Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Адистер таштанды төгүлгөн жерде иштегендерден кабар алды


Мэрия кызматкерлеринин таштандыда иштегендер менен жолугушуусу
Мэрия кызматкерлеринин таштандыда иштегендер менен жолугушуусу

Бишкектеги таштанды төгүлгөн жерде жашап, иштеп жаткан адамдардан кабар алган Свердлов райондук акимчилигинин кызматкерлери аларга медициналык жардам жана башка жерден жумуш сунушташты. Ошондой эле юридикалык кеңеш берүүгө, жеке документтерин алууга жардам берүүнү убада кылышты.

Мындан ташкары ата-энелер таштанды жайында уул-кыздарын иштетсе, укуктарынан ажыратылып, балдары мамлекеттин тарбиясына алынары эскертилди.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуудан соң беш адам акимчиликтин кабыл алуусуна жазылды.

Буга чейин Бишкек мэриясы Свердлов районунун жетекчилигине таштанды жайында иштеп жаткан адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берген. (SDz)

XS
SM
MD
LG