Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32
Бозо байыртан келе жаткан кыргыздардын кышкы суусундугу. Бабаларыбыз жазда шерине уюштургандай эле, кышта жоро бозо майрамдарын жасай койуп келишкени белгилүү.

Үрүмчү шаарында кыргыз бозосун салып сатуучу “Жайлоо даамдары” аттуу чайкана бар. Чайкананын кожойуну Ахмет Акун уулу Шиңжаңдын Казакстан менен чек арасына чукул Tекес дубанынын Kөк-Tерек айылынан. Үрүмчүгө келип бул чакан чайкананы ачканына үч-төрт жыл гана болгонуна карабай, шаар ичинен үч бөлмөлүү үй жана машина алууга жетишти.

Чакан чайкананын ийгилигин кожоюну кыргыздын тамак-ашынын шириндиги жана дарылык күчү менен байланыштырып түшүндүрөт:

- Биздин чайканага көбүнчө кыргыздын беш бармагы, көктеректик кыргыздардын сый тамагы болгон палоо кесме жана сүттүү чай үчүн баш баккандар арбын. Анан кыргыз элинин байыртан келе жаткан улуттук суусундугунан жазгысын кымыз, жарма, кышкысын бозо үчүн келген кыргыздар көп. Башка улут өкүлдөрү бул суусундуктарды көбүнчө дарылык үчүн ичишет. Айрымдары күн сайын келип турушат. Алардын ичинде бүт Шинжаң элинин сыймыгы болгон атактуу адамдар да бар.

Көк-Терек айылында учурда жыйрмадан ашуун бозокана бар, көпчүлүгүнүн бозосун шаардан атайын машина менен барып алып кетип тургандыктан, кээ бир күндөрү түштөн кийин бозо калбай калган учурлар болот.

Ахметтин айтымында, тек Көк-Терек айылы, же Үрүмчү гана эмес, Түндүк Шинжаңдын батыш кыйырындагы Текес, Кулжа сыйактуу чоң шаарлардан да кыш күндөрү «Кыргыз бозосу» деп жазылган көрнөктөрдү көп эле жерден көзгө сүртүүгө болот. Ахмед мырзанын айтымында, Иле кыргыздары демилге көтөрүп, кыргыз бозосу кытай өкүмөтүнүн бейзаттык (материалдык эмес) мурастар тизмесине киргизилди.

Мындан бир канча жыл мурда Артыш шаарында Кыргызстандан «Шоро» фирмасынын суусундуктары базарга түшкөн. Бирок ал Шинжаңдын түндүк аймагында азырынча белгисиз бойдон калууда.

Бектур Илияс, Үрүмчү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG