Линктер

Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардыруу коопсуздук маселеси, тартип сакчыларынын кыраакылыгы боюнча бир топ суроолорду жаратты. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкуловду кепке тарттык

"Азаттык": Марат мырза, жардырууну ким уюштурушу ыктымал? Алардын Кытай элчилигин тандашынын сыры эмнеде?

Иманкулов: Азыр дүйнөдө көптөгөн эл аралык террористтик-экстремисттик уюмдар бар. Бул Сирияда, Иракта согуш жүргүзүп аткан “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун колунан келиши мүмкүн.

Ооганстандын түндүгүндөгү “Талибан” кыймылынын арасында көп топтор бар. Андагы “Түркистан Ислам кыймылы” деген уюмда кыргызстандыктар, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн, Кытайдын Уйгур-Шинжаң автоном аймагынын жарандары бар. Ошолордун да колунан келиши ыктымал. Эмне үчүн Кытай элчилигине чабуул койгонун айтуу кыйын. Балким ал топтор күчүн көрсөткүсү же кыргыз-кытай мамилесине тоскоолдук кылгысы келдиби же өч алдыбы, нааразычылык билдирүү максатында жасадыбы, айтор айтуу кыйын. Бул жөн гана божомол.

Таңкалычтуусу, биздин атайын кызматка ал жерде бир күн да иштебеген, билим-тажрыйбасы жок адамдарды жетекчиликке коюп атпайбы. Алар өздөрү билбесе кантип оперативдүү иштерди уюштуруп, кесипкөйлөрдү мындай-тигиндей иштегиле дей алат? Элдин, адамдардын коопсуздугун ошол кишиге кантип табыштайбыз?

"Азаттык": Күбөлөр жардыруудан кийинки жалын 30 метрдей көтөрүлдү деп атышат. Жарылуу толкуну кыйла жерге тараганы белгилүү болду. Ушунчалык чоң өлчөмдө жардыруучу зат даярдалып жатканын биздин атайын кызмат кантип көздөн өткөрүп жиберди? Бул жерде алардын кыраакылыгына шек туулуп жатат да?

Иманкулов: Туура. Элчилик шаардын түштүк жагында турат. Толкуну шаардын орто ченине чейин сезилгенине караганда бул жардыргычтын күчү зор. Эки-үч же беш килограмм менен мындай чоң толкун болбойт эле. Биздин атайын кызматтар, укук коргоо органдары мындайды эмнеге болтура албай калганы мен үчүн да табышмак.

Биринчиден, мындай жардыргычты жасаш үчүн атайын даярдыктан өтүү керек. Ал даярдыкты эл аралык террористтик уюмдар Ооганстанда, Сирияда жана Ирактагы базаларында өткөрүшөт. Муну атайын кызматтар жакшы билишет, маалымат бар. Жөнөкөй адамдар жасай алышпайт. Бул ошондой камылгадан өткөндөрдүн гана колунан келет.

Экинчиден, бизде даярдыгы күчтүү балдар, эксперттер, оперативдик кызматтар бар. Ушундай окуялардын алдын ала тургандай кылып ошолордун ишин уюштуруу керек. Аны тиешелүү жетекчи аткарышы керек. Таңкалычтуусу, биздин атайын кызматка ал жерде бир күн да иштебеген, билим-тажрыйбасы жок адамдарды жетекчиликке коюп атпайбы. Алар өздөрү билбесе кантип оперативдүү иштерди уюштуруп, кесипкөйлөрдү мындай-тигиндей иштегиле дей алат? Элдин, адамдардын коопсуздугун ошол кишиге кантип табыштайбыз? Мамлекет жетекчисине жакын адам, берилген адам деп эле ошондойлорду кое бергенде иш оңолбойт. Бул атайын кызматтын ишинин эффективдүүлүгүн да арттырбайт.

Жардыруудан кийин. Бишкек. 29-август

Жардыруудан кийин. Бишкек. 29-август

"Азаттык": Сиз айткандай кылмышты карапайым бирөөлөр эмес, атайын террористтик топтор уюштурса, анда жарылуучу затты сырттан алып кириши ыктымалбы, же Кыргызстанда жасашы мүмкүнбү?

Иманкулов: Билген адамдар үчүн сырттан ташып келүүнүн кажети жок. Турмушта колдонгон заттарды чогултуп эле жардыруучу түзүлүш жасоого болот. Материалдарды айтпай эле коеюн, курал болуп бербеш үчүн. Атайын кызматтар мындай кимдин колунан келерин билет. Демек, күн-түнү оперативдик кызмат иштеши керек эле. Кандай топтор, эмне менен алектенип атат, алардын жүрүш-турушу, байланыштары деген белгилер бар да. Мына ошолорго таянып, алдын ала таап, текшерип, даярдыкка тиешеси болсо кармаш керек болчу. Андай болбой калды.

"Азаттык": ​Жанкечтинин өзүн өзү жардырышы Кыргызстанда биринчи ирет болуп атпайбы. Буга чейин башка өңүттө жардыруулар болуп келген. Дүйнөдөгү теракт окуяларынан улам мындай дагы кайталанбайт деп айтуу кыйын болуп тургандай.

Иманкулов: Эми мындай кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок ушундай теракттардын алдын алуу атайын кызматтардын колунан келиши зарыл. Алар жасашы шарт. Терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдар, КМШ, ШКУдагы мамлекеттердин ортосунда уюмдар бар. Ошолор, кошуна мамлекеттердин атайын кызматтары менен биргеликте ишти уюштуруу абзел. Өзүбүзгө гана ишенип, мындай масштабдуу коркунучтардан сактануу өтө кыйын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG