Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Чоң-Алайда алтын кендерин иштетип жатышкан кытайлык компанияларга жергиликтүүлөрдүн каршы чыгуулары күчөдү. Өткөн айда Ала-Букада Ичтенберди, Нарында Солтон-Сары алтын кендеринде нааразылыктар орун алган.

Чоң-Алай районунда “Интербизнес Кайди” жана Asia Gold Enterprise аттуу заводдордун иши 1 айдан бери токтоп турат. Тургундар кытайлык компаниялардын өндүрүшү элге зыян алып келип жатканын айтып, түшкөн кирешенин жарымы Кыргызстандын пайдасына чечилүүсүн талап кылышууда.

Маалым болгондой, Чоң-Алай районундагы 110 561 гектар жерди алтын иштетүүчү кытайлык 5 компания ээлеп турат. “Аксы-Алтын” компаниясы Алтын мазар участкасынан 68 021 гектар, Asia Gold Enterprise компаниясы Кара-Казык участкасынан 70 гектар, Айдарбек жана Көк-Суу участкасынан 14 800 гектарды изилдеп атса, дагы бир “Бей Фант Цзь Юань” аттуу компания Карамык участкасынан 16 200 гектар, Жаман-Жар участкасынан 8000 миң гектар жерде чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Калган “Интербизнес” жана “Кайди” компаниялары 3 жарым миң гектар жерди иштетип, жүздөгөн тонна концентраттарды Кытайга ташып кетишүүдө.

Турдумамат Жакыпов
Жергиликтүү тургун Турдумамат Жакыповдун пикиринде бул жерлер компанияларга көп суммада сатылып кетиши да мүмкүн:

- Алтын кендерин иштетүү үчүн 8 жердин тагдыры Чоң-Алай элин кабатыр кылып атат. Өкмөт жерлерди кытайлык компанияларга чалгындоого, же жөн эле изилдөөгө берилген деп айтканы менен, сатылып кеткени ачык болуп калды. Болбосо бийликтерден эмнеге эч ким унчукпай атат?

Жакыповдун белгилешинче, жогорудагы компанияларга лицензиялар өткөн бийликтин тушунда, тагыраак айтканда 2008-2009-жылдары берилген. “Ал эмес 2010-жылкы 7-апрелдеги кысталышка карабай соодалашып калууга үлгүргөн” дейт ал:

- Негизи бардык лицензиялар Бакивдин тушунда берилген. Бийликтен кетип атса да сатып жиберишкенине таң каласың. Карап көргүлө, №2 Кара-Казык участогу №1633АЕ лицензиясы, сол жээктүү Кара-Казык участогу №1632АЕ лицензиясы так ошол 2010-жылдын 7-апрель күнү берилген. Элдин баары тополоңго түшүп, согушуп атса, Бакиевдин Курманалиев дегендери кол коюп берип жүргөн.

Деген менен учурда “Интербизнес” жана “Кайди” компанияларынын иши да токтоп турат. Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылынын тургундары ишканалардын кен ташуучу унааларын бир айдан бери өткөрүшкөн жок. Алар заводдон чыккан саркындылар жергиликтүү элдин ден соолугуна залакасын тийгизип жатканын айтып, өндүрүштү текшерүүнү талап кылышууда.

Жашоочулардын бири Төрөкелди Алымкулов алтын кендерин таптакыр эле жаап салуу керек деп эсептейт:

- 2010-жылы 3-августта уулдуу болдум. Бирок балам бир сутка жашап эле чарчап калды. Быйыл 15-июнда балалуу болдум. Ал да 7 айлык болуп эле чарчап кетти. Дарыгерлерге барып, “силерди сотко берем” десем, алар “бул алтындын зыянынан болуп жатат” деп аныктама беришти. Эгер чындап ушундай болсо алтынды эмнеге бизде иштетип атышат? Мен буларды кетирүү үчүн өлүмгө да даярмын. Мага окшогон жаштардын тукумсуз өтүп кетишин каалабайм.

2008-жылдан иштөөгө укук алган “Интербизнес” жана “Кайди” компаниялары Чоң-Алай районунда алтындан сырткары күмүш жана жез өндүрүп келет. Бирок жергиликтүүлөр бул ишкана кошумча уран, цинк сыяктуу кендерди да өндүрөт деп тополоң салып келет. Ошондой эле кендин саркындылары коопсуз жайда сакталбайт деп айып коюуда.

Заводдун өкүлү Дай Лу мындай айыптарды четке какты:

- Бул жерде иштегенге биздин толук укугубуз бар. Уруксатты Кыргызстандын өкмөтү берген. Элдин арызы болсо, ошол бийликке барып айтсын. Унчукпаса иштей беребиз, кет десе кетип деле кала беребиз.
Нааразы болгон тургундар, 11-август, 2011-жыл
Эки өлкөнүн келишимдерине ылайык алтындан түшкөн кирешенин 1 пайызы гана Кыргызстандын пайдасына өтөт. Бирок ошол 1% киреше ушу кезге чейин бериле элек. “Мунун баары жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечиле турган маселе эмес” дейт райондун акими Азизбек Алайчиев:

- Бир тонна концентраттан 8 грамм алтын алынат. Лицензияда ошондой белгиленген. Биз эми пайданы алсак, ошол келишимдин негизинде алабыз. Азыр алар бизге тиешелүү 1 пайызды бергиле деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Бирок чынын айтканда муну ушуга чеңин чече албай келатабыз.

Чоң-Алайдагы бул компаниялар казып алынган таштарды майдалап, Кытайга алып кетип, ошол жактан өндүрүшөт. Өткөн жылы “Интербизнес”, “Кайди” компаниялары эле 2494 тонна концентрат ташып кетишкен.

Маалыматка ылайык, азыр Кыргызстанда алтын кенин чалгындоо жана казуу ишин жүргүзгөн 100дөн ашык компания болсо, алардын дээрлик жарымы казылган рудаларды коңшу өлкөлөргө алып барып иштетишет. Мындан улам Экономикалык тескөө министрлиги Жаратылыш ресурстары министрлиги менен бирге 2012-жылдан тарта Кыргызстанда казылган алтын рудаларын чет өлкөгө чыгарууга тыюу салууну көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG