Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Чек ара бузгандардын тек-жайы аныкталууда


Кыргыз-кытай чек арасы кароол мунарасы. 6-сентябрь, 2012-жыл.

Кыргыз-кытай чек арасы кароол мунарасы. 6-сентябрь, 2012-жыл.

Чек ара кызматы 23-январдагы кыргыз-кытай чек арасында окуянын болжолдуу версиясын жарыялады. Ага ылайык, чек арада өлтүрүлгөн 11 адамдан турган топ уйгур улутундагы сепаратисттер болушу мүмкүн.

Чек ара кызматынын расмий маалыматында, Жети-Өгүздөгү Ак-Шыйрак чек ара тилкесине жакын Пикертык аймагына кирип келген куралдуу топтун 11 мүчөсү бейшемби кечинде атып өлтүрүлдү. Алардын Кыргызстандын аймагында жүргөнүн алгач жергиликтүү Аңчылык чарбасынын башчысы Александр Барыкин байкап, жакынкы чек ара тозотуна маалымат берген.

Чек арачылар аталган жерге жетип келгенче куралдуу топтун мүчөлөрү Барыкинди мыкаачылык менен өлтүрүп, анын аңчылык мылтыгын тартып алган. Аңчы өзүн коргоого аракет кылып, экөөнү атып салууга үлгүргөн. Андан соң окуя болгон жерге "Кара-Сай" чек ара тозотунун чек арачылары келип куралчандардын багынып берүүсүн талап кылышкан. Бирок аталган адамдар тоң моюндук кылып, каршылык көрсөткөнү үчүн аларды жок кылуу чечими кабыл алынган. Ок атышуу маалында бир чек арачы жеңил жаракат алды. Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиевдин маалыматында, жок кылынган куралдуу топ Кытайдан келген уйгур улутундагы сепартисттер болушу мүмкүн:

Раимберди Дүйшөнбиев президентке чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берди. 24-январь, 2014-жыл.

Раимберди Дүйшөнбиев президентке чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берди. 24-январь, 2014-жыл.

- Операция учурунда жок кылынган 11 адамдын баары сыртынан караганда уйгур улутунун өкүлдөрү. Алардын ар биринде бычак, аркан, жүзүн жашырган чүмбөттөр анан асма баштыктарында өлгөндөн кийин оролчу ак кепиндер болгон. Андан сырткары компас, карта жана белгилүү бир сандагы кытай юаны жана АКШ доллары табылган.

Дүйшөнбиев кошумчалагандай, куралчан топ Кытайда кылмыш кылып, чек араны ашып качып келген болушу мүмкүн:

- Кытай тарапты бул топ тууралуу кабардар кылып, "силер жактан өттү беле?”,- деп маалымат сурадык. Алар мындай маалымат жок экенин айтышты. Бирок ошол окуя болгон чек арадан 90 чакырым алыстыктагы Кытайдын аймагында Уши деген шаарча бар экен. Кытай чек арачылары ошол жерде "уйгур сепаратисттери жашайт" деген маалымат беришти. Алар бул жакка келип, курал-жарак алып Кытайга кайра өтмөк же бул жерде сепаратисттик аракеттерге бармак.

Алар анча деле куралдабаган соң тирүү кармаса болмок. Эмнеге келди, мындан башка да коркунучтар барбы, балким чалгынчыбы, мунун баарын тактоо керек болчу.

Бирок башкы чек арачы окуя болгон аймактын табигый шарты өтө татаал экенин, алардын кантип кытай чек ара тозотторун көзүнө илбей, Кыргызстандын аймагына өтүп келгени беймаалым экенин моюнуна алды.

Дүйшөнбиев кошумчалагандай, учурда ал жерде окуянын чоо-жайын иликтеп, өлгөндөрдүн ким экенин аныкташ үчүн УКМК, милиция жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган топ иштеп жатат. Окуя боюнча Бишкектеги Кытайдын элчилигине маалымат берилип, элчиликтин үч өкүлү да бүгүн Караколго жөнөп кеткени белгилүү болду. Бирок Кытай тарап бул тууралуу расмий түрдө өз позициясын билдире элек.

