Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Темир жол боюнча өзүңүздөрдүн вариантыңыздарды сунуштап, Дүйнөлүк банктын эксперттери менен темир жол түшөт деп болжолдонгон аймактарды тик учак менен кыдырып чыгыпсыздар. Темир жол тууралуу 15 жылдай убакыттан бери эле сөз болот. Бул жолу сөздөн ишке өткөнүңүздөргө ынанса болобу?

Калыкбек Султанов: Бул долбоордун башталып атканына чындап эле он жылдан ашыптыр. 2002-жылы Кытай 20 миллион юан, мындайча айтканда 4,6 миллион доллар грант түрүндө акча бөлүп, техникалык-экономикалык негиздери аныкталыптыр. Анан ошол жылы иликтеп, темир жол боюнча бир багытты аныкташыптыр. Анда Чатыр-Көлдүн жанында Торугарттан чек арадан баштап Арпага түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга чыккан багыт аныкталган экен.

Ошол багытта 95 көпүрө, жалпы узундугу 49 чакырым болгон тоонун башынан өткөн 48 туннель салынышы керек экен.

Биз быйыл картадан карап, башка багытты изилдеп аныктадык. Биздин министрлик картасын чийип, сунуш даярдап, техникалык-экономикалык корутундусун чыгарып бериңиздер деп Дүйнөлүк банкка өтүнүч менен кайрылганбыз. Алар бизге грант түрүндө 980 миң доллар акча бөлүп, өздөрүнүн төрт кишиден турган эксперттерин жиберишкен экен. Алар менен чогуу тик учакта биз сунуштаган багыт боюнча аймактарды кыдырып чыктык. Аларды биз Казарманга калтырдык. Алар эми Казармандан Жалал-Абадды көздөй кеткен жолду да көрүп кетишет.

Биздин багыт боюнча Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап Казарманга келип, андан Сузакка, Жалал-Абадга өтөлү деген варианты сунуштап жатабыз.

Кудай буйруса иш жылып атат. Кытай мамлекети да бул багыт боюнча техникалык-экономикалык негиздерин аныктаганга акча бөлүп, карап атышат. Жакында эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жыйыны өттү. Ал жерде да ушул маселе көтөрүлүп, каржылоо маселесин чечип, ылдамдаталы деген сөз болду.

“Азаттык”: Сиздер сунуштап жаткан багыт боюнча темир жол канча чакырымга узарып жатат? Анан жүктөрдү кайра жүктөөчү ири бекет Ак-Талаада курулат деп маалымдадыңыздар. Мурунку багыт боюнча бул бекет Кара-Сууга түшмөк экен. Ушул тууралуу айтып бересизби?

Калыкбек Султанов: Советтер Союзунан калган стандарт боюнча бизде поездин дөңгөлөгү түшкөн жер 1 метр 520 сантиметр. Ал эми Кытайдыкы 1 метр 415 сантиметр. Алардыкы ичкерээк, европалык стандарт. Ошондуктан алардын поезди бизди аймакка келгенде биздин стандартка өтүшү керек. Ошол жүктөрдү кайра жүктөй турган бекетти Ак-Талаа районуна куралы деп сунуштап жатканбыз. Кечээ тик учак менен кыдырганда Ат-Башы ылайыктуу болот экен деп чечтик.

Мурунку план боюнча Оштогу Кара-Суу району тандалган. Мындай бекетти куруш үчүн кеминде эле 200 гектар жер керек. Кара-Сууда баарына белгилүү болгондой эл көп, жер тартыш, ошон үчүн башка жерди тандадык.

Темир жолдун узундугу боюнча, мурдагы багытта 268 чакырымдын тегереги болчу. Биз сунуштап жаткан вариантта 380 чакырымга барып атат. Бирок узун болгону менен курулуш наркы арзан болот деген инженердик божомол бар. Экинчиден, бул жолду колдон келишинче көбүрөөк айылдарды аралатып өткөрөлү деп атабыз. Ошондо түндүк-түштүк менен карым-катнаш, соода-сатык көбөйөт.

“Азаттык”: Долбоордогу түйүндүү маселе каржылоо эмес беле. Ушул боюнча Кытай тарап менен орток пикир таптыңыздарбы?

Калыкбек Султанов: Ушул жылы 2-майда эки өлкөнүн эксперттер тобунун жолугушуусу болгон. Мурун темир жол үчүн Кыргызстандын кен байлыктары берилет экен, же 2 миллиард доллардын тегерегинде насыя алат экен деп сөз болуп жатпады беле. Биздин бийлик башчылар кен байлыктар эч качан берилбейт, жеңилдетилген насыяны да албайбыз деп маселеге чекит койгон. Ошол жолгушууда биз үчүнчү - концессия вариантын гана сунуш кылдык.

Концессия дегенде, Кытайданбы, же башка мамлекеттенби концессионер, мисалы жеке компания өзүнүн акчасын салып темир жол куруп, 10-15 жыл иштетип, акчасын пайдасы менен чыгарып алгандан кийин бизге, кыргыз мамлекетине өткөрүп берет. Бир гана ушул жол менен курабыз деп макулдашканбыз. Мунун эки өлкөнүн башчылары да колдоду.

“Азаттык”: Темир жолду кимдер курат? Жумушчулар кайсы жактан болот?

Калыкбек Султанов: Эми аны концессионер ким болсо ошол аныктайт. Бирок мына биздин унаа жолдорду куруп жатканда, 30-50 пайызга чейин биздин жарандар иштейт. Азыр эми темир жолду куруш үчүн Кытайдын аскерлери келет экен деген сөздөр чыгып атат. Бул эми негизсиз. Кура турган компания аныкталгандан кийин ошолор жумушчуларды аныктайт. Бирок алар жергиликтүү бийлик менен сөзсүз макулдашат.

“Азаттык”: Темир жол боюнча Өзбекстан, Казакстандын жана Орусиянын позициясын айтып бересизби? Айрым серепчилер Борбор Азиядагы дагы башка атаандаш долбоорлор, жолдун курулушун каалабаган өлкөлөр бар деп айтып келишет.

Калыкбек Султанов: ШКУнун жыйыны болгондо Өзбекстандын президентине сөз бергенде темир жолдун курулушу кечигип атат, 10 жылга кечигип атат, ушуну тездетели, бул стратегиялык маанидеги жол деп суранып айтты. Өзбек тарап бул жолдун курулушуна өтө кызыкдар. Казак, орус тараптарын билбейт экем. Биз саясатчы эмеспиз да, өзүбүздүн ишибизди аткарабыз.

“Азаттык”: Өзбекстан темир жол Эркечтам аркылуу эле өтсүн деген шарт коюп жатат деп айтылды эле.

Калыкбек Султанов: 2002-жылы үч өлкөнүн мекемелер аралык комиссиясы чогулганда варианттарды карашкан. Анда Эркечтам, түштүк аркылуу өткөн, анан түндүктө Торугарт аркылуу өткөн багыттар сунушталган. Анда алты багыт аныкталган. Ошондо өзбек эксперттеринин жетекчиси темир жол Кыргызстандын аймагынан өткөндөн кийин "Кытай тарап менен кеңешип, өзүңөрчө чечкиле, бизге эч кандай айырмасы жок" деп айтышкан. Бул жаатта эч кандай проблема жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG