Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Качкынбаев: Кен иштетүүдө ачыктык болушу керек


Kyrgyzstan -- Seitek Kachkynbaev, Historian, Head of Kyrgyz Students Association in Japan, 31Aug2010, Bishkek

Kyrgyzstan -- Seitek Kachkynbaev, Historian, Head of Kyrgyz Students Association in Japan, 31Aug2010, Bishkek

Кыргызстандагы Кытай элчиси Ван Кайвэнь Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлорго болгон нааразылыктар артында кимдир бирөөлөрдүн саясий оюну турушу ыктымалдыгын билдирди.

Кытайлык ишкерлерге болуп жаткан бут тосуулар кыргыз-кытай мамилесине кедергисин тийгизбейби, мындан Кыргызстандын экономикасы өзү канчалык зыянга учурайт деген суроолор менен «Азаттык» чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаевди кепке тартты.

- Сейтек мырза, кен иштетип жаткан кытайлык ишкерлерге ар кайсы жерде каршылыктар күч алууда. Кечээ бул боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчиси да өз пикирин билдирди. Айрым пикирлер боюнча, мындай кайталана берсе кыргыз-кытай мамилесине доо кетиши мүмкүн, а түгүл Кытай Кыргызстанга карата санкция колдонуусу ыктымал дегендер чыкты. Сиздин пикириңиз?

- Менимче, кыргыз-кытай мамилеси санкция деген деңгээлге чейин жетпейт деп ойлойм. Бул маселени эки өңүттөн карап көрүш керек. Биринчиси, кыргыз тарапка байланыштуу: бизде тыйының болсо бардыгын сатып алсаң болот деген психология бар. Бул бизде 90-жылдары эле пайда болгон, сырттан келип, Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган чет өлкөлүк ишкерлерден «шапка» же башкача айтканда кайсы бир долбоордон өзүнүн чөнтөгү үчүн акча өөнөп калуу аракети. Биздин кыргыздын саясий элитасы ар дайым коомчулук менен эсептешпей туруп, өздөрү эле бир тараптуу маселе чечип келгени, же тагыраак айтканда сырттан келген инвесторлорду акча сурап, коркутуп, качырып жиберген маселеден келип чыккан. Бир эле мисал: 90-жылдары Кореянын “Daewoo” деген белгилүү компаниясы Кыргызстанга келип, кыргыз улусуна инвестиция кылып, автозавод куралы дегенде алардан өтө чоң суммадагы акча сурап, качырып жиберген.

- Ошол эле учурда алтын жана башка кен байлыктарын казып, иштетүүдө чет элдик ишкерлер менен жең ичинен келишим түзүлүп, Кыргызстан үчүн пайдасы өтө аз, же таптакыр жок, ал эми инвестиция салып жаткан ишкана үчүн өтө пайдалуу жана ыңгайлуу кылынганы да элдин кыжырын кайнатып атпайбы? Эл ачыктыкты талап кылып атат?..

- Туура айтасыз, кандайдыр бир коомдук маанилүү маселе чечилип жатканда ал адегенде коомчулукта талкууланып, андан кийин гана уруксат берилиши керек. Мамлекет тарабынан коомчулук менен тыгыз байланыш болушу керек. Эми маселенин экинчи өңүтүнө келсек: Кытай тарапка байланыштуу. Сиздер жакшы билесиздер, түштүк тарапта мындай сөз бар «өзбек тектүүлөр сооданы өзбек тектүүлөр менен гана кылып, акчаны аларга калтырат, ал эми кыргыздан соода кылбайт, ал эми кыргыз болсо сооданы дайым өзбектер менен кылып, кыргыздарга акча калтырбайт» деген. Мына ушунун мисалындай эле азыр кытайлык ишкерлер иштетип жаткан Ала-Бука, Чаткал тараптардагы алтын кендеринде иштеп жаткан жумушчулардын дээрлик 90% кытайлардын өздөрү. Өтө аз сандагы гана, айлыгы аз жумуштарда кыргыздар иштешет. Ошол Кытай компаниялары кен иштетүүгө лицензияны кандай жол менен алганы белгисиз, ошол эле учурда чоң компаниялар башка иштерге кытай ишканаларын гана жалдап, өздөрү алып келген инвестициянын дээрлик 90% кайра кытайлардын өздөрүнүн колдоруна гана берип жатат.

- Бул дагы жергиликтүү элдин нааразычылыгын гана арбытып жатат?..

-Албетте. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү ар кандай инвестиция талап кылуучу жерлерде эмгек кодексине өзгөртүү-оңдоо киргизип, бул талапты коюушу керек. Кытай болобу же башка жактанбы Кыргызстанга инвестиция кылып иштеп жатканда ишмердүүлүгүнүн кайсы бир бөлүгүн кыргыз атуулдарын жалдоо аркылуу ишке ашырат деген пункттарды киргизүү зарыл болуп турат.

- Азыркы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев коалициялык өкмөт курап, өзүн премьер-министрликке көрсөтүп жаткан учурда «кен иштетүүгө берилген лицензияларды кайра карап көрөм» деп убада кылган эле. Мына ушуну ишке ашырууда келишимдерде бул талаптарды киргизүүгө болот беле?

- Атамбаевдин антип айтканынан менин кабарым жок экен. Бирок демократиялык коом түзөбүз деп максат кылып жаткан соң, буга окшогон маанилүү маселелерди коомчулук менен талкуулап, элде талкуу жүргөндөн кийин гана чечүү керек. «Соодада достук жок» дейт, эгер кыргыздын кызыкчылыгына төп келе турган болсо Кытай гана эмес, Африка өлкөлөрү болобу, Тажикстан, Пакистан менен болобу, бүт эле өлкөлөр менен прагматикалык пайда келтире турган мамиле түзүү абзел.

-Сейтек мырза, маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG