Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Мыйзамсыз иштеген кытайлыктар кармалды


9-июлда Аламүдүн райондук милициясы Бишкектин четинде мыйзамсыз иштеп жаткан 35 кытай жаранын кармап, мекенине кайтаруу үчүн сотко берди.

Кармоо маалында каршылык көрсөтпөгөн кытайлык жарандар Кыргызстанга алданып келген. Өз өлкөсүндө жумушсуз жүргөн бул адамдар чочун жерге бет алганда жакшы маяна алабыз деген ишенимде болушкан.

Бишкектин түндүк четиндеги Аламүдүн районунун Гроздь айылына жакын жердеги талаага бардык. Ак топурактан кыш куйган заводду кытай жараны иштетет экен. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз иштеген кытайлык 35 жумушчуну милиция кеңсесине алып жөнөштү. Райондук милициянын ага кызматкери Урмат Жумабеков эмгек мигранттарынын мыйзамды бузган учурларын түшүндүрдү.

- Визасынын мөөнөтү өтүп кеткен. Жумушка уруксат кагазы жок. Бул боюнча бизде маалыматтар бар болчу. Азыр тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүп, документтерин тактап жатабыз. Андан кийин Аламүдүн райондук соту кандай чечим чыгарса, ошондой болот.

Телеканалдарда Орусиядан чыгарылып жаткан кыргыздарды көрсөткөн сыңары Кыргызстанда да кытайлар унаага шыкалып жатты. Кыргыз жарандарына түспөлдөш бул адамдардын элеттен келгени дароо байкалат. Өздөрү тууралуу Кашкардан келген дунгандар экенин айтышты. 3-4 жаштагы уулу артынан ээрчип жүргөн Сциян алданып калышканын билдирди.

- Баарыбызды бригадир алып келген. Бизге шарты, айлыгы жакшы болот деп айтылган. Бул жердин жетекчиси Соня бригадирди алдап койду. Айлыгыбыз 5,5 миң юань (44 миң сомго чукул - ред.).

- Кытайда сиз үчүн жумуш табуу кыйынбы?

- Тапса болот, бирок айлыгыбыз 3-4 миң юань, бул жакта болсо 5-10 миң юань болот деп айтылган. Акыркы учурларда ала элекпиз.

Ал аңгыча заводду иштеткен Соня келе калып, сөзгө аралашты. Ал айлыкты берип жатканын айтып, жумушчусу менен уруша кетти. Анан бизге орус тилинде баарынын акчасын бергенин түшүндүрдү.

- Мына 8-июлга чейинки айлыктарын бердим. Булардын баары бири-бирине тууган. Баласы, анын аялы... Баарынын айлыгын бригадирине бергем. Улам берип, кагазга жазып, кол койдуруп алам. Азыр ал бригадир ооруканада жатат. Мен эч кимди алдаган жокмун. Визасынын мөөнөтү кечээ бүтүп калды, жумушка уруксатты жасатып жатабыз.

Жумушчулар ансыз да айлыгыбызды бербейт деп бир аптадан бери жумушка чыкпай жатышкан экен. Ушул эле заводдун 60-70тей жумушчусу мыйзамсыз иштеп жаткан жеринен эки ай мурда кармалган. Анда мыйзамга ылайык, ар биринен 1000 сомдон айыппул алынган. Эскертүүдөн кийин да документтери жасалбаган соң депортацияланып жатышат.

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды табуу боюнча мамлекеттик органдар менен иштеген “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси ушул кытайлыктар тууралуу маалымат чогултушкан. Анын жетекчиси Замир Көчөрбаев мыйзамсыз мигранттар Кыргызстанда көп дейт.

- Ишканаларга барсаң документи жок иштегендер көп, ошол жактарды текшерип жатабыз. Ошол эле “Дордой”, “Кара-Суу” базарларында, “Таатанда” бар, бирок аларга азырынча күчүбүз жетпейт. Такталбаган маалыматтар боюнча кытайлар контейнерлердин, муздаткычтардын ичине кирип алып чек арадан өтүшөт экен. Ал эми өз көзүбүз менен көргөн факт боюнча булардын көбү ишкерлик визасы менен келишет. Көбүнүкү бүтүп калган болот.

Деген менен Чек ара кызматынын өкүлдөрү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандар жокко эсе дейт. Аталган кызматтын чек араны көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын ага офицери Акылбек Асанкулов буларды билдирди:

- Мамлекеттик чек арадан колунда документи бар адам гана өтө алат. Ал - виза. Мамлекетке киргенден кийин анын мөөнөтү бүтүп калышы мүмкүн, аны миграцияга тиешелүү орган карайт. Чек арада анда-санда мыйзамсыз учурлар болуп калышы ыктымал. Бирок биз бардык чараларды көрүп жатабыз, унаалар катуу текшерилет.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов мигранттардын өлкө аймагына киргенден кийинки көзөмөлү эми күчөй баштаганын белгиледи.

- Бул тармак бизге өткөнүнө аз гана убакыт болду. Ошентсе да республиканын бардык жерлеринде маалымат чогултуу, анализдөө иштерин жасап жатабыз. Мыйзамсыз мигранттар мурда көзөмөлдөнбөптүр. Бул багытта так маалымат жок экенин да моюнга алыш керек. Жашырганда эмне, андайлардын башында колдогон адамдары бар.
Кочкордогу чыр
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Бир нече күн мурда Нарын-Бишкек-Торугарт жолун куруп жаткан, документи жок кытайлыктарга чара көрүү аракети учурунда алар менен кыргыз милициясы чатакташа кеткен. Кен иштеткен кытайлар менен жергиликтүүлөр ортосунда жаңжалдар утур-утур тутанып келет.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков мыйзам чегиндеги иш-аракеттер жасалып жатса, ал эки мамлекет арасындагы дипломатиялык мамилеге доо кетирбейт деп эсептейт.

- Ар өлкө мыйзамына жараша иш кылат. Чет өлкөдөн келген жарандар ошол мамлекеттин мыйзамдарын сыйлаш керек. Бул учурда мамилеге таасир этпейт деп ойлойм. Кыргызстанга мыйзам бузуп келген чет жердик жарандар өз өлкөсүнүн мыйзамын деле бузган болуп эсептелет.

Кыш куйган заводдо иштеген 35 кытайдын тагдыры ушу тапта Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат. Сот аларды кимдин каражатына өлкөсүнө жөнөтүү керек деген маселени да чечет.
Чүйдө иштеген кытайлыктар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

XS
SM
MD
LG