Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

Кытай кыргыздары: Интернет байланышты ирдентти


Кытай -- Төлөнтур Ыбрай, кызылсуулук кыргыз.

Кытай -- Төлөнтур Ыбрай, кызылсуулук кыргыз.

Кытайдагы кыргыздар менен Ала-Тоодогу кандаштардын маданий алака-катышын чыңдоого салым кошуп жүргөн кызылсуулук жеке ишкер Төлөнтур Ыбрай "Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Төлөнтур мырза, сиз Кыргызстан менен жуңголук кыргыздардын маданий катышын бекемдөө аракетинде жүргөнүңүздү билебиз. Бул иште кандай ийгиликтер болуп жатат?

Төлөнтур Ыбрай: Акыркы он жыл аралыгында Кытай Эл Республикасындагы кыргыздар менен Ала-Тоодогу кыргыздардын ортосунда интернет аркылуу бирин-бири түшүнүү, таанып билүү барган сайын тереңдөөдө. Мындан мурда түбү бирге эки эл бири-бирин жакшы билбейт эле. Учурда бул багытта маалымат алуу, бири-бирине байланышуу абдан жакшырып баратат. Албетте, буга интернет сайттардын тийгизген таасири чоң. Ошол эле учурда кээ бир көйгөйлөр бар. Эки өлкөдөгү бир элдин дагы да эриш-аркак болуп, кенен байланышып кете албаганынын себеби – бул жазуубуздун окшошпостугунда болуп жатат. Биз эми өз алдыбызча биз тарапка кириллица тамгасын көптөп жайылтууга, үйрөтүүгө аракеттерди кылып жүрөбүз.

“Азаттык”: Кандай жол менен?

Төлөнтур Ыбрай: Ушул жылда биз окуучу балдар үчүн кыргызча дептер чыгардык. Дептердин соңку мукабаларына Кыргызстандын кириллица жазуусу менен жуңголук кыргыздардын арап алфавитинин алиппесин киргизгенбиз. Жазууну үйрөнүү максатында.

“Азаттык”: Ошол эле учурда сиз интернеттен арап тамгасында окуган кытайлык кыргыздар үчүн атайын сайт ачып, бүт дүйнөдөгү кыргыздардын интернет байланышын күчөтүү үчүн да аракеттенип жүрөт экенсиз, ошол иш-аракеттин натыйжасы болдубу?

Төлөнтур Ыбрай: Сайт боюнча көптөгөн пландар бар буюрса. Азыр ал боюнча ишке жакшы кирише албай жатабыз. Учурда Кыргызстандагы сайттарга көбүрөк көңүл буруп, ал жактагы жалпы эле кыргыз коомчулугу үчүн керектүү маалыматтарды, макалаларды, бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын жетишкендиктерин бул жактагы арап тамгасы менен чыккан кыргыз тилдүү сайттарга берип жатабыз. Ал материалдар Жунгодогу кыргыз коомчулугун кайдыгер калтырбай, кээ бир маселелер талкууланып турат. Бирок азырынча Кыргызстан менен биз жакты байланыштыра турган толук кандуу сайт тикелене албай жатат. Бирок биз жактын сайттарына да Ала-Тоодогулар биздин жазууга түшүнүшүнчө кирип жатышат. Бирок ага караганда биз тараптагы кыргыз жаштарынан Кыргызстандын интернет сайттарына кирип маалымат алуусу көбүрөөк болууда. Буюрса эки жакты байланыштыруу боюнча сайт түзөлү деп жатабыз.

“Азаттык”: Ал жактагы жаштардан Кыргызстандын сайттарына киргендер көбөйсө демек сиздердин жасап жаткан ишиңиздердин жыйынтыгы чыгып, кириллица тамгасын үйрөнүп алгандар бар экен да. Интернет кытайлык кыргыздар менен кыргызстандык кыргыздардын байланышын чыңдап жаткан турбайбы?

Төлөнтур Ыбрай: Ооба, эки элдин ортосундагы чыгармачылык байлыктарды, айтор жакшы жагынан үлгү алгыдай сапаттарды жайылтсак, бирдин таасири миңге болуп, ал аракет жалпы эле адамзаттын өнүгүшүнө салым кошот деген ишеним бар. Буюрса бул боюнча бизде мыкты, дилгир, ушул ой-максатты тегеректеп жүргөн аракетчил жаштар көп.

“Азаттык”: Биз билгенден сиз Кыргызстандан чыгып жаткан жаңы тасмаларды, ырларды жуңголук кыргыздарга таратуу аракетин көрүп жүрөсүз. Чындыгында бул эки мамлекетте жашаган бир элди тыгыз байланыштыруунун бирден-бир жолу эмеспи...

Төлөнтур Ыбрай: Кудай буюрса бул боюнча көп жылдан бери иштеп келатабыз. Мурда ал жактан ырларды, көркөм тасмаларды ошол жакка каттаган жарандарыбыз диск түрүндө алып келчү. Интернет байланышы жакшыргандан бери биз Кыргызстанда болуп жаткан маданий жаңылыктарды, ыр-күүлөрдү сапаты жакшы, тунук болсо бул жактан эле табактарга көчүрүп, элге тарата баштадык. Кыскасы Кыргызстанда болуп жаткан бардык эле концерттер, көркөм тасмалар бул жактагы кыргыздарга биз аркылуу кенен жетип турат. Андан сырткары элибиз интернет аркылуу Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктардан, радио, теледеги мыкты берүүлөрдөн да куру калбайт.

“Азаттык”: Азыр сиздерде Кыргызстанда тартылган кайсы тасмалар популярдуу?

Төлөнтур Ыбрай: Менимче, “Президент жана бомж”, “Салам Нью-Йорк”, “Аят” деген тасмалар мекенчилдикке үндөгөн жакшы тасмалар. Ошол эле учурда жаштарыбыз көбүнчө комедиялуу кинолорго басым жасашат. Ал эми улуу муундарыбыз тарыхый тасмаларга суусап турушат. “Курманжан датка” тасмасы 31-августтан бери коюлуп жатканынан кабарыбыз бар. Качан көрөбүз, качан бизге келет деп чыдамсыздык менен күтүп турабыз. Негизинен эле өзүбүздүн тарыхыбызды чагылдырган тасмалардын баарына эле улуу, кичүү дебей суусап турабыз. Ал биздин рухубузга, духубузга азык болгонго абдан керек. Өзүбүздүн өзөгөбүздү билүү - баарыбыз үчүн зарыл.

“Азаттык”: Обончу, ырчылардан кимдердин чыгармаларын баалайсыздар?

Төлөнтур Ыбрай: Жаштарыбыз эстрадалык ырларды көп жактырышат. Илияз Абдразаков, Нурлан Насип, Мирбек Атабеков... айтор улам жаңы чыгып жаткан ырчылардын баарын эле жактырып угушат. Биздеги ресторан-кафелерде, тойлордо жалаң гана кыргызча ырларга бийлешет. Көчөлөрдө, телефондорунда, машиналарында да жалаң кыргызча ырлар коюлат. Улуу муундарыбыз болсо Кыргызстанда өтүп жаткан айтыштарды көп көрүшөт. Төкмөлөр: Амантай, Элмирбек , Жеңишбек, Аалы, Азаматтын ырдаганын баалап угушат. Ошол эле учурда бизде КТРКнын “Сармерден” берүүсү өтө эле атактуулукка жетип кеткен. Башка дискти көрүшпөсө да “Сармерденди” кууп жүрүп көрүшөт.

“Азаттык”: Кыргызстанда тартылган тасмалардын, ыр-күүлөрдүн жетиши боюнча маселе жок экен. Ал эми көркөм адабият боюнча талап барбы, кыргызстандык кайсы акын-жазуучулардын чыгармалары окулат?

Төлөнтур Ыбрай: Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдугу чыкпады беле бир жылы. Ошол китеп биз жакта аябай өксүк болуп турат. Ал китепти сураган кишилер көп. Төлөгөн Касымбековдун томдуктары да эл издеп окуган китептерден. Муну менен бирге биз жактагылар кыргыздын тарыхына байланыштуу китептерди Кыргызстандан көп эңсеп турушат.

Ошол эле мезгилде биз жакта өкмөттүн колдоосу менен чыгып жаткан китептер аябай көп. Бизде өкмөт элге керек китептерди атайын долбоорго киргизип, өз эсебинен басып, окурмандарга сунуштайт эмеспи. Бирок чынында окурман аз болуп жатат. Акыркы убактарда жаштардын басымдуу бөлүгү интернетте отурушат. Ошол жактан китеп окугандар да бар. Бирок ток этерин айтканда бул жакта жунго кыргыздарынын алфавитинде чыгып жаткан кыргызча китептер аябай көп. Ошол эле учурда чыккан китептер элге кенен жайылтылбай, окурмандардын колуна тийбей жаткан жагы да бар.

"Азаттык": Кыргыздардын интернет байланышын арттыруу боюнча дагы кандай максаттарыңыз бар?

Төлөнтур Ыбрай: Бул багытта менин жеке кичи ишканамда учурда жакшы бир иш жасалып жатат. Бул ишке өзүм кол салдым. Бул кандай иш дегенде, бүткүл дүйнө жүзүндөгү кыргызга гана тийешелүү сайттардын тизмесин топтоп, түрлөргө бөлүп, алардын тизмесин жасап жатабыз. Бул бүткөндө бир эле баракчадан каалаган тармак боюнча сайтын таап, аны пайдаланганга өтө ыңгайлуу болот. Мисалы анда дүйнө жүзүндөгү кыргызга тийешелүү бардык гезиттердин, журналдардын, теле, радиолордун, маалымат сайттардын баары болот.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз буга чейин Кыргызстанга бир да жолу келбеген экенсиз, алдыда Ала-Тоого келсем деген максатыңыз барбы?

Төлөнтур Ыбрай: Менин Кыргызстанга барам деген тилегим бала кезимден эле бар болчу. Бирок өзүмө такыр эле шарт түзө албай жүрөм. Эми ал жеке турмуштук эле шарттар. Башка тоскоолдуктар деле жок. Кудай буюрса барып калармын...

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG