Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Кыргызстанда жол кырсыгынан он бир айда 113 бала каза тапты, дагы 851 бала жараат алды. Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Кылычбек Мурзалиев ушул жаатта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу азбы, же көппү?

К. Мурзалиев: Балдар катышкан жол кырсыгы, анын ичинде балдардын каза болушу былтыркыга салыштырмалуу 1,7 пайызга аз. Балдар катышкан жол кырсыгы негизинен чоң проблема. Мындай кырсыктын санын кыскартуу үчүн бир гана жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлери эмес, биринчи кезекте ата-энелер, мугалимдер, балдар бакчасынын тарбиячылары, ошондой эле коомчулук чогуу күрөшүшү керек.

Биз Билим берүү министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларына жол эрежесин үйрөтүү боюнча атайын 10 сааттык программа түзгөнбүз. Биздин инспекторлор мектепке барып балдарга жол эрежесин түшүндүрүп берип турушат.

1-сентябрь күнү ар бир инспектор өзүнө бекитилген мектепке барып, сабакка катышып, жол эрежеси боюнча атайын лекция окуп, эрежелерди сактоону түшүндүрүп беришет.

“Азаттык”: Ушундай иш-чараларды, “Абайлагыла, балдар” деген рейддерди ар жылда эле өткөрүп келесиздер. Эмне себептен мындай иштерден сезилерлик натыйжа чыкпай жатат? Жылына 100дөй баланын жол кырсыгынан каза табышы кыргыз коомчулугу үчүн чоң жоготуу эмеспи.

К. Мурзалиев: Бул кырсыкты азайтуу үчүн биз эле эмес, башка кызматтар да биргеликте күрөшүшү керек. Биз барып балдарга түшүндүрүп беребиз, мугалимдер да түшүндүрүп берет. Бирок балдар оюнкараак келет, мектепте уккандарын көчөгө чыкканда унутуп калат, жолго чуркап чыга калышат. Жол эрежесин одоно бузушат. Ошол эле учурда айдоочулар да жол эрежесин бузушат.

“Азаттык”: Ушул жерден тактап кетесизби, балдар катышкан жол кырсыктардын башкы себептери эмне? Айдоочулар мас болуп, эрежени бузуп айдашабы, же балдар көп учурда жолго чуркап чыгып айдоочулар көрбөй калып уруп кетип жатабы?

К. Мурзалиев: Бул жерден бир тараптуу айтууга болбойт. Бул жерде баары эле себепкер болуп калат. Кээде балдар өздөрү себепкер болуп калат. Шаарда байкасаңыз, жаш балдар эле эмес, чоң адамдар деле тийиштүү жерден эмес, ой-келди жолду кесип өткөн учурлар көп.

Балдар катышкан жол кырсыгы дегенде, балдар жолдо жүргөндө эмес, балдар автомашинада кетип жаткан учурларда да болот.

“Азаттык”: Жол кырсыгы дегенде маичилердин да дарегине бир топ дооматтар айтылат. Ошол эле учурда атайын окубай туруп айдоочунун күбөлүгүн алгандарды да күнөөлөшөт. Бул жаатта азыр жагдай кандай?

К. Мурзалиев: Азыр айдоочулук күбөлүктү бериш бизге карабайт. Ал биздин структурадан бөлүнүп, орусча айтканда гражданский мекемеге берилген. Бул тууралуу эч нерсе айта албайм.

Жыл сайын Кыргызстанда транспорт каражаттары көбөйүп жатат. Аны менен кошо айдоочулардын саны көбөйүүдө. Ал эми биздин жолдор анчалык көлөмдөгү транспорт каражаттарын тейлөөгө эсептелген эмес. Жолдорубуз тардык кылган учурлар бар. Инспекторлор күндө ишке чыкканда аларга өзүнчө иштей турган жер бөлүнүп берилет. Мисалы эки инспектордон турган экипажга өзүнчө жер бекитилип берилет. Мындай жерлер адатта жол кырсыктары көп катталган, жол эрежелери көп бузулган жерлерге атайын инспекторлор коюлат.

“Азаттык”: Азыр шаар көчөлөрүнөн айрыкча кымбат машиналарды удургутуп айдаган, көпкөн айдоочуларды көп көрүүгө болот. Аларды тыйуунун натыйжалуу жолдору барбы?

К. Мурзалиев: Жол эрежеси баарбызга бирдей. Жолдо жүргөндө жөө адам да, айдоочу да эрежени бирдей сакташы керек. Жол эрежесин бузуп кармалгандардын баары Административдик кодекстин негизинде жоопко тартылат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG