Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Кытай Кыргызстанга ири грант берет


Түндүк-түштүк кошумча жолу Кытайдан келген инвестицияга курулуп жатат.
Түндүк-түштүк кошумча жолу Кытайдан келген инвестицияга курулуп жатат.

Кытай өкмөтү Кыргызстанга 50 миллион доллар грант бергени жатат. Бул каражатка социалдык объекттер курулмакчы.

Мындай келишимге 17-июлда Бишкекте кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйында кол коюлду. Жолугушууда тараптар бир топ ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.

Өкмөттөр аралык комиссия ушуну менен 10чу жолу жыйынга чогулду. Кыргызстандын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев журналисттерге жолугушуу бул ирет өзгөчө форматта өттү деп билдирди:

- Ар бир тармакты мисалы, энергетика, айыл чарба, транспорт жана коммуникация боюнча кеңири талкуулаганга, өз-өзүнчө сөз кылганга мүмкүнчүлүк болду. Башкы өзгөчөлүгү ушул. Бул жыйындын алкагында буга чейин жасалган иш-чараларды жыйынтыктадык, аны менен бирге кийинки жылдарга пландарыбызды белгилеп алдык. Анда айыл чарба жана энергетика тармактарынан сырткары ирригациялык объекттерди курууну каржылоо боюнча сөз болду.

Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Тайырбек Сарпашев бул жолугушууда Бажы биримдиги талкууланганын, анын алкагында экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери көтөрүлгөнүң кошумчалады:

- Буга чейин деле эки тараптуу жолугушууларда, ишкерлер менен бирге өткөрүлгөн талкууларда өзүбүздө өндүрүштү жылдыруу боюнча маселе коюлуп жаткан. Мисалы, бул жолугушууда айыл чарба министри текстил, жип ийрүү жагын көтөрдү. Биз бүгүнкү күндө пахтаны чийки түрүндө эле сатып жатпайбызбы, ошондон жип ийрип, кездеме токуп даяр продукция чыгаруу боюнча да сунуштадык. Кыргызстандын аймагына өндүрүштүн башка түрлөрүн алып келип, продукция чыгарып бажысы жок, тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча бир топ долбоорлорду талкууладык.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев кыргыз-кытай алака-катышын алгылыктуу деп баалады. Анын пикиринде, эми Кытай базарына кирүүгө көбүрөөк далалат жасалышы шарт:

- Кытай Кыргызстандын экономикасында биринчи инвестор. Азыркы күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамиле өтө ишенимдүү багытта баратат. Саясий багытта эч кандай проблема жок. Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бардык укуктук-келишимдик база түзүлгөн. Ошондой эле жеке чарба жаатында да келишимдер, долбоорлор бар. Эми, тескерисинче Кытайдын базарына кирүү мүмкүнчүлүктөрүн карашыбыз керек. Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, эт-сүтүн кантип Кытайга экспорттойбуз дегенди ойлонуп, ишке ашыруу зарыл.

Жаш ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Руслан Акматбек эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгында бардык мүмкүнчүлүктөр толук колдонулуп, ишке аша элек деп эсептейт. Аны менен катар айрым проблемаларды, коопсуздук маселелерин эстен чыгарбоону эскертүүдө:

Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди тосуп алуу. 11-сентябрь, 2013-жыл.
Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди тосуп алуу. 11-сентябрь, 2013-жыл.

- Мисалы, биздеги электр энергиянын 10 эле пайызын эле колдонобуз деп айтып жүрбөйбүзбү. Дүркүрөп өсүп-өнүгүп жаткан Кытайга электр энергияны экспорттоп пайда тапсак болот эле. Бул багытта сөз болуп, инвестиция келип, кытайлык ишкерлер чакан ГЭСтен баштап чоң ГЭСке чейин курулат деп айтылып келген. Бирок бирөө да ишке ашкан жок. Кара-Балтада кара май иштетүү заводунун иши да башталбай жатып эле басаңдап калды. Бир чети буту тосуу, бир чети түшүнбөстүк болду. Акыркы убакта тоо-кен, энергетика тармагында, курулуш материалдарын өндүрүү тармагына кытай бизнесмендеринин кызыгуусу абдан күч. Бирок кооптонгондой маселе болуп турат. Алардын биздин өлкөгө активдүү инвестиция салуусу, экономикалык кызматташтыктын активдешүүсү коопсуздук маселелерин да жаратып жатат. Байкабай жүрүп кытай экспанциясына түшүп калбайбызбы деген да чочулоо бар. Кытай менен кызматташып жатканда өзүбүз биринчи максат-ниетибизди так аныкташыбыз керек болуп жатат. Кытай менен кызматташканда приориттерибиз жана кооптонууларыбыз эмне деп ажыратып алышыбыз керек. Кооптоно турган маселелерди жөнгө салып теңтайлашкан эки өлкө катары кызматташуубуз зарыл.

Бишкектеги кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын ошондой эле Кашкар-Ош, Кашкар-Бишкек аба каттамдарын ачуу, чек арада бажы бекеттеринен дем алышсыз, күнү-түнү үзгүлтүксүз өтүү маселелери көтөрүлдү.

Тараптар сентябрь айына чейин 2015-2025-жылдар аралыгында ишке ашырыла турган долбоорлорду аныктап, эмки Бээжиндеги жыйында бекитип алууну макулдашты.

XS
SM
MD
LG