Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Кытай өндүрүштү өргө тартабы же...


Кытайдын акчасына курулган "Датка-Кемин" подстанциясы. Чүй, 2015-жыл

Кытайдын акчасына курулган "Датка-Кемин" подстанциясы. Чүй, 2015-жыл

Экономика министрлигинин өлкөдө токтоп турган же жарымжан иштеп жаткан 42 өнөр жай ишканаларына кытай капиталын тартуу демилгеси коомчулуктун бүйүрүн кызыткан талкууга айланды.

Кытай инвестициясын гана тартуунун сыры жана себеби эмнеде? Өнөр жай ишканалары кандай негизде чет элдиктерге берилет? Айрым объекттер сатылат деген чынбы, өндүрүштү өйдөлөтүүгө Кыргызстандын кудурети жетпейби?

“Арай көз чарай” талкуусуна Экономика министрлигинин түндүк аймактар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев, өнөр жай боюнча эксперт Жарасул Абдураимов, Кыргызстандагы алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Күрөңкеев катышты.

“Азаттык”: Жарасул мырза, кыргыз өкмөтү сунуш кылып жаткан 42 ишкананы мындан ары өзү иштете албайт, келечеги жок, десек болобу?

Кытайдагы чоң саясат. Андан сырткары экологиялык маселелер кандай чечилет, ал дагы суроо жаратат.

Жарасул Абдыраимов: Биринчиден, чет өлкөдөн инвестиция алып келет деген жакшы нерсе. Бирок Кыргызстандын 42 ишканасы кытай тарапка берилет дегенден кийин анын артында чочулоо да бар. Бул ишканалар кайсы мыйзамдын негизинде берилет, банкротпу, бош турган ишкана болсо да ээлери бар дегендей, алар эмне болот?

Экинчиден, Экономика министрлигинде ар бир ишкана боюнча программа болгондо көрүп турат элек. Бул завод эми мындай багытта өнүгөт экен же продукция чыгарышын өзгөртөт экен деп. Айталы, мурдагы аскердик товарларды чыгарган завод эми айыл чарба товарларын өндүрөт экен деп.

Азыр кытай ишкери бизге кандай заводду алып келет деген чоң суроо турат. Кытайлар арзан жумушчу күчтөрүн издеп жатат, өздөрүнүн жабдууларын, шаймандарын эптеп сыртка алып чыгып кетип, бизге окшогон мамлекеттерде иштеткилери келет. Өздөрүндө 700-800 доллар айлык акы төлөй турган болсо, бизде 200-250 доллар менен иштетебиз деген ойлору бар. Бул Кытайдагы чоң саясат. Андан сырткары экологиялык маселелер кандай чечилет, ал дагы суроо жаратат.

“Азаттык”: Эсиңизде болсо 1990-жылдардын башында Кыргызстанга “Песак” программасы келип, өнөр жайды өнүктүрөбүз дешти эле, натыйжасы болгон жок. Жалкып калган жаныбыз азыркы абалда кандай кадам жасашабыз керек?

Жарасул Абдыраимов: “Песак” программасы эч ойлонулбай киргизилген, ондогон ишканаларды кулагынан сүйрөп эле киргизип койгон. Завод-фабрикаларда айлык акылар берилбей калганда олчойгон акчаларды бердик дешип, банкрот кылып басып кетишкен. Ошол программага кирбеген “Дастан” заводу гана калган, ошондо мен жетекчи катары каршы болуп чыккам. Калган Фрунзе заводу баш болгон ондогон ишканаларды талкалап салышкан. Азыркы 42 ишкана жөнүндө маселе болуп жатканда “Песак” программасынын тажрыйбасын эске алуу керек.

“Азаттык”: Турсунбек мырза, Кытайдын мындай долбоорлору башка өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатат, ошондуктан бизге тартуу туура деген пикирлер бар, сиздин оюңуз кандай?

