Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жол долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бирок Кытай тарап сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө темир жолду куруу үчүн Кыргызстандын үч кен байлыгын алуу талабын коюудан баш тартпай жаткандыгы айтылууда. Кыргызстандын өкмөтү болсо кендерди берүүдөн баш тартаарын айтып, долбоорду ишке ашыруунун башка жолдорун сунуштоодо.

Сүйлөшүүлөрдүн “сүртүмдөрү”

Кыргызстандын Транспорт министрлиги менен Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы темир жол долбоору боюнча меморандумга кол коюшту. Аталган документ бир жылга жетпеген мөөнөттө темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин бекитүүнү карайт. Андан соң Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун жалпы долбоору иштелип чыкмакчы.

Темир жолдун жалпы узундугу 268 чакырымды түзөт. Учурда Кашгар – Эркештам – Ош – Анжиян же Кашгар – Торугарт – Балыкчы – Кара-Кече – Жалал-Абад – Анжиян деген эки багыттагы темир жол каттамы талкууга алынууда.

Кыргызстандын транспорт министринин орун басары Шералы Абдылдаев өкмөт өлкөнүн аймактарын бириктирүүчү каттамда темир жол курууга кызыкдар экендигин белгиледи:

- Бүгүнкү күндө долбоор иштелип чыга элек. Ал кайсы каттам боюнча болоору мына ошол долбоордо гана бекитилет. Биз негизинен Нарын – Балыкчы – Кара-Кече аркылуу өлкөнүн түштүк аймагы менен байланыштыра турган темир жол каттамын изилдеп жатабыз. Мында негизине Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан долбоорунун алкагында мына ошол ички темир жол линиясын куруп алуу биз үчүн маанилүү.

Көздү кызарткан кендер

Кытай тарабы темир жол курулушун өз мойнуна алууну убада кылганы менен бир катар шарттарды коюп жаткандыгы маалым болду. Буга чейин наркы 2 миллиард долларлык темир жолду куруу үчүн Кытай Кыргызстандагы Жетим-Тоо, Сандык жана Терек-Сай кендерин берүүнү талап кылган.

Транспорт министрлигиндеги өз атын атагысы келбеген жооптуу кызматкердин айтымында, Кытай тарабы бул жолку сүйлөшүүдө деле мурдагы койгон талабынан кайткан эмес:

- Бул эми ийгиликтүү ишке ашпай турган долбоорго окшоп калды. Анткени Кытай тарап сүйлөшүүдө мурда койгон позициясын бекем кармап, инвестицияга ресурстарды алмаштыруу дегенге эле такап жатышат. Андан башка варианттарды же сунуштарды карап көрүүгө ынтызар эмес экендиктери ачык эле болуп калды. Анткени кытайлар мына ошол кендерди иштетүүгө аябай кызыкдар болуп жатышат.

Бирок Кыргызстандын өкмөтү улуттук кызыкчылыка туура келбегендиктен Кытайдын койгон шарттары менен макул эмес. Шералы Абдылдаев темир жол курулушун каржылоо үчүн кыргыз өкмөтү кытайлык компанияга башка бир варианттарды карап көрүүнү сунуштагандыгын белгиледи:

- Кандай каражылоо болушу керек деген боюнча биз өзүбүздүн сунуштарды бердик. Мында негизинен темир жолду жеңилдетилген шартта алына турган насыянын эсебинен куруу же биргелешкен ишкана түзүп, ага теңшерик ээлик кылуу сыяктуу маселени көтөрдүк. Кытай тарап биздин ал сунуштарга жообун бере элек. Бирок биздин өкмөт эч убакта кен байлыктарын берүү менен темир жолго инвестиция тартууга барбайт. Бул биздин принципиалдуу позициябыз.

Кыргызстандын мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замир Эсенаманов былтыр темир жол долбоору үчүн аталган үч кенди Кытайга берүү демилгесин көтөргөндүгү үчүн өкмөт башчысынан сөгүш алган болчу.

Тоо-кен өнөр-жайчылар бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев Кытайдын аталган кендерге кызыгып жатышынын себептерине токтолду:

- Жетим-Тоо дүйнөдөгү ири темир кендеринин бири. Анын запасы миллиарддаган тоннага барабар. Темир болгондо да сапаты жагынан айырмаланган сонун темир кени. Албетте мына ошондой кендерге ээлик кылууга Кытай кызыкдар болбой койбойт. Мына ошонун өзүнөн эле алар миллиарддаган доллар киреше түшөөрүн эсептеп коюшкан. Биз темир жол куруу үчүн мына ошол кендерди берүүгө эч убакта макул болбошубуз керек. Бул улуттук саткынчылыкка барабар нерсе. Кезеги келип, кубаты жеткенде Кыргызстан аны өзү иштетип алат.

Темир жол – Кытай үчүн ачкыч

Өкмөт аталган темир жол курулса, Кыргызстан андан жылына транзит үчүн эле 261 миллион доллар киреше табаарын айтып келет. Анткени аталган кыска өткөн темир жол аркылуу Борбор Азия, Кавказ жана Европа өлкөлөрү байланышат. Бирок мында улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жагдайлар орун алышы мүмкүн дегендер да бар.

Ардагер чекист Кубатбек Байболов темир жол экономикалык жактан пайдалуу болгону менен Кыргызстан калкынын демографиялык абалына таасир этиши мүмкүн деп чочулайт:

- Чакан мамлекет үчүн мына ушул долбоорго макулдук берүү канчалык опурталдуу экендигин аныктап чыгыш керек. Анткени кыргыздар 3 миллиондун айланасындагы чакан элбиз. Ал эми Кытайдын 1 миллиард 350 миллион калкы бар. Мына ушундай чоң толкунга темир жол аркылуу эшик ачуу эмнеге алып келиши мүмкүн? Ал жагын да карап көрүш керек. Мына азыр кандай жагымдуу шарттагы сунуш болгондугуна карабастан Казакстан Кытайдын темир жол курулушуна уруксат бербей келатат. Демек мына ошол темир жол аркылуу чоң дарбаза ачылса, элибиздин этникалык курамы кандай болушу мүмкүн?

Кыргызстан аркылуу темир жол курууну президент Акаевдин учурунда да сунуштаган. Бирок анда курулуш акысы үчүн аталган темир жолго 99 жылга чейин ээлик кылуу укугун берүүнү сураган. Андан кийин Бакиев мезгилинде ошол эле темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн аны 49 жылга берүүнү сунуштаган. Бирок мурдагы эки президент тең Кытайдын ал сунуштарынан сылык баш тарткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG