боюнча шаар аймагында 1400дөн ашык бала туугандарынын колунда тарбияланып жатат.

Аймактык башкармалыктар менен кошо социалдык коргоо жана милиция кызматкерлери рейдди күн сайын ар бир короонун эшигин каккылоо менен жүргүзүүдө. Башкы максат - балдар кандай шартта тарбияланып жатканын жеринен көрүү.

Шаардын Спутник аймактык башкармалыгында ата-энеси сыртта жүргөн 332 бала каттоого алынган. Алардын бири 5-класстын окуучусу Рахманжан учурда чоң атасы Равшанбек Шерматовдун колунда. Чоң ата эки небересине баш-көз болуп, аман-эсен ата-энесине тапшырсам деген ойдо. Бирок неберелер чоңойгон сайын аларды тарбиялоо кыйындап баратканын моюнга алды:

Мигранттар көбүнчө балдарын жакын туугандарына таштап кетет. Якутиядагы кыргыз келин. 2013-жыл.
Мигранттар көбүнчө балдарын жакын туугандарына таштап кетет. Якутиядагы кыргыз келин. 2013-жыл.

- Балдардын сабакка жетишүүсү жакшы эле. Тамак-аш, кийим-кече жагынан деле кыйналган жокпуз. Ата-энеси Орусияда, эки-үч жылда бир келип кетет. Бирок карыган сайын ары-бери каттагандан кыйналат экенсиң. Неберелерим чоңоюп калды, аларга баш-көз болуу мурдагыдай оңой болбой калды. Ошон үчүн бала тарбиялоодо чоң ата, чоң энеге деле кошумча көмөк керек экен.

Рейддин жүрүшүндө Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери үй-бүлөнүн шартын эске алып, социалдык паспортторду толтурушууда. Анда тарбиялануучу балдар кандай шартта жашап жаткандыгы белгиленет. Бул тууралуу башкармалыктын адиси Барчынай Жалилова минтип айтты:

- Бул жерде үй-бүлөнүн канча мүчөсү бар, киреше булагы канча? Канча суммада пенсия алат? Кандай мүлкү бар ушунун баары такталып жазылат. Анткени биз балдар кандай шартта тарбияланып жатканын такташыбыз керек. Бул нерсенин баары кийин аларга жардам берүүгө шарт түзөт. Ар бир короого кирип каттоого алууга кеминде бир-эки саат убакыт кетүүдө.

Жалал-Абад. Мигрант балдарын каттоого алуу
Жалал-Абад: мигрант балдарын коргойлу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

​Жалал-Абад шаардык мэриясында балдар арасындагы зордук-зомбулукту болтурбоо жана анын алдын алуу максатында атайын план бекитилип, анын алгачкылары болгон каттоо иштери жүргүзүлүүдө. Тактоо иштери аяктаган соң шаар бийлигинде атайын база түзүлүп, тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт дейт вице-мэр Турдалы Темирбаев.

- Ар бир аймактык башкармалыктарга штаб түзүлүп, аларга соцтармактын адистери, укук коргоо органдары, врачтар кирген. Булар балдардын физиологиялык өнүгүүсүн, ден соолугун жана жашоо-шартын көзөмөлдөн өткөрүшөт. Ошондой эле алардын окууга болгон кызыгуусун да карап чыгышат. Иш 10 күн аралыгында шаар ичинде такталып бүтөт.

Өкмөт жергиликтүү бийлик менен балдарды коргоого алууну жана көзөмөлдөнү ушул иш-чара аркылуу көздөөдө. Бирок бул аракеттер жеткиликтүү эмес экендигин укук коргоочу Азиза Абдирасулова белгиледи. Ал жаңы ачылган коомдук алдын алуу борборлорунун ишин жандандыруу зарыл дейт:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

- 2007-2008-жылдары атайын мыйзам кабыл алынып, коомдук алдын алуу борборлору ачылган. Азыр ал каражат маселеси чечилбей, аткарылбай турат. Аларды иштетүүнү жергиликтүү бийликке жүктөп койгон. Ысык-Көлдө жергиликтүү бийлик жардам берем деп прокуратурага чейин сурак берип чыккан. Ошол себептүү аларды каражат жактан камсыздап, ишин жандандыруу керек. Алардын карамагына аялдар, жаштар, аксакалдар кеңешин кошуу зарыл. Жергиликтүү депутаттар, милиция, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор менен маселелерди биргеликте талкуулап, коомго алып чыгып турса, балдар арасындагы зомбулук азаймак. Ошол эле учурда аялдарга карата зомбулукту, балдар арасындагы рекетчиликти да жоюуга аракет болмок.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, облус аймагында учурда 400 миң бала бар. Өткөн жылы кароосуз калган 454 баланын 30у балдар үйүнө, 26сы багууга берилген. Ал эми 26 өспүрүм окууга тартылып, 350 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынган.

XS
SM
MD
LG