"Жунда" заводунда иштеген кытай жарандары

"Жунда" заводунда иштеген кытай жарандары

Курманбек Күрөңкеев: Бизге өндүрүштүн кайсы тармактары келери маалымат жок. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин маегин окугандан кийин көрүнүп жатат, биздин өкмөттүн өндүрүштү өнүктүрүү боюнча саясаты жок экен.

Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда Кытайдын өкмөт башчысынан ушундай сунуш түшкөн экен. Кечээ жакында Казакстандын президенти Назарбаев да “бизге 45 ишкана боюнча сунуш келди, карап жатабыз” деди. Мындан улам бир мисалды айтайын. Кара-Балтадагы “Жунда” деген мунайды кайра иштетүүчү заводду курарда 20 пайыз гана кытайлар болот, калган 80 пайызын кыргызстандыктар түзөт деди эле. Бүгүнкү күндө алар 50 пайызга жакын кытай жарандары иштей алат деген уруксат алышты. Алар Кыргызстанда жашап, кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышат. Бул дагы чоң маселе.

Экинчи чоң суроо – бул экология. Ал боюнча дагы жергиликтүү элдин көйгөйү болгон. Үчүнчү маселе – Казакстандан, Азербайжандан келет деди эле, ал дагы белгисиз бойдон калууда. Эң негизгиси бензин арзан болот деген, ал аткарылган жок. Биздин билишибизче мунайдын баары Ооганстанга кетип жатат.

“Кристалл” боюнча бир жаңылыш түшүнүк бар. Кыргызстанда кремний бар деп жүрүшөт. Бизде кремний жок.

“Азаттык”: Зайнидин мырза, кыргыз өнөр жайына кытай капиталын тартуу менен жандандыруу идеясы кайдан чыкты? Бул демилгени кайсы тарап биринчи көтөрдү, негизги себеби кайда?

Зайнидин Жумалиев: Бул 42 өндүрүш ишкананы жөн эле Кытайга берип коелу деген кеп эмес. Союз тарагандан бери азыркыдан көп ишканалар токтоп калган. 42нин баары эле сатылат деген сөз жок, кээ бири биргелешкен ишкана түзөлү деп жатат, башкалары өндүрүш көлөмүн көбөйтөлү деген ойлору бар. Айрымдары чын эле сатыкка чыгып жатат. Бул жерде кытай капиталы кирет деген сөздөн алыс болуу керек. Завод ээлери өздөрү билет, өздөрү чечет. Аларга алып барып жолуктуралы, өзүңөр сүйлөшкүлө деп жатабыз.

“Азаттык”: Жарасул мырза, сиз мурда жетектеген Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” ишканасы да кытайларга сунуш кылынган тизмеде жүрөт. “Кристалл” бул убакка чейин башка чет өлкөлүктөргө сунуш кылынды, жакында толук ишке кирет деп көп үмүт арттык эле, майнап чыкпады. Кытайдын колунан келеби?

Жарасул Абдыраимов: “Кристалл” боюнча бир жаңылыш түшүнүк бар. Кыргызстанда кремний бар деп жүрүшөт. Бизде кремний жок. Эмне үчүн бул завод союз убагында Таш-Көмүргө курулуп калган, биринчиден, бизде электр энергиянын арзандыгы, экинчиден, заводго жакын Нарын суусунун кышы-жайы 12 градустан ашпагандыгы башкы негиз болуп берген.

Союз боюнча эки завод курула турган болсо, биринчиси, Грузиянын Кутаиси, экинчиси, биздин Таш-Көмүр тандалган. Азыр кытайлар келип кремний чыгарат деген жаңылыштык. Бүгүнкү жаңы технология менен башкача продукцияларды алуу мүмкүн болууда. Ал заводду башы иштеген кытай албайт, заводдун дубалдарын эле алышы мүмкүн. Анын ордуна башка продукция чыгара турган ишкана курушу ыктымал. Бул уникалдуу заводдун тагдыры, келечеги, башка өндүрүшкө которуу боюнча өкмөткө бир топ сунуштарды жазгам, ал эске алынса жакшы болмок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG