Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Чек аралаш Кытай жана Кыргызстан мамлекеттеринин карым-катышынын күңгөй-тескейин “Азаттык” “арай көз чарай” талкуулады.

Кыргызстанда Кытайдын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы күчтөнүүдө. Акыркы кездери тилин, маданиятын жайылтуу аркылуу Кытай Кыргызстанга таасирин күчөтүүдө деген пикирлер арбын айтыла баштады. Орусия, Батыш маданиятына ыктаган кыргыз коомчулугунда эмне үчүн кытай маданиятына умтулуу артууда? Кытай Кыргызстанга маданий жана экономикалык экспансия жасашы мүмкүн деген шектенүүлөрдө жүйө барбы? Экономикалык муктаждыгы күч бүгүнкү шартта Кыргызстан кошуна менен теңата карым-катышта жашап, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыгын сактап калуу үчүн кандай аракеттерди жасашы керек?

Талкууга Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин алдындагы Конфуций институтунун теңтөрайымы Үмүт Култаева, ТИМдин байкоочулар кенешинин мүчөсү, экономист-талдоочу Искендер Шаршеев, улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт Бакыт Жумагулов катышты.

Үмүт Култаева: Конфуций институтунун миссиясы бир эле билим берүү эмес, кытай тилин жана маданиятын жайылтуу болуп эсептелет. Кытай мамлекети тилин, маданиятын дүйнө жүзүнө таанытып жатат. Бул институтту толугу менен Бээжиндеги Ханбан деген башкы штаб-квартира каржылайт. Билим берүүдө, илимде, маданият алмашуу жаатында мыкты долбоорлорду дайыма сунуштап, жаңы идеяларды колдоп турат.

Биздин университеттеги Конфуций институту да ошол дүйнөлүк тенденциянын агымында пайда болду. Анда 1700 студент бар. Кытай тили андан башка дагы бир нече структураларга кирип жатат. Мисалы, Эл аралык мамилелер, Экономика институттарына атайын кытай тили сабактары кирди. Улуттук университеттин ичинде кытай тилин үйрөнүү борборлору уюштурулган. Сабактарды Кытай эл республикасынан келген ыктыярчылар жана мугалимдер бекер окутушат, эмгек акысын Кытай тарап төлөп берет. Азыр окутуп жаткан кытайлык мугалимдер менен ыктыярчылардын саны жыйырмадай.

Кыргызстандык студенттер Кытайга да окууга жиберилип турат. Конфуций институту пайда болгондон бери (2007-жыл - ред.) Кытайда 300дөн ашык кыргыз атуулу стипендия алып, окуп жатышат.

Мындан тышкары ар кандай иш сапарларга барабыз, акысын Ханбан мойнуна алат. Жакында эле 26 кишиден турган делегация Тынч океанынын жээгиндеги Сиамен деген бир керемет шаарына барып келдик.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Бакыт Жумагулов: Биз Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун айланасында тыгыз мамиледе көп иштерди алып барып жатабыз. Кытайдын өзүндө деле коркунучтары бар, мисалы, Синьзян, Тайван сыяктуу маселелерди ар бир отурумдарда көтөрө кетет. Ал эми биз айтып аткан коркунучтар Кытай экспансиясы, кытайлар деген маселе Кыргызстанда эле эмес, Казакстанда да көтөрүлөт. Өзбекстанда да, ал эмес чоң Россияда да актуалдуу маселелердин бири катары каралат. Экспансия дегенде эми миграция маселесин көзөмөлдөп эле, эсебин тактаса, тууралап койсо болот.

Кен байлыктарга инвесторлорду алып келишибиз керек. Ал боюнча жакшы келишимдерди түзсөк, өз кызыкчылыктарыбызды сактап калабыз.
Ошол эле мезгилде Кытай өзүнчө бир өнүгүү жолун көрсөткөн феномен болуп жатат. Биз ошол өнүгүүнү изилдеп, тилди үйрөнүп, аракеттерди жасашыбыз керек.

Куршабдагы кытайлык жумушчулар

Куршабдагы кытайлык жумушчулар

Өндүрүш Токтонасыров (угарман): Кыргыз кыздардын кытайлыктарга турмушка чыгышы, кайсы бир долбоорду жүзөгө ашырымыш болуп, жумушчуларды Кытай атуулдарынан алып келип жаткандыгынын бардыгы - митайымдык саясат. Кытай проблемасы дүйнөгө тарап атат деп туура айтып атат. Кытайдан келген мигранттарга муктаж эмеспиз. Муну тезинен токтотпосо кеч болуп калат. Маданий байланышты күчөтөлү. Экономика, инвестиция маселесине келгенде абдан сак болуш керек. Кытайлыктардын санын, кирип-чыкканын көзөмөлдөй турган мыйзам керек.

Искендер Шаршеев: Бүгүнкү күндө таза улуттук мамлекет жок. Белгияда мисалы, кандын тазалыгын сактап жүрүшкөндө кан бузулган. Саламаттыгы начар балдар төрөлө баштаган. Ошондуктан таза улуттагы мамлекет куруу мүмкүн эмес. Маданиятта улутчулдуктун болушу - башка маселе.
Кытайдын күчү – Кытай өзү 80 элге бөлүнөт, 40тан ашык тили бар. Бирок хань деген эли кытай деп, баарын бириктирип, кармап келатат.

Азыркы кезде Кыргызстанга чоң коркунуч жок. Анткени бул эки өлкө ортосунда Уйгур автоном облусу бар. Ал жерде азыр от жанып, кайнап турган кези. Үч жума мурда эле ал жерде жаңжал чыккан. Ал жерде уйгурлар, кыргыздар, казактар жашашат. Алар турганда Кыргызстанга анчалык коркунуч жок. Бирок маданиятыбызды өткөрүп берип койсок, Кыргызстан Кытайдын эле бир бөлүгү болуп калат. Маданий жактан кыргыз жоголушу мүмкүн.

Экономикалык жактан болсо күчтүү. Бирок Кытайдын экономикалык булагы америкалык, европалык, дүйнөлүк технологиялар. Кытайда бир проблема бар. Ал жерде жаңы технологияларды ойлоп таба алышпайт экен. Ал жактагы институттар көп учурда дүйнөлүк иштелген технологиялардын көчүрмөсүн алып, анан арзан жасаганга шыктуу.

Булардын артыкчылыгы, мисалы, бир кытай жумушчусу жумасына 6 долларга иштей берет. Ал эми Кыргызстанда андай акчага иштеген адамды көрө элекмин.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG