Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Кытайды тааныткан искусство Бишкекте


Көргөзмөгө коюлган сүрөт
Көргөзмөгө коюлган сүрөт

Бишкекте Кытай Элдик Республикасынын маданият күндөрү башталды. Анын алкагында Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде фарфор, керамикага сүрөт түшүрүү өнөрү боюнча көргөзмө уюштурулуп, филармонияда болсо Кытай мамлекеттик радио берүүсүнүн улуттук оркестри чоң программадагы концерт тартуулады.

Цзин Дэ Чжен шаарындагы кытай сүрөтчүлөрүнүн фарфор гравюрасы Кыргызстанга биринчи жолу коюлуп жатат. Алардын отузга чукул сүрөттөрү Ата-журт, жаратылыш темасын жана башка философиялык ойлорду камтыйт.

Мисалы, сүрөтчү Фан Минцы өзүнүн “Мейкайуфу” деген сүрөтүндө, Кытайдагы мындан алты миң жыл мурдагы Бан По маданиятынын мезгилиндеги сүрөтчүлөрдүн тартуу ыкмаларын, технологиясын колдонгонун айтты.

Фан Минцы
Фан Минцы

- Бул сүрөттү тартуу ыкмасы мындан алты миң жыл мурда кандай болсо, эч өзгөрүүсүз ошол бойдон азыр да колдонулуп тартылды. Ушул тапта биздин Керамика мектебинде илгерки бабаларыбыз кылымдардан кылымдарга мурас кылып калтырган сүрөт өнөрүн улантып келатабыз. Ушул жердеги көргөзмөгө болсо азыркы чеберлердин философиялык ойлордон тартып, эстетикалык ырахат тартуулоочу ар кандай эмгектери биринчи жолу илинди. Ал эми мен тарткан сүрөтүмдө, эргүү учурундагы ички сезимимдин абалын жеткирүүгө аракет кылдым.

Фан Минцы белгилегендей, азыр канчалык заманбап технологиялар өнүккөнү менен алар фарфор живописинин ыкмаларын, технологиясын эч бир өзгөртпөстөн, алты миң жыл мурдагыдай эле көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүүгө аракет кылышууда.

Фарфор гравюрасы демекчи, мындан алты миң жыл мурда Кытайдын кол өнөрчүлөрү чоподон ар кандай буюмдарды жасашып, аны ар түрдүү боёктор менен кооздоп, буюмдун бетине кооз сүрөттөрдү түшүрүшкөн. Ал буюмдар айтылуу Жибек жолу аркылуу бүт дүйнөгө тарап, Кытайды таанытып, ааламга атагын чыгарганы менен белгилүү.

Кыргызстандагы Кытай Элдик Республикасынын элчисинин кеңешчиси Жу Лан Бэй бул иш-чара да байыркы Жибек жолун кайра жандандырууга кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгиледи.

- Акыркы жылдары Кытай менен Кыргызстан ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары алгылыктуу иштерди турмушка ашырууда. Анын алкагында эки мамлекет саясий-экономикалык, коопсуздук жактан жана маданий-социалдык маселелер боюнча да жакшы ийгиликтерге жетишүүдө.

Кытай Элдик Республикасынын маданият күнүнүн алкагында уюштурулуп жаткан көргөзмө 4-августка чейин уланат. Ал эми Кытай мамлекеттик радиоберүүсүнүн улуттук оркестринин чоң программадагы концерти Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өттү.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Кытай Элдик Республикасынын Маданият министрлеринин эки тараптуу келишиминин негизинде өтүп жатканын билдирген Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Чет мамлекеттер менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Өмүрзакова буга чейин дагы эки өлкөнүн маданият күндөрү өтүп келгенин белгиледи. Анын айтымында, кыргызстандык таланттуу балдарды Кытайда окутуу боюнча маселе да көтөрүлөт.

- Азыркы учурда эгерде Кытай тарап чакырса окуганга, семинар, конференцияга катышууга жиберебиз. 2016-жылдагы кол коюла турган келишимде биздин таланттуу балдарды окутуу, стажировкага жиберүү маселесин планга киргизүүнү карап жатабыз.

Ал эми Кытай Элдик Республикасынын маданият күнүнүн жабылыш аземи 30-июлда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасында өттү.

XS
SM
MD
LG