Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:24

Дүйнөлүк банктын адистери Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу өтчү темир жол түшөт деп болжолдонгон аймактарды тик учак менен кыдырып чыкты.

Кыргызстан эл аралык донорлорго темир жол боюнча өзүнүн долбоорун сунуштап жатат. Анда жолду эл жашаган аймактар аркылуу алып өтүп, тоолорду тешүүнү, көпүрөлөрдү курууну азайтуу каралган.

Айрым жергиликтүү эксперттер бул долбоорго атаандаш эл аралык долбоорлор, жолдун курулушун каалабаган өлкөлөр бар экенин айтууда.

Транспорт жана коммуникация министрлиги сунуштаган вариант боюнча темир жол кыйла узарат, бирок үч облуста калк жашаган аймактарды мүмкүн болушунча көбүрөөк аралап өтөт жана курулуш баасы арзан түшөт.

Министр Калыкбек Султанов “Азаттыкка” курган маегинде өздөрү сунуштап жаткан варианттын экономикалык-техникалык корутундусун чыгарып берүүнү сурап, Дүйнөлүк банктын эксперттери чакырылганын айтып берди:

- 2002-жылы Кытай тарап иликтеп, бир багытты аныктаган экен. Ага ылайык, Торугарттан Арпага түшүп, андан кийин Өзгөн аркылуу Кара-Сууга чыгат. Ошол багытта 95 көпүрө, 48 туннель салынып, тоонун башы менен кетет экен. Биз картадан карап, башка багытты изилдегенбиз. Биз аны аныктадык. Анда Торугарттан ылдый түшүп Ат-Башыга, андан Ак-Талааны аралап Казарманга келип, Сузакка, Жалал-Абадга өтөлү деп сунуштап атабыз.

Буга чейин жолдун курулушун каржылоо чоң талкууга түшүп жаткан. Кытай тарап жол үчүн кен байлыктарды сураганы айтылган. Кыргыз бийлиги жол куруунун эки ыкмасын сунуштаган болчу. Анын бири концессия, экинчиси биргелешкен ишкана түзүү. Калыкбек Султанов эки тарап азыр концессия аркылуу курууну макулдашканын билдирди.

- Кытай тараптанбы, же башка жактанбы концессионер, башкача айтканда, жеке компания өзүнүн акчасын, мисалы 1,5-2 миллиард долларын салып жолу куруп, анан 10-15 жылга эсептеп акчасын пайдасы менен чыгарып алып, анан темир жолду бизге өткөрүп берет. Бир гана конценссия жолу менен куруу тууралуу макулдашканбыз.

Эки өлкөнүн ичи чыкпай турат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу 20 жылдан ашык убактан бери айтылып келет. Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта “Кемин” подстанциясын курууну баштап жатып, бул долбоорду тез арада ишке ашыруу керектигин белгиледи:

- Түндүк-түштүктү бириктирген темир жол болуш керек. Темир жол салынып жатканда аны менен кошо кара жол салынышы керек. Муну Кытайдын төрагасы, коңшубуз Өзбекстан да колдоду. Бул долбоорду жакынкы 4-5 жылда жүзөөө ашырыш керек.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн Кыргызстанды аралап өткөн темир жол курууга расмий Бээжин да кызыкдар экенин буга чейин “Азаттыктагы” маегинде билдирген:

- Биздин өкмөттөр эбак эле макулдашкан. Өзбекстан да кызыкдар. Өзбекстан деңизге чыга албайт, бирок Тынч океанга чейин жол кургусу келет. Кыргызстан да деңизге чыкканга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле жүк ташуудан чоң киреше табат. Кытай үчүн да бул пайдалуу долбоор. Анткени Европа, Кавказ жана Орто Азиядагы мамлекеттер менен кызматташтыгыбыз аябай өсүп жатат. Бизде азыр Сибирь жана Казакстан аркылуу каттаган эки жолубуз бар. Бирок алар биздин жүктүн баарын ташыганга үлгүрбөй жатат.

Бирок айрым эксперттерди билдиришинче, Борбор Азияда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна атаандаш долбоор, жол курууга каршы өлкөлөр бар. Экономист Азамат Акелеев Казакстан менен Орусияны атады:

- Биринчиден, Казакстандын аймагынан өткөн долбоорлор. Казакстан өзү Кытайдан Европага өткөн унаа жол куруп жатат. Темир жолу бар. Башка түйүндөрдү куруп жатат. Казакстан албетте өзүн транспорттук түйүн катары көрөт. Ошондуктан алар бизге атаандаш болот. Анан Орусия да көзөмөлдөгүсү келет. Бүгүнкү күндө биздин региондо Кытайдын таасири өсүп баратат. Ошондуктан Орусиянын буга кандайдыр бир бөгөт койгусу келгени көрүнүп турат. ШКУнун соңку жолугушуусунда да бул ниети билинип калды.

Темир жолдун болжолдуу баасы 2 миллиард доллар деп бааланууда. Бийликтер жолду 2018-жылга чейин куруп бүткөрүүнү пландаштырып жатат. Маалыматка ылайык, жол курула баштаса, кеминде 10 миңдей жумушчу орун түзүлмөкчү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG