Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

ИИМ: авиакырсык учурунда талап-тоноочулук болгон эмес


Кырсык.
Кырсык.

Авиакырсык болгон күнү учактан чачыраган буюмдар талап-тонолгону тууралуу социалдык тармактарда тараган билдирүүлөрдү Ички иштер министрлиги четке какты.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык болгон 16-январь күнү милиция кызматкерлери буюм-тайым салынган чака көтөрүп бараткан жигитти токтотушкан. Ал байкесинин суранычы менен колундагы буюмдарды машинеге алып баратканын билдирген. Милиционерлер токтоткон тургун урандылар астында тууганынын эки кызы калганын, атасы Нарынга тажияга кеткенин билдирген. Күч кызматкерлери аны коё беришкен. Ошол учур видеого тартылып, интернетке тарап кеткен жана талап-тоноочулук болуп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

"Авиакырсык болгон жерде эч кандай морадерчулук болгон эмес", деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Милиционерлер кыйраган учакты курчап, күнү-түнү кезметте турушкан.

Учактан чачырап кеткен буюмдардын кагаз кутуларын жергиликтүү тургун үйүнө топтогон. Ал суракка чакырылган.

Бишкектин четиндеги Дача-СУ конушуна кулаган “Боинг 747-400” учагы 19 үйдү кыйратты. Алты үй азыноолок талкаланган. Апаатта набыт кеткен 38 кишинин 17си балдар. Төрт экипаж мүчөсүнөн башкасынын баары айылда жашагандар. (SE)

XS
SM
MD
LG