Учурда Кыргызстанда чек араны бузуп кирген топ ким экенине кызыккандар абдан көп. Мурдагы Коргоо кеңешинин катчысы жана Бишкектеги Кытай маданият борборунун төрагасы Болот Жанузаков чек ара кызматынын расмий версиясын чындыкка жакын деп эсептейт. Анын айтымында, Кытайда акыркы учурда уйгур сепаратисттеринин жашыруун ишмердүүлүгү күч алды:

- Кытайда уйгур улутундагы сепаратисттер ишмердүүлүк жүргүзөрү белгилүү эле маалымат. Бирок аларга каршы Кытай мамлекети да күрөштү күчөткөн. Чек арасы өтө корголгон Кытайдан алар кантип өтүп кетти? Бул чоң суроо болуп турат. Муну кылдат териштирүү керек.

Кытайдагы кысымдан качкандарбы?

Ал эми Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” бирикмесинин мурдагы төрагасы Дилмурод Акбаров Кытайда акыркы учурда уйгурларга каршы кысым күч алганынын, аталган жарандар бул кысымга чыдабай, Кыргызстанга качкандар да болушу мүмкүн экенин четке какпайт:

Үрүмчүдөгү уйгурлардын каршылык акциясы, 2011-жыл.

Үрүмчүдөгү уйгурлардын каршылык акциясы, 2011-жыл.

- Кытайда учурда уйгурларды териштирбей туруп эле мечитке кирсе деле сепартист, исламчы деп кысымга алып, куугунтуктап жатышат. Мындай аракет Үрүмчүдөгү, Хотандагы окуялардан соң бул катаалданды.

Чек арадан өткөндөр мына ушундай куугунтуктан качкандар деле болушу мүмкүн. Алар полиция издеп жатканын билип калып, качып чыгышы да ыктымал. Ал эми Кытай түрмөлөрүндөгү абал кандай экенин баарыбыз эле билсек керек. Алар кыргыз чек арачыларынын колуна түшкөндө, Кыргызстан Кытайга өткөрүп берип коймок. Эгер Кытайга барса кыйноого кабылып, атууга кетмек. Куугунтуктоонун залалы үй-бүлөсүнө да тиймек. Ошондуктан, колго түшүп берүүнүн ордуна өлүмдү тандашы деле мүмкүн.


Ал эми окуяга күбө болгон жергиликтүү аңчы Акжолтой Асанов чек араны бузган адамдар кайсы бир диний топтун мүчөлөрү да болушу мүмкүн деп болжойт. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, алар атышуу маалында келме келтирип, жанына жайнамаз алып жүргөн:

- Алар жанына куран китеп, жайнамаз алып алышыптыр. Анан да кепинин даярдап, рюкзактарына салып жүргөнү деле бекеринен болбосо керек.

Ошол эле учурда ок атуучу куралы менен куралданбаган 11 адамды атайын даярдыктагы чек арачылар эмнеге тирүү колго түшүрө алган жок деген суроо коомчулукта кабыргасынан коюлууда. Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев чек араны бузгандардын тирүү кармап, аларды суракка алуу керек болчу деген пикирде:

- Алар анча деле куралдабаган соң тирүү кармаса болмок. Эмнеге келди, мындан башка да коркунучтар барбы, балким чалгынчыбы, мунун баарын тактоо керек болчу. Бирок муну кылбастан операция жетекчилеринин дароо өлтүрө атканы бир аз туура эмес болуп калды.

Ал эми мындай суроолорго операцияга жетекчилик кылган Чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучусу Раимберди Дүйшөнбиев төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

- Биринчиден, курал жок болчу деп айтуу туура эмес. Алар тартып алган аңчы Барыкиндин мылтыгында ок көп экен. Экинчиден, алар биздин жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн соң чек арачылардын өмүрүнө да залал келтирмек. Буга кошумча кеч кирип кетсе кармоо кыйынчылык туудурмак. Алар өздөрүнө кепин камдаган соң баарына даяр болушкан. Ошондуктан биз ушундай чечимге келдик.

Куралдуу топту биринчи байкап, алар менен күрөшүп жатып каза болгон аңчы Александр Барыкиндин сөөгү жекшембиде жерге берилет. Ал чек араны коргоодогу каармандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөөрү белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG