Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Ош: Кытайга барган айдоочулар азап чегүүдө


Жүк ташыган 17 унаа эки айдан бери Кытайда кармалып турат.

Жүк ташыган 17 унаа эки айдан бери Кытайда кармалып турат.

Кыргызстандык 17 оор жүк ташуучу унаа эки айдан бери Кытайда кармалып жатат. Автоунаа ээлери айдоочулар ал жакта тамак-аш менен жатаканадан жүдөп жатканын айтышууда.

Август айынын башында 18 оор жүк ташуучу унаа атайын топ болуп Кытайга барган. Ал жактан кытай ортомчулардын жардамы менен товар жүктөшкөн. Бирок кайтып келе жатканда Кашкар шаардык бажы кызматы аларды токтотуп, унаасын камап койгон. Анын бирөө гана чыгып, калган 17 унаа эки жарым айдан бери кармалып турат.

Унаалардын биринин ээси, өзгөндүк ишкер Эркебай Жумаев “Азаттыкка” буларды айтып арызданды:

- Биздин айдоочулар кадимкидей эле товар жүктөп келатканда, кармап алып унааларын камап коюшкан. Тил билбеген немелерди ары-бери чуркатып, аябай жүдөтүшкөн. Жүз доллардан акча алып иштеген ортомчулары каматып салганбы же ошолордон мыйзамсыз иштер кеткенби белгисиз. Кыскасы, ал ортомчулар биздин айдоочуларга жардам берген эмес. Кыргызстандын Кытайдагы консулдугу “биз Бээжинде турабыз, Кашкарга азыр бара албайбыз” деп коюптур.

Эки жарым айдан ашык убакыт ичинде ишкерлер Кытайдын Кыргызстандагы консулдугуна жана кыргыз бийликтерине кайрылууга үлгүргөн:

- Айдоочулар документтер бүтүп калат, тиги-бу дешкенинен буга чейин эч нерсе кылбай, күтүп жүрдүк. Жакындан тарта эле ар жактан жардам сурап жатабыз. Кытайдын Кыргызстандагы консулдугуна барсак, алар “биз бул маселени чече албайбыз” деп коюшту. 28-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түштүк боюнча башкармалыгына унаа ээлери жана айдоочулар атынан арыз жазып тапшыргам. Ошондон бери жооп жок. Бүгүн келсем, биздин маселенин четин да караша элек экен. “Шайлоо боюнча иштеп аттык, силерге убакыт жетпеди” дейт. Эки айдан бери тиги жактан унааны карап жаткан балдарыбыз кантти? Кытайдын бийликтери турмак, биздин бийликтер да ооз ачпай атышат.

Кытайдан келе албай жаткан айдоочулар менен телефон аркылуу байланыша албай койдук. Айдоочулардын бири Бекзат Мажитовдон гана СМС аркылуу кыскача билдирүү алдык:

- Эки жарым айдан бери фураларыбызды чыгарбай жатышат. Азыр айып ортомчудан кеткенби же өзүбүздүн документтерден кеткенби билбей отурабыз. Же товарды бизге мыйзамсыз жүктөп койгонбу же дагы башка себептери барбы, ачык айтпай эле убакытты созуп атышат. Тамак-ашка, жатаканага акчабыз калбай калды.

Ош шаарындагы Кытайдын консулдугу бул маселе боюнча комментарий берген жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгы азыр бул иш Кытайдагы кыргыз элчилиги тарабынан каралып жатканын билдирди.

-Чынын айтыш керек, Кыргызстандан сыртка чыккан мигранттардын баары түштүк аймактан кетет. Ошол себептүү ТИМдин түштүк аймактык өкүлчүлүгүндө иш аябай көп. Бул биринчиден. Экинчиден, биз да, биздин Кытайдагы консулдук да бир айдан бери шайлоо менен иштеп атабыз. Бюллетендерди Кытайга алып барып, шайлоону өткөрүп, аны кайра алып келип эсептеп, кыскасы, жумуш көп. Ушул себептен улам балким бул айдоочулардын арызын кароо кечеңдеп аткандыр. Бирок бул иш боюнча Кытайдагы консулубуз ишти иликтеп жатат, Кытайдын ТИМине нота жөнөткөнбүз. Мыйзам боюнча арыз жазган кишиге биз 30 күн ичинде жооп беришибиз керек. Азыр бизде дагы 10 күндөй убакыт бар. Бул факты боюнча ушул аралыкта бир жактуу жооп айта алабыз, - деди ТИМдин өкүлү Мирлан Исмаилов​.

Жыл башында да кыргызстандык бир айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен Кытайда кармалып калган. Буга анын жүк тарып келатып уйгур тектүү жарандарды Кыргызстанга алып өтүү аракети себеп болгон. Учурда ал Кытайдын абагында отурат.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин да кыргыз-кытай чек арасынан унаалардын өтүүсү татаалдаган. Август айында эле Оштогу кыргыз-кытай чек арасындагы Эркеч-Там көзөмөл бажы бекетинде, Кытайдан келе жаткан 350 товар жүктөгөн КамАЗ бир айдай кармалып жаткан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG