Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коому Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы камактагы жарандарды алмашуу боюнча макулдашууга карата тынчсыздануусун айтып чыкты.

Анткени Кыргызстанда экстремизм жана терроризм боюнча айыпталган уйгур тектүү Кытай жарандары өз жеринде өлүм жазасына кириптер болушу мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө катары аларды Кытайга кайтарып бербөөгө тийиш деп билдирди акыйкатчы Турсунбек Акун.

Жакында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарды кайтарып берүү боюнча келишим күчүнө кирет. Ага ылайык, Кытайда ар түрдүү кылмыш боюнча соттолгон жыйырмадан ашуун Кыргызстандын жараны жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөө үчүн кайтарылат. Ошондой эле Кыргызстанда соттолгон Кытай жарандары ал жакка өткөрүлүп берилет.

Кытайдын уйгур тектүү жарандары Бахрамжан Ахмад, Аскар Тохти жана Али Мансур 1999-жылы Ош шаарындагы жардырууларга шектүү деп кармалып, өмүр бою эркинен ажыратылган болчу. Соттолуучу Бахрамжан Ахмаддын адвокаты Матлюба Жалалова ал коңшу мамлекеттин буйрутмасы менен жалгандан камалып кеткенин белгиледи:

- Окуя болгон учурда ал бул жакта болгон эмес. Ага анын эч кандай тиешеси жок болчу. Бирок ал конокко келип калганда жасалма паспорт менен кармалып калып, ага жасабаган кылмыштардын бардыгын илип коюшту. Сотто анын күнөөсү далилденбегенине карабастан, ал өмүр бою кесилип кетти. Саясат үчүн адамдын тагдыры түккө турбайт экен. Эми бул жигит Кытайга өткөрүлүп берилсе, күнөөсүз жерден өлүм жазасына тартылып калышы мүмкүн.

Жаңы макулдашуунун алкагында Кытай бийлиги Кыргызстанда экстремизм жана террорчулук боюнча соттолгон жарандарын өткөрүп алат. Ошондой эле Бээжин издөөдө жүргөн уйгур жикчил активисттерин Кыргызстандан талап кылып, алып кете алат.

Кытай мыйзамдары боюнча аталган кылмыш белгилери боюнча соттолгондорго өлүм жазасы берилет. Бирок Кыргызстан улуттук, саясий жана диний белгилери боюнча куугунтук жегендерге башпаанек берүүгө милдетүү.

Кытай менен болгон келишим Кыргызстандын буга чейинки эл аралык милдеттемелерине каршы келип калабы деп тынчсызданган “Иттипак” уюму бийликти уйгур тектүү соттолгондорду Кытайга бербөөгө чакырды. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул ишти жөнгө салууга убакыт бар экенине токтолду:

- Биз бул маселени изилдеп жатабыз. Аларды бат эле өткөрүп беришпейт. Президент кол койгон менен ал макулдашуу тез эле күчүнө кирбейт. Анткени аны эми Кытайдын парламенти бекитиш керек. Анан элчиликтердин ортосундагы ратификация боюнча грамотаны даярдоонун өзүнө эле алты айга жакын убакыт кетет. Мен акыйкатчы катары жанагындай саясий себептер менен куугунтуктала турган уйгур тектүү Кытай жарандарын кайтарып бербөө боюнча аракеттерди көрөм.

Макулдашуудагы маанилүү жагдай

Ошол эле учурда аталган макулдашууда Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерин сактап калуучу шарттар камтылган. Анда өзүнүн мекенине экстрадициялана турган адамдын эркин эске алуу жагы каралган.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун юристи Абдыкерим Ашыров Кытай жарандарын өлүм жазасынан арачалап, бул жакта алып калууга укуктук негиздер бар экенин белгиледи:

- Мына ошол макулдашууда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кытайдын же Кыргызстандын жарандарынын өздөрүнүн же алардын жакындарынын макулдугу керек деген талап турат. Ошондуктан эгерде соттолгон адам Кытайга кайтарып берүүгө каршы болсо, аны мажбурлап жөнөтүүгө эч кимдин акысы жок. Бул макулдашуунун укуктук ченемдерин бурмалабай так аткарса, адам укугунун бузулушуна жол берилбейт.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соттолгон жарандарды өз ара экстрадициялоо боюнча макулдашууга 2012-жылы Бээжинде кол коюлган. Жакында аны парламент бекитип, президентке кол коюуга жөнөткөн болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG