Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Курманов: Орусия-Кытай ортосунда түшүнүксүз жагдайлар бар


Эртең Бишкекте Шанхай кызматтык уюмунун саммити өтөт. Анда уюмга мүчө мамлекеттер Сирия менен Ооганстандагы абал тууралуу позициясын билдирери маалым болду. Бирок андан жыйынтык чыгабы? Бул тууралуу суроолорго тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов жооп берди.

“Азаттык”: ШКУнун эртең болчу Бишкек саммитин азыр дүйнө коомчулугу талкуулап, Сирия, Ооганстан боюнча позициясын айтат деп күтүп турат. Сиздин баамыңызда кандай жыйынтык болушу мүмкүн?

Зайнидин Курманов: Шанхай кызматташтык уюму эл аралык чоң маселелерди чечкенге аракет кылып жатат. Бул уюм НАТО чыгышты көздөй жылып баратканда Орусия менен Кытай чогулуп, антиблок түзгөнгө аракеттенди да. Эки уюмдун эки башка көз карашы болуп жатпайбы. Андыктан, ШКУнун Ооганстан, Сирия маселесин көтөрүп чыгышы мыйзам ченемдүү эле. Бирок бул уюмдун чечими ишке ашабы-жокпу ал белгисиз. Анткени бул уюмду НАТО тоготпой деле коюшу мүмкүн. Албетте маселе БУУнун уставына ылайык талкууланышы керек, күч колдонууга болбойт. Азыр АКШ токтоп калбадыбы, балким, билдирүү жыйынтык берет.

“Азаттык”: Ушундай чоң державалар тирешип турганда Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекет өз позициясын айтууга кудурети жетеби?

Зайнидин Курманов: Эми уюмда сөзү өтүмдүү эки гана мамлекет бар да. Алардын жанында Кыргызстан кичинекей эле мамлекет. Албетте, өз көз карашын билдириши мүмкүн. Бирок андан саясат өзгөрүп кетпейт. Бул жерден биз же Орусияга же Кытайга кошулушубуз керек болуп жатат да.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча кимисине кошулганыбыз пайдалуу?

Зайнидин Курманов: Орустарга кошулсак Кытай нааразы болот, Кытайга кошулсак орустарды таарынтабыз. Экөөнү тең тандасак, АКШны капа кылабыз. Жеке пикиримде, Кыргызстан ички, тышкы саясаттын стратегиясында эч кимге каршы чыкпаган, ар кандай маданияттарды жолуктуруп, диалог түзгөн өзүнчө мамлекет болушу керек. Кытайга да, Орусияга да, АКШга да каршы эч нерсе жасабашы керек. Кыргызстандын салымы ошондо көрүнөт да.

Илгертен эле тигиге-буга кошулуп жүрбөйбүзбү. Эч кандай пайда тапкан жокпуз. Ошон үчүн кандайдыр бир көрүнүктүү позицияны ээлесек, утмакпыз. Жакында эле парламентте отургандар “Сирия тууралуу өз карашыбызды билдирели” деп жатты. Чындап келгенде Кыргызстандын Сирияга өз көз карашы жок. Анткени биз дүйнө коомчулугунда негизги оюнчу эмеспиз. Жада калса Кыргызстанды картадан издеп, таппай жүргөндөр бар.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөш деген документке кол коюшпадыбы. Бул эки мамлекет ортосундагы мамиле жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнөн кабар береби?

Зайнидин Курманов: ШКУну Кытай менен Орусия түзгөнүн, максатын башта айтпадымбы. Бирок бул уюмдун бир өзгөчөлүгү бар да. Айталы, Орусия менен Кытайдын ортосунда чечилбеген, түшүнүксүз жагдайлар бар. Орусия ШКУну аскердик уюм катары көргүсү келет. Кытай болсо экономика жагына маани берип, эл аралык соода жүргүзүү, жумушчу күчүн дүйнөгө жеткирүү ж.б. маселеге артыкчылык берип жатат. Бул жагы бизге пайдалуу, анткени бизге инвестиция керек. Биздин Кытай менен түзгөн келишимдер баары экономикага байланыштуу болуп жатат. Буга орустар кичине нааразы. Анткени алар ШКУну түзүп жатканда НАТО менен теңтайлашчу уюмду көргүсү келген.

“Азаттык”: Макулдашууларга ылайык Кытай Кыргызстанга 3 млрд., Өзбекстанга 15 млрд. доллар бергени жатат...

Зайнидин Курманов: Албетте, Кыргызстан да, Өзбекстан да, Казакстан да чакан мамлекеттер, бирок Кыргызстанга салыштырмалуу алардын потенциалы жогору. Бирок биз үчүн 3 млрд. доллар деле 15 млрд. долларга тете. Кытайда акча көп, ошого жараша аларга чоң долбоорлор керек. Алар европалыктарга окшоп майда-барат тыйынды санап отурбайт. Бизде мына темир жолду салабыз дегенге 15 жыл болду. Ал ашып кетсе 2 жылда бүтчү иш экен. Ошондой болуп кетпесе болду да. Иштете албасак, 3 млрд. долларды деле бербейт. Сөз боюнча калат да. Ошол жагынан көзөмөл керек. Долбоорду жаздыбы анын өтөөсүнө чыгыш керек, жарым жолго таштабай.

“Азаттык”: Кытай өзүнүн геосаясый кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн дагы ушундай кадамдарга барып жаткандыр?

Зайнидин Курманов: Албетте, азыркы ааламдашуу доорунда күч менен эч нерсеге жетпейсиң. Акча менен гана багынтса болот. Бул жагынан Кытайдын мүмкүнчүлүгү жогору. Кытайга рынок, чийки зат, ресурс керек. Алар үчүн экономикалык кызыкчылык маанилүү. Азыр эми Кытай басып алганы жатат, тигинтет-минтет деген сөздөр болуп жатат. Чынын айтсам мен буга анча ишенбейм. Булардын маданияты өзгөчө, аны кытайлар гана түшүнбөсө башкаларга - табышмак.

“Азаттык”: Бирок Борбор Азияда, Орусияда деле Кытайдан чочулоо бар. Бул эмне себептен?

Зайнидин Курманов: Ар кандай “жомоктор” көп да. Бизди багынтып, басып алат, чоң элге сиңип кетебиз деген сыяктуу. Өткөн жылдары бирин-экин ошондой аракеттер болгон. Бирок кудай акы, тарыхчы катары айтайын, Кытайда бир да Александр Македонский төрөлгөн жок. Басып алуу ою болсо илгерки эле заманда багынтып алышмак. Ага аскери да, күчү да жетмек. Бирок Кытайдын философиясы башкача, аралдан алыс чыкпайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG