Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Кыргыз-кытай чек арасын бузуп кирген үч Кытай жараны соттун чечими менен Бээжинге өткөрүлүп берилди. Башында Кытайдагы кысымдан улам качып келди делген шинжаңдык үч жигиттин тез эле кайра артка кайтарылып берилиши сынга кабылды.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Эшме аймагынан 7-январда чек араны мыйзамсыз өттү деген шек менен үч кытай жараны колго түшкөн эле.

Айрым укук коргоочулар расмий Бээжиндин кысымынан улам качып келиши ыктымал делген жарандардын дароо Кытайга өткөрүлүп берилишин сынга алууда.

Караколдогу чек ара аскер бөлүгүнүн жетекчиси Руслан Закировдун “Азаттыкка” билдиришинче, шаардык сот кытай жарандары чек араны бузган деп тапты жана анын негизинде мекенине кайтаруу тууралуу чечим чыгарылды:

- Чек арада кармалган кытайлык жарандарды биз 8-январда УКМКга өткөрүп бергенбиз. Алар болсо өздөрүнүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмыш иш козголуп, Каракол шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылды. Кечээ, 11-январда соттун чечими менен алар депортацияланды.

Чек арачы

Чек арачы

Колго түшкөндөрдүн экөө кыргыз, экөө тең 21 жашта, ал эми үчүнчүсү 17 жаштагы уйгур улутундагы жаран болгон. Алар Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Ак-Чий ооданынын тургундары экени айтылган. Алардын жанында эч кандай документтери болгон эмес, азыноолак тамак-аш, дары-дармек, алты даана бычак, азыраак суммадагы акча гана табылган. Колго түшкөндөр алгачкы көрсөтмөсүндө кытай бийлигинин кысымынан улам качып келишкенин айтышкан. Кыргызстандын Чек ара кызматы иликтеп-териштирүү учурунда бул маалымат такталбаганын айтууда.

“Адилет” укуктук клиникасы Бириккен улуттар уюму менен биргеликте Кыргызстанга башпаанек издеп келген чет өлкөлүк жарандарга укуктук жардам берип келет. Аталган уюмдун жетекчиси Чолпон Жакупова куугунтукталган жарандарга жардам берүү тартибин түшүндүрүп берди:

- Чек ара кызматы менен Миграция министрлигинин өз ара келишими болот. Эгер чек арадан мыйзамсыз өтүп келген чет өлкөлүк жарандар башпаанек сурап кайрылса, чек арачылар бул маалыматты Миграция министрлиги дароо жеткириши керек. Миграция кызматы болсо ошол жерге барып, чындап эле алар башпаанекке муктажбы, же жокпу, негизи барбы деп аныктап, текшерип, документтештирет. Өлкөнүн мыйзамынын жана эл аралык укуктун жол-жобосу ушундай.

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун кыргыз-кытай чек арасынан кармалган кытайлык кыргыз жана уйгур жарандардын чукул арада мекенине өткөрүлүп берилишин сынга алууда. Анын баамында, Кыргызстан өзүнөн алда канча кубаттуу коңшусунан тайсалдап, эл аралык укук нормаларын бузган, адам укугуна шек келтирген кадамдарга барып жатат:

Турсунбек Акун

Турсунбек Акун

- Диктатордук өлкөдөн качып келген жарандарга биз башпаанек берип, алардын укугун коргоп, өмүрүн сактаганга аракет кылышыбыз керек. Биз болсо тескерисинче аларды кайра өткөрүп берип жатабыз. Кытай менен биздин атайын кызматтын ортосунда коомчулукка ачык айтылбаган жашыруун келишимдер бар. Ошонун негизинде өткөрүп беришти го, болбосо мындай маселелер чукул чечилбеши керек эле.

Укук коргоочуларды кыргыз бийлиги шиңжаңдык жигиттерди департациялоо боюнча чечимди өтө ыкчам чыгарганы да таң калтырууда.

Өз мамлекетиндеги кысымдан качып, кыргыз чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген окуялар буга чейин да катталган. Маселен, 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин качып келген Өзбекстандын айрым жарандарын Кыргызстан эл аралык укуктук нормалардын негизинде үчүнчү өлкөгө өткөрүп берген.

Айта кетсек, мындан толук бир жыл мурда да кытай жарандары кыргыз чек арасынан мыйзамсыз кирген факт катталган. Былтыр 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу “Ак-Шыйрак” чек ара тилкесинен Кытайдан 11 адамдан турган топ өтүп келип, аңчылык чарбанын башчысы Александр Барыкинди мууздап кетишкен. Алардын баары тең каршылык көрсөттү деген жүйөө менен атып өлтүрүлгөн. Кийинчэрээк алар Кытайдагы экстремист-террорчул уюмдун мүчөлөрү болгон деп кабарланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG