Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Кытайда бекер окуу мүмкүнчүлүгү


Кытайдагы студенттер
Кытайдагы студенттер

Кытайда окуган кыргызстандык студенттерден түзүлгөн “Патриот KG” коомдук бирикмеси “Феникс” билим берүү борбору менен бирге тил үйрөнүүгө бир жылдык окууга он гранттык орунга сынак жарыялады.

Анын шарттары туурасында “Азаттыкка” “Патриот KG” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурсултан Кубанов жана “Феникс” билим берүү борборунун мүдүрү Абдурахман Матраимов маек курду.

"Азаттык": Гранттык орундар кандайдыр бир Кытай тарап менен болгон келишимдин негизинде бөлүндүбү? Же борбор, бирикмелердин акысыз окууга орун алууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Абдурахман Матраимов: “Феникс” билим берүү борбору Кытайда эки жылдан бери иштеп келатат. Гранттык орундар боюнча келишимдер ал жактагы окуу жайлар менен буга чейин деле түзүлүп келген, бирок алардын саны онго жеткен эмес эле.

Биз быйыл Кытайдын бир нече окуу жайлары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алардын ичинен эки окуу жай оң жообун айтып, кыргызстандык студенттерди акысыз окутууга макулдугун берди. Албетте долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жардамы чоң. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине болсо кат аркылуу кайрылуу жөнөткөнбүз, азырынча жооп келе элек. Бирок биз министрлик маалыматтык колдоо көрсөтөт деген үмүттөбүз.

“Феникс” билим берүү борборунун Фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт
“Феникс” билим берүү борборунун Фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт

Нурсултан Кубанов: Цзыбо шаарындагы эки окуу жай беш орундан он орун бөлүп беришкен. Студенттер биринчи жылы кытай тилин үйрөнүшөт. Андан ары алардын окуудагы жетишкендиктерине карап, студент өзү тандаган адистикке гранттык негизде билимин улантууга мүмкүнчүлүк болот.

"Азаттык": Сынактын жол жобосу, талапкерлерге коюлган талаптарды санап өтсөңөр. Абитуриент эмнеге даяр болушу зарыл?

Абдурахман Матраимов: Жашы жагынан чектөө коюлган, 17 жаштан 25 жашка чейинки каалоочулар гана документтерин тапшыра алышат. Кытай тилин жок дегенде баштапкы дегээлде билүүсү шарт. Кошумча катары англис тилинде эркин сүйлөсө андан жакшы, себеби кытайлар англис тилинде бири-бири менен көп сүйлөшөт.

Нурсултан Кубанов: Сынак эки баскычтан турат. 22-майда Бишкекте, 17-июнда Ошто кабыл алуу сынагынын биринчи туру башталат. Алгач абитуриенттин биз талап кылган документтерин текшеребиз. Документтери туура келгендер экинчи турга жолдомо алышат.

Экинчи турда студенттин Кытай тууралуу түшүнүгүн билүү үчүн тестирлөө өткөрүлөт. Мындан сырткары биз даярдаган темада дил баян жазышат. Кыскасы сынактын жыйынтыгында эки шаардан бештен студент кабыл алынат.

“Феникс” билим берүү борборунун Фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт
“Феникс” билим берүү борборунун Фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт

Абдурахман Матраимов: Эки окуу жай тең Кытайда сапаттуу билим берген мекеме катары белгилүү. Мындан сырткары стипендия, жатакана, жалпылап айтканда, студент үчүн бардык шарттар каралган. Негизи эле кытай тилин өздөштүрөм же ал жакта окуйм дегендер үчүн бул бир жылдык тил курсу маанилүү. Себеби Кытайды көрүп, эли менен жакындан таанышып, тил үйрөнүп, эркин сүйлөп кетүү жеңил болот.

Кытайда билимге умтулган жаштар көп. Жөнөкөй эле мисал: окуу жайда китеп кармап, же китепканада студенттердин кезек күтүп турганын көп көрөсүң.

"Азаттык": Нурсултан, сиз Кытайга мамлекеттик квота менен экинчи жыл дегенде өтүп, билим алып жатасыз. Буга тааныш билиш, акча роль ойногонун айткан элеңиз. Сиздер жарыялап жаткан сынак канчалык деңгээлде акыйкат өтөт деп айта аласыз?

Нурсултан Кубанов: Акыйкатсыздыкка жол бербейбиз деп толук кепилдик бере алам. Татыктууларды гана тандоо үчүн маалымат кампаниясын тынбай жүргүзүп жатабыз. Мындан сырткары абитуриенттердин эмгектерин текшерген атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Алар сынак тапшырылган күнү эле дил баян, тесттин жоопторун текшерип, дароо жыйынтыгын чыгарышат.

Абитуриенттерге кошумча айта кетейин, алар Кытайга сапар тартарда психологиялык жактан да даяр болуу зарыл. Тили, салты, маданияты таптакыр башка калк. Бирок ага карабай, коркпостон окуп келип, өлкөмө жардам берем деген ой менен жөнөгүлө деп айтаар элем. Анын үстүнө тажрыйба сапаттуу билим алган кадрларга талап күчтүү экенин көрсөтүп жатпайбы.

Абдурахман Матраимов: Эгер кошумча суроо же маалымат керек болсо Фейсбуктагы “Патриот KG” бирикмеси жана “Феникс” билим берүү борборунун баракчасынан издесеңиздер болот.